https://sputnik.kg/20250805/1095713864.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар эми төлөгөн салыгы кайда короп жатканын онлайн көрө алышат. Тиешелүү платформаны "Салык Сервис" мекемеси даярдаган. Анда жарандардын салыктары... 05.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-05T13:00+0600
2025-08-05T13:00+0600
2025-08-05T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/05/1095713732_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3b07839099a402c6737b2e2a50bb150a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар эми төлөгөн салыгы кайда короп жатканын онлайн көрө алышат. Тиешелүү платформаны "Салык Сервис" мекемеси даярдаган. Анда жарандардын салыктары кандайча инфраструктурага же социалдык колдоого айланып жатканын көрүүгө болот. Ал үчүн my.salyk.kg дарегине кирип, аты-жөнүн жана төлөгөн салыктын суммасын жазат. Ошондо акча кайда кеткенин көрүүгө мүмкүн болот.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөштүрүп онлайн-форматка өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Демилге ашыкча бюрократияны жоюу, жарандардын убактысын үнөмдөө максатын көздөйт. Касымалиев учурда күбөлүктү алмаштырууга кеминде төрт күн убакыт кетип жатканын, XXI кылымда мындайга жол берилбеши керектигин белгилеген. "Биз процессти толугу менен онлайн-форматка өткөрүшүбүз керек. Бардыгы "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлүшү зарыл. Жаңы реформа айдоочулук күбөлүктү алмаштырууну үйдөн чыкпастан 5-10 мүнөттүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүндүк берет", — деген министрлер кабинетинин төрагасы. Белгилей кетсек, 2024-жылы 124 520 айдоочулук күбөлүк берилген болсо, анын 54 481и алмаштырылган.
Россия эми өзүн орто жана кыска аралыктан атылуучу ракеталарды жайгаштыруу келишиминде каралган чектөөлөргө байланбайбыз деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости ТИМге шилтеме кылып жазды. Орто жана кыска аралыктан атылуучу ракеталардан улам орто, ошондой эле кыска аралыкка атылуучу баллистикалык жана канаттуу ракеталар жасалбайт, өндүрүлбөйт жана аларды кое берүүчү түзүмдөр орнотулбайт деп сүйлөшүлгөн. Мамлекеттин башчысы бул жаатта конкреттүү чараларды кабыл алмакчы. Ага америкалык жана Батыштын башка мамлекеттеринин орто жана кыска аралыктан атылуучу ракеталарды жайгаштырып жатканы боюнча жасалган ведомство аралык анализ негиз болот. Андан сырткары, эл аралык коопсуздук жана стратегиялык туруктуулук жаатындагы жалпы кырдаалдын кандай өңүттө бара жатканы да каралмакчы.
Украина мындан ары өмүр сүрүшү үчүн аймактарынан кол жууганын моюнга алышы керек. Мындай пикирин Чехия президенти Павел ВВС агенттигине маек куруп жатып айтты."Биз анын көз карандысыз, эгемен мамлекет катары сакталып калышын каалайбыз. Киев эгемендүүлүгүн сактап калуу үчүн аймактарынан ажырашы керек болсо, демек, ошондой болушу кажет. Украина азыр Батыштын колдоосуна карабастан жоготкон аймактарын кайтарып ала турган абалда эмес", — деген өлкө башчысы. Эскерте кетсек, Крым 2014-жылдын мартында Украинадагы төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдан соң Россиянын карамагына өткөн. Жалпы добуш берүүдө Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы, Севастополдо 95,6 пайызы Россияга кошулууну колдошкон. Украина жарым аралды өзүнүн убактылуу оккупацияланган аймагы деп эсептейт, бул маселеде көптөгөн Батыш өлкөлөрү Киев тарапта. Өз кезегинде Москва Крымдагы добуш берүү демократиялык талаптарга, эл аралык укукка жана БУУнун Уставына толук шайкеш келгенин бир нече жолу билдирген. Путин белгилегендей, Крым маселеси биротоло жабылган.
Кыргызстандыктар эми төлөгөн салыгы кайда короп жатканын онлайн көрө алышат. Тиешелүү платформаны "Салык Сервис" мекемеси даярдаган. Анда жарандардын салыктары кандайча инфраструктурага же социалдык колдоого айланып жатканын көрүүгө болот. Ал үчүн my.salyk.kg дарегине кирип, аты-жөнүн жана төлөгөн салыктын суммасын жазат. Ошондо акча кайда кеткенин көрүүгө мүмкүн болот.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөштүрүп онлайн-форматка өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Демилге ашыкча бюрократияны жоюу, жарандардын убактысын үнөмдөө максатын көздөйт. Касымалиев учурда күбөлүктү алмаштырууга кеминде төрт күн убакыт кетип жатканын, XXI кылымда мындайга жол берилбеши керектигин белгилеген. "Биз процессти толугу менен онлайн-форматка өткөрүшүбүз керек. Бардыгы "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлүшү зарыл. Жаңы реформа айдоочулук күбөлүктү алмаштырууну үйдөн чыкпастан 5-10 мүнөттүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүндүк берет", — деген министрлер кабинетинин төрагасы. Белгилей кетсек, 2024-жылы 124 520 айдоочулук күбөлүк берилген болсо, анын 54 481и алмаштырылган. Россия эми өзүн орто жана кыска аралыктан атылуучу ракеталарды жайгаштыруу келишиминде каралган чектөөлөргө байланбайбыз деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости ТИМге шилтеме кылып жазды. Орто жана кыска аралыктан атылуучу ракеталардан улам орто, ошондой эле кыска аралыкка атылуучу баллистикалык жана канаттуу ракеталар жасалбайт, өндүрүлбөйт жана аларды кое берүүчү түзүмдөр орнотулбайт деп сүйлөшүлгөн. Мамлекеттин башчысы бул жаатта конкреттүү чараларды кабыл алмакчы. Ага америкалык жана Батыштын башка мамлекеттеринин орто жана кыска аралыктан атылуучу ракеталарды жайгаштырып жатканы боюнча жасалган ведомство аралык анализ негиз болот. Андан сырткары, эл аралык коопсуздук жана стратегиялык туруктуулук жаатындагы жалпы кырдаалдын кандай өңүттө бара жатканы да каралмакчы. Украина мындан ары өмүр сүрүшү үчүн аймактарынан кол жууганын моюнга алышы керек. Мындай пикирин Чехия президенти Павел ВВС агенттигине маек куруп жатып айтты."Биз анын көз карандысыз, эгемен мамлекет катары сакталып калышын каалайбыз. Киев эгемендүүлүгүн сактап калуу үчүн аймактарынан ажырашы керек болсо, демек, ошондой болушу кажет. Украина азыр Батыштын колдоосуна карабастан жоготкон аймактарын кайтарып ала турган абалда эмес", — деген өлкө башчысы. Эскерте кетсек, Крым 2014-жылдын мартында Украинадагы төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдан соң Россиянын карамагына өткөн. Жалпы добуш берүүдө Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы, Севастополдо 95,6 пайызы Россияга кошулууну колдошкон. Украина жарым аралды өзүнүн убактылуу оккупацияланган аймагы деп эсептейт, бул маселеде көптөгөн Батыш өлкөлөрү Киев тарапта. Өз кезегинде Москва Крымдагы добуш берүү демократиялык талаптарга, эл аралык укукка жана БУУнун Уставына толук шайкеш келгенин бир нече жолу билдирген. Путин белгилегендей, Крым маселеси биротоло жабылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/05/1095713732_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_205cfc7364780a7c463650d9a7202574.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио