https://sputnik.kg/20250805/tramp-putinge-emnege-kishi-chaptyrdy--1095719096.html
Трамп Путинге эмнеге киши чаптырды
Трамп Путинге эмнеге киши чаптырды
Sputnik Кыргызстан
Жума күнү Трамптын Путинге же Украина менен элдешесиң, же Россияга каршы санкция салынат деген шартынын мөөнөтү аяктайт. Анткен менен эртең-бүрсүгүнү Москвага... 05.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-05T19:17+0600
2025-08-05T19:17+0600
2025-08-05T19:17+0600
дүйнөдө
россия
акш
европа
украина
дональд трамп
шарт
талап
тирешүү
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e9/08/05/1095713334_0:83:1270:797_1920x0_80_0_0_80d6779e90ac8ccf41fe4b2cd4dda688.png
Жума күнү Трамптын Путинге же Украина менен элдешесиң, же Россияга каршы санкция салынат деген шартынын мөөнөтү аяктайт. Анткен менен эртең-бүрсүгүнү Москвага Стивен Уиткоффтун келиши күтүлүүдө, чабарманынын келерин АКШ президенти өзү жар салды. Бул эпке келүүгө соңку аракетпи же "бир басып келген жок" дегенден көрө "келип кетти" аты кылалы дегениби? Россиялык баяндамачы Петр Акоповдун ой толгоосун РИА Новости жарыялады. Уиткоффтун Россияга келбей калганына үч айдан ашты, ага чейинки үч айда төрт ирет келип кеткен. Бул арада Трамптын ою да өзгөрүп, Путинден көңүлү калганын, Россияга каршы санкция киргизүүгө даяр болуп, Украинага курал-жарак көбүрөөк сата баштай турганын (акчасы Евробиримдиктин мойнунда) айтты. Трамп убадалаган чектөөлөрдүн төркүнү маалым деңизчи, ошентсе да басым россиялык энергоресурстардын экспортуна жасаларын боолголоого болот. АКШ лидери Россиядан нефть жана газ сатып алган өлкөлөргө бажы алымдарын көбөйтөм деп коркутууда, мында кеп биринчи кезекте Кытай, Индия жана Түркия тууралуу болуп жатат. Бирок бул үч өлкөнүн бири да Россиядан нефть менен газ сатып алуудан баш тартпайт шекилдүү, анткени бул жерде экономикалык эле эмес, саясий, ал тургай геосаясий кызыкчылыктар айкын. Анын үстүнө америкалыктар опузасын токтотпостон Пекин жана Дели менен жаңы соода шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эми ансыз да жакшы эмес кырдаалды россиялык энергоресурстардан баш тартуу талабы оорлотууда. Бул өз кезегинде кытайлыктар менен индиялыктардын Кошмо Штаттар менен алака-байланышты оң жолго салуу дегеле мүмкүн эмес деген пикирин бекемдеп коеру бышык. Анан Трамп Путинди эмне менен коркутмакчы болууда? Акыркы мезгилде орустар санкциялардан өтө чеберчилик менен кыйгап өтүп жатканын көп айтты. Трамп жаңы чектөө чараларынын майнаптуулугунан күмөн санап жатканын да жашырган жок. Ошентсе да жалпы жонунан президент санкциялар иштейт, Индия аны сактайт деген ойдо турат. Бирок абал АКШ лидери болжогондой эмес: Дели россиялык нефтиден баш тартпай турганын билдирди. Кытай тууралуу унчукпай эле коелу, ал жакта россиялык газ менен нефтинин экспорту өсө бермекчи. Анда Трамптын көздөгөнү эмне? Путин кайсы бир сөзүндө бир нерсеге ашкере берилип, көптү үмүт этип алганда көңүл тез сууй турганын айткан эле. Азыр дал ошондой учур болуп турат. Трамп Украина боюнча маселеде өзүнө ашкере ишенип алган сыяктуу, Россия согушту токтото турууга макул болот деген пикирде эле. Мындай ой кайдан келген? Же Путин Уиткофф менен сүйлөшкөндө, Трамптын өзү менен телефондон баарлашканда ошентип ойлоого негиз берип койгонбу? Албетте, андай болушу мүмкүн эмес, болгону Трамп Путиндин позициясын сураныч, соодалашууга мүмкүнчүлүк катары кабыл алган. Ал эми биздин талап башынан эле так болчу: Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү токтоткула, НАТОго кирбейт деп кепилдик бергиле, Украина Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган федерациянын жаңы субъектилерин Россияга өткөрүп бергиле, бүттү, ок атуу токтойт да, тычтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Бул Россиянын талаптары бир сөз менен тизмектелгени, кененирээгин Путин өткөн жылы ТИМде сүйлөп жатып билдиргенин өткөндө эле эске салды. Трамп ал шарттарды аткара алат беле? Теориялык жактан алганда, ооба, эгер Киев менен Европаны катуураак кысмакка алганда аткара алмак. Бул Атлантиканын өйүз-бүйүзүн каршылаштырып, Киевди тополоңго түшүрмөк, бирок Трамп айтканынан кайтпай көшөрө берсе, акыры элдешүү реалдуулукка айланмак. Бирок АКШ президенти эл көзүнө көрүнө турган кадамдар менен чектелип, Зеленскийди нары-бери кылып, Украина НАТОго кире албай турганын айтып-деп токтоду. Ал эми курал кандай жөнөтүлүп келсе, ошондой жеткириле берди, Европа менен Украинанын ортосундагы аскердик кооперация күчөп, Макрон менен Стармер тирешкен эки тарап элдешери менен Украинага аскердик корпус жөнөтөрүн айтып туруп алышты. Башкача айтканда, Москваны Батыштын жаңжалды токтотуу боюнча кыпындай ниети жок экенине ынандыруу үчүн болгон аракет көрүлдү. Путин ансыз деле Батыш Украинанын нейтралдуу макамына макул болот деп ишенген эмес, атлантисттердин акыркы айлардагы жүрүм-туруму буга далил эле. Айтор, кандай болгон күндө да Россия өз максатынан баш тартпайт. Качан Батыш аларды таанууга даяр болгондо, Москва да чыныгы сүйлөшүүлөрдү баштоого дит коет. Ок атууну токтотуу тууралуу да, тынчтык макулдашуусу, Украинанын согуштан кийинки түзүлүшү, европалык коопсуздук, жаңы дүйнө тартиби тууралуу да ошондон кийин гана кеп болушу мүмкүн. Уиткоффтун боло турган сапарында бул нерселер камтылбайт.
https://sputnik.kg/20250805/chekhiya-prezidenti-ukraina-kanday-shartta-aman-kalaryn-aytty-1095709355.html
акш
европа
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/05/1095713334_0:54:1057:846_1920x0_80_0_0_0c56f3a4506067c42ca9a84b66f147e6.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
дүйнөдө, россия, акш, европа, украина, дональд трамп, шарт, талап, тирешүү, владимир путин, сүйлөшүү, колумнистика
дүйнөдө, россия, акш, европа, украина, дональд трамп, шарт, талап, тирешүү, владимир путин, сүйлөшүү, колумнистика
Жума күнү Трамптын Путинге же Украина менен элдешесиң, же Россияга каршы санкция салынат деген шартынын мөөнөтү аяктайт. Анткен менен эртең-бүрсүгүнү Москвага Стивен Уиткоффтун келиши күтүлүүдө, чабарманынын келерин АКШ президенти өзү жар салды. Бул эпке келүүгө соңку аракетпи же "бир басып келген жок" дегенден көрө "келип кетти" аты кылалы дегениби? Россиялык баяндамачы Петр Акоповдун ой толгоосун
РИА Новости жарыялады.
Уиткоффтун Россияга келбей калганына үч айдан ашты, ага чейинки үч айда төрт ирет келип кеткен. Бул арада Трамптын ою да өзгөрүп, Путинден көңүлү калганын, Россияга каршы санкция киргизүүгө даяр болуп, Украинага курал-жарак көбүрөөк сата баштай турганын (акчасы Евробиримдиктин мойнунда) айтты. Трамп убадалаган чектөөлөрдүн төркүнү маалым деңизчи, ошентсе да басым россиялык энергоресурстардын экспортуна жасаларын боолголоого болот. АКШ лидери Россиядан нефть жана газ сатып алган өлкөлөргө бажы алымдарын көбөйтөм деп коркутууда, мында кеп биринчи кезекте Кытай, Индия жана Түркия тууралуу болуп жатат. Бирок бул үч өлкөнүн бири да Россиядан нефть менен газ сатып алуудан баш тартпайт шекилдүү, анткени бул жерде экономикалык эле эмес, саясий, ал тургай геосаясий кызыкчылыктар айкын. Анын үстүнө америкалыктар опузасын токтотпостон Пекин жана Дели менен жаңы соода шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эми ансыз да жакшы эмес кырдаалды россиялык энергоресурстардан баш тартуу талабы оорлотууда. Бул өз кезегинде кытайлыктар менен индиялыктардын Кошмо Штаттар менен алака-байланышты оң жолго салуу дегеле мүмкүн эмес деген пикирин бекемдеп коеру бышык.
Анан Трамп Путинди эмне менен коркутмакчы болууда? Акыркы мезгилде орустар санкциялардан өтө чеберчилик менен кыйгап өтүп жатканын көп айтты. Трамп жаңы чектөө чараларынын майнаптуулугунан күмөн санап жатканын да жашырган жок. Ошентсе да жалпы жонунан президент санкциялар иштейт, Индия аны сактайт деген ойдо турат. Бирок абал АКШ лидери болжогондой эмес: Дели россиялык нефтиден баш тартпай турганын билдирди. Кытай тууралуу унчукпай эле коелу, ал жакта россиялык газ менен нефтинин экспорту өсө бермекчи. Анда Трамптын көздөгөнү эмне?
Путин кайсы бир сөзүндө бир нерсеге ашкере берилип, көптү үмүт этип алганда көңүл тез сууй турганын айткан эле. Азыр дал ошондой учур болуп турат. Трамп Украина боюнча маселеде өзүнө ашкере ишенип алган сыяктуу, Россия согушту токтото турууга макул болот деген пикирде эле. Мындай ой кайдан келген? Же Путин Уиткофф менен сүйлөшкөндө, Трамптын өзү менен телефондон баарлашканда ошентип ойлоого негиз берип койгонбу? Албетте, андай болушу мүмкүн эмес, болгону Трамп Путиндин позициясын сураныч, соодалашууга мүмкүнчүлүк катары кабыл алган. Ал эми биздин талап башынан эле так болчу: Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү токтоткула, НАТОго кирбейт деп кепилдик бергиле, Украина Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган федерациянын жаңы субъектилерин Россияга өткөрүп бергиле, бүттү, ок атуу токтойт да, тычтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Бул Россиянын талаптары бир сөз менен тизмектелгени, кененирээгин Путин өткөн жылы ТИМде сүйлөп жатып билдиргенин өткөндө эле эске салды. Трамп ал шарттарды аткара алат беле?
Теориялык жактан алганда, ооба, эгер Киев менен Европаны катуураак кысмакка алганда аткара алмак. Бул Атлантиканын өйүз-бүйүзүн каршылаштырып, Киевди тополоңго түшүрмөк, бирок Трамп айтканынан кайтпай көшөрө берсе, акыры элдешүү реалдуулукка айланмак. Бирок АКШ президенти эл көзүнө көрүнө турган кадамдар менен чектелип, Зеленскийди нары-бери кылып, Украина НАТОго кире албай турганын айтып-деп токтоду. Ал эми курал кандай жөнөтүлүп келсе, ошондой жеткириле берди, Европа менен Украинанын ортосундагы аскердик кооперация күчөп, Макрон менен Стармер тирешкен эки тарап элдешери менен Украинага аскердик корпус жөнөтөрүн айтып туруп алышты. Башкача айтканда, Москваны Батыштын жаңжалды токтотуу боюнча кыпындай ниети жок экенине ынандыруу үчүн болгон аракет көрүлдү. Путин ансыз деле Батыш Украинанын нейтралдуу макамына макул болот деп ишенген эмес, атлантисттердин акыркы айлардагы жүрүм-туруму буга далил эле.
Айтор, кандай болгон күндө да Россия өз максатынан баш тартпайт. Качан Батыш аларды таанууга даяр болгондо, Москва да чыныгы сүйлөшүүлөрдү баштоого дит коет. Ок атууну токтотуу тууралуу да, тынчтык макулдашуусу, Украинанын согуштан кийинки түзүлүшү, европалык коопсуздук, жаңы дүйнө тартиби тууралуу да ошондон кийин гана кеп болушу мүмкүн. Уиткоффтун боло турган сапарында бул нерселер камтылбайт.