00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономиканын өсүшү эки жылдан бери дүйнөлүк орто ченден жогору болууда. Бул туурасында ЕЭК министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, бул биримдик 185 миллион керектөөчүнү чогултуп бирдиктүү рынок түзгөндүгү — өнүгүүнүн катализатору болду. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы өткөн жылы төрт пайызга өскөнүн кошумчалады.
ОСАГО менен жүргүнчү ташуучулардын камсыздандыруу полиси эки башка нерсе. Бул тууралуу ЖКККББнын транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, бул эки нерсени айдоочулар көп учурда чаташтырып жатышат. "ОСАГО полиси — бул автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Эгер айдоочу жол кырсыгына кабылып, күнөөлүү болсо, камсыздандыруу компаниясы жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берет. Бирок бул полис жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна келтирилген зыянды жаппайт", — деди Самбаев. Ал белгилегендей, эгер айдоочу жүргүнчү ташуучу катары иштесе, анда жүргүнчүлөрдү өзүнчө камсыздандырышы керек. Бул камсыздандыруу боюнча ар бир жүргүнчүгө кенемте төлөнөт. Мында айдоочу күнөөлүү болобу же жокпу — маанилүү эмес. Ошондой эле Самбаев таксисттер үчүн Кыргызстанда лицензия алуу үчүн: айдоочулук күбөлүк (кеминде үч жылдык тажрыйба менен); техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк; медициналык маалым кат; соттолбогондугу тууралуу маалым кат; жүргүнчүлөрдү ташууда жоопкерчиликти камсыздандыруу полиси; ОСАГО полиси талап кылынарын эске салды. Лицензиясыз жүргүнчү ташууга 7,5 миң сом (юридикалык жактарга 23 миң сом) айып каралганы кошумчаланды.
Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы менен жүргөн поезддердин коопсуздугун күчөтүү максатында камералар орнотулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, бул камералар "Коопсуз шаар" системасына кошулган. Мындан улам эреже бузгандарды кыска убакыт аралыгында табууга болот. Эске салсак, 25-июлда түндө бейбаштар Токмокто турган бир нече, анын ичинде VIP-вагондорду да таш бараңга алышкан. Терезелер соккуга туруктуу материалдан болгондуктан сынган эмес, бирок жарака кеткен. Кийин күнөөлүүлөр табылган.
Бостеридеги айланма дөңгөлөк аттракционундагы кооптуу абал боюнча комиссия иш алып барып, анын иштөөсүнө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан атайын комиссия түзүлүп, аттракцион жайгашкан жерге барып текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аттракцион ээсине бир нече талаптар коюлуп, алар толук аткарылганга чейин аттракционду иштетүүгө тыюу салынды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коомчулукту коопсуздук эрежелерин сактоого жана мындай учурларда ыйгарым укуктуу органдарга дароо кабарлоого чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0