https://sputnik.kg/20250807/1095748011.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлиги бир катар товарга акциздик салыкты акырындан көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык... 07.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-07T11:00+0600
2025-08-07T11:00+0600
2025-08-07T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/07/1095747879_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8046eaf8c750a71eadee2e2e142d4d8a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлиги бир катар товарга акциздик салыкты акырындан көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, 2029-жылдын башына чейин бозо, максым жана жарма үчүн акциздик салык алынбайт. Жаңы салык саясаты боюнча: 2026-жылдан тартып кант кошулган газдалган жана даам берилген суусундуктар үчүн акциз литрине 3 сомдон 4 сомго, 2027-жылы 5 сомго көтөрүлөт; энергетикалык суусундуктар боюнча акциз 6 сомдон 2026-жылы 8 сом, 2027-жылы 10 сом, 2028-жылы 12 сом, 2029-жылы 15 сом болот. Документте белгиленгендей, бул чаралар бюджетке киреше тартуу менен катар калкты зыяндуу суусундуктарды колдонуудан баш тартуусун шарттайт. Ошондой эле демилгечилер айрым импортерлор суусундуктарды "балдар тамагы" катары каттатып, акцизден качканын аныктаган. Мындан улам аларды акцизден бошотуу жана маркалоо талаптарын жокко чыгаруу сунушталып жатат.
ЕАЭБ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмүн үч эсе көбөйттү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. Биримдикке мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга акча каражатынын келип түшүүсү боюнча маалымат мындай: 2021-жыл — 89 миллион доллар; 2022-жыл — 173,2 миллион доллар; 2023-жыл — 183,9 миллион доллар; 2024-жыл — 263,6 миллион доллар. Инвестициянын көбү Россиядан келет. Мисалы, былтыр аталган өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү дээрлик 162 миллион долларды түзгөн.
Ысык-Көл облусундагы Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоору кандайча ишке ашырылып жатканын жеринен көрдү. Долбоор 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө. Президент бул долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоо, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгилеген.
Кремлде Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткоффтун жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Сүйлөшүү үч саатка жакын созулду. Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптардын баарлашуусу пайдалуу жана конструктивдүү болду. “Козголгон темаларга токтоло турган болсок, албетте, украин кризиси каралды. Андан кийин АКШ менен Россиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын келечеги талкууланды”, — деди Ушаков. Путин Украина маселеси боюнча Америка Кошмо Штаттарына айрым сигналдарды берген. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптан да тиешелүү сигналдар алынган. “Учурда биздин президент толук маалыматка ээ, ал эми Трампка бул жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жете элек. Уиткофф бүгүнкү сүйлөшүү тууралуу качан кабардар кыларын байкап туралы. Ошондон кийин гана мен кебимди дагы толуктай алам”, — деди Ушаков.
Экономика министрлиги бир катар товарга акциздик салыкты акырындан көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, 2029-жылдын башына чейин бозо, максым жана жарма үчүн акциздик салык алынбайт. Жаңы салык саясаты боюнча: 2026-жылдан тартып кант кошулган газдалган жана даам берилген суусундуктар үчүн акциз литрине 3 сомдон 4 сомго, 2027-жылы 5 сомго көтөрүлөт; энергетикалык суусундуктар боюнча акциз 6 сомдон 2026-жылы 8 сом, 2027-жылы 10 сом, 2028-жылы 12 сом, 2029-жылы 15 сом болот. Документте белгиленгендей, бул чаралар бюджетке киреше тартуу менен катар калкты зыяндуу суусундуктарды колдонуудан баш тартуусун шарттайт. Ошондой эле демилгечилер айрым импортерлор суусундуктарды "балдар тамагы" катары каттатып, акцизден качканын аныктаган. Мындан улам аларды акцизден бошотуу жана маркалоо талаптарын жокко чыгаруу сунушталып жатат. ЕАЭБ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмүн үч эсе көбөйттү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. Биримдикке мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга акча каражатынын келип түшүүсү боюнча маалымат мындай: 2021-жыл — 89 миллион доллар; 2022-жыл — 173,2 миллион доллар; 2023-жыл — 183,9 миллион доллар; 2024-жыл — 263,6 миллион доллар. Инвестициянын көбү Россиядан келет. Мисалы, былтыр аталган өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү дээрлик 162 миллион долларды түзгөн.Ысык-Көл облусундагы Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоору кандайча ишке ашырылып жатканын жеринен көрдү. Долбоор 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө. Президент бул долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоо, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгилеген. Кремлде Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткоффтун жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Сүйлөшүү үч саатка жакын созулду. Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптардын баарлашуусу пайдалуу жана конструктивдүү болду. “Козголгон темаларга токтоло турган болсок, албетте, украин кризиси каралды. Андан кийин АКШ менен Россиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын келечеги талкууланды”, — деди Ушаков. Путин Украина маселеси боюнча Америка Кошмо Штаттарына айрым сигналдарды берген. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптан да тиешелүү сигналдар алынган. “Учурда биздин президент толук маалыматка ээ, ал эми Трампка бул жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жете элек. Уиткофф бүгүнкү сүйлөшүү тууралуу качан кабардар кыларын байкап туралы. Ошондон кийин гана мен кебимди дагы толуктай алам”, — деди Ушаков.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/07/1095747879_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c8ce50ee2ed674b66c30781c417d7b06.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио