00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Киноблог
«Агент Келлин»: может ли новогодняя комедия говорить о наркотиках и семейных конфликтах
20:05
52 мин
Ачык кеп
Жерге кам көрүп, түшүмдү мол ал — жер семирткичти кайсы убакта берген дурус?
21:05
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Ысык-Көл облусундагы пансионаттарга, жеке менчик эс алуу үйлөрүнүн ар бирине медициналык пункт түзүү талабы коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева жергиликтүү радиолордун бирине билдирди.Анын айтымында, медпунктта сөзсүз дарыгер жана медайым болушу керек. “Учурда эс алуучу жайларда медициналык тез жардам көрсөтүү пункттарын түзүү боюнча иш алып барып жатабыз. Андан тышкары, минкабдын атайын буйругунун негизинде бир нече мекемелер тарабынан көлдүн тегерегиндеги пансионат, жеке менчик эс алуу үйлөрүнүн жардам көрсөтүү деңгээлин текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Өлкө боюнча тез жардам бригадалары уюштурулган. Мисалы, Бишкек-Ош жолундагы токойлуу делген 114 чакырымда 3, Төө-Ашууда 2, Чычкан капчыгайында 3, Бишкек-Торугат жолундагы Боом капчыгайынын ичинде 4, Каракол-Эңилчек жолунда 1 медициналык бригада бар. Анткени, жайкысын көлдө эс алуучулардын саны көп болгондуктан Боомдун ичине 4 бригада унаасы менен коюлган”,- деди Ибраева. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 3, Балыкчыда 1, Караколдо 3, Түп районунда 2, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң районунда бирден медпункттар бар экендиги кошумчаланды.
“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы бош орундарга жумушчуларды кабыл алууну жарыялайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, жумушчуларды кабыл алуу кадрлар резервин толуктоо жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө. Ачык вакансиялар: • IT бөлүмүнө адис – 1 орун • Атайын техника айдоочусу (категориялар: D, E, C) – 4 орун • Күзөтчүлөр – 8 орун • Оңдоочулар (ремонтчулар) – 10 орун • Короо тазалоочу – 1 орун • Автобус айдоочулары – 500 орун Эгерде сиз ушул тармакта иштөөгө кызыкдар болсоңуз же кеңири маалымат алгыңыз келсе, төмөнкү номуруна байланышыңыз: 0770 25 93 39 Ишкананын дареги: Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү, 4/1Б.
Россия кыргыз экономикасына салым кошкон эң ири инвесторлордун бири болуп саналат. Бул тууралуу Россиянын элчиси Сергей Вакунов Түбөлүк достук жөнүндө декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына карата "Слово Кыргызстана" гезитине курган маегинде билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы Россиянын республикага салган инвестициясы 75 пайызга өсүп, дээрлик 280 миллион долларды түздү. 2025-жылдын январь-мартында россиялык инвестиция катары дагы 55,9 миллион доллар түшкөн. Энергетика, тоо-кен тармагы, өнөр жай, электрондук соода тармактарында долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкөдө россиялык капиталдын катышуусунда 1 700дөн ашык ишкана иштейт. "Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) да маанилүү роль ойнойт. Анын каржылык колдоосу менен 800 миллион доллардан ашык суммага ГЭСтерди, курулуш материалдарын чыгаруучу жана тамак-аш азыктарын кайра иштетүүчү заводдорду, тигүү фабрикаларын курууну камтыган 3,5 миңден ашык демилге ишке ашырылды", — деди Вакунов. Ал Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү экенин баса белгиледи. Былтыр өз ара товар жүгүртүү 25,3 пайызга көбөйүп, 3,89 миллиард долларды түздү.
Жаңылыктар түрмөгү
0