00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Жол кайгуул милициясы өзгөчө комбинациядагы номер тагууга тыюу салынганын эскерттиТрамп ЕБ менен соода келишимин түзгөнүн жар салдыКыргыз-азербайжан кызматташтыгынын келечеги талкууландыАлдыда кененирээкТышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, саясий диалогду бекемдөөгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту, ошондой эле өз ара сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Көп тараптуу түзүмдөрдүн, анын ичинде БУУ, ТМУ, ШКУ жана АӨИЧК уюмдарынын алкагында өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине артыкчылыктуу көңүл бурулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өзгөчө комбинациядагы номерлерди тагууга тыюу салынганын эскертти. Башкармалык Чолпон-Атада өткөрүлгөн рейд учурунда жаш айдоочуларды туура багытка үндөөгө чакырды. "Өлкөбүз өнүгүү жолунда бара жаткан келечектүү мамлекет экендигин эске алып, унааларга VOR, SEX, OPG, TJK, LOX, ZEK сыяктуу өзгөчө комбинациядагы номерлерди тагууга тыюу салынгандыгын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый комплексинин кызматкерлеринин маянасына 100 пайыз үстөк төлөнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган. Документте чечим 1-июндан тартып күчүнө киргени белгиленген. Финансы министрлигине 2025-жылдын жети айына карата кошумча 4 миллион 70 миң сом бөлүү тапшырылды. Мындай каражаттар кийинки жылдары да бюджетте каралуусу керектиги айтылган Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине тиешелүү чараларды көрүү, ал эми президенттин администрациясына токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.
Өзбекстанда жакырчылыктын деңгээли 2025-жылдын 1-июлуна карата 6,8 пайызды түздү. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин жетекчилигинде өткөн жумуш менен камсыз кылууга арналган жыйында айтылды, деп маалымдайт өлкө башчысынын бама сөз кызматы. Жыл башынан бери 3 миллионго жакын адам туруктуу кирешелүү ишке тартылды. Банктар менен аймактардын тыгыз кызматташуусу жана кесиптик билим берүүнү өркүндөтүү багытындагы аракеттер өз жемишин бере баштады. Кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн үч баскычтуу система киргизилип, онлайн курстар, "кесиптик ваучерлер" аркылуу кайра даярдоо мүмкүнчүлүгү сунушталат. Ошондой эле иш берүүчүлөр менен кызматташтык кеңейип, жумушка орноштуруу санариптик негизде жүргүзүлөт.
Ак үйдүн жетекчиси Дональд Трамп АКШ менен ЕБ ортосунда соода келишими түзүлгөнүн билдиргенин РИА Новости жазды. Бул кабарды президент Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен жолукканда айткан. Макулдашуунун маанилүү жерлери: Брюссель Вашингтон менен соода жүргүзүү үчүн өз рыногун бажы төлөмдөрү нөл болгон коюм менен ачууну макулдашты; Евробиримдик АКШдан 750 миллиард долларга энергетикалык ресурстарды сатып алууга макул болду; АКШ менен ЕБ бажы алымдары боюнча бирдиктүү 15 пайыздык коюмду сүйлөштү. "Бул — көп өлкөлөрдү камтыган ири келишим" деп белгилешти тараптар; Европа АКШдан чоң көлөмдөгү аскердик техника сатып алмакчы. Мындан тышкары, Евробиримдик АКШга 600 миллиард доллар инвестиция салууга макул болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0