00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек мэри Айбек Жунушалиевди кадр тандоодо чабал экенин айтып, сындады. Камчыбек Ташиев Пригородное айылын кыдырып, айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бакыт Шеримбеков паркты жасоого үч жыл катары менен тендер өткөрүп, үчөөндө тең акчасын жеп алганын айткан. Ташиев Бишкек мэри Жунушалиеге Шеримбековду кийин муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө башчы кылып дайындап койгонуна нааразы болгон."Сиз бирөөнү кызматка коёрдо карабайсызбы. Демек, кадр тандоодо тажрыйбаңыз жок экен. Тендер өткөрүп паркка деген акчаны жеп алган кишини чоң кызматка коюп койгонсуз. Парк боюнча эки кылмыш иши козголгон. Анык коррупционерди шаардын мүлкүн караган кызматка коюп алгансыз. Кадр тандоону билиш керек, кадр тандаганды билбегендин айынан мамлекет ушундай болуп жатат", — деген УКМК төрагасы. Ташиев мурдагы айыл өкмөт башчысын ошол жерден эле камоону буйруган.
Быйыл ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө түшүмдүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу жогору болот. Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы аба ырайынын жагымсыз шарттарынан улам жалпы түшүм аз болгон. "Былтыр дан эгиндеринин түшүмү азайганы менен ЕАЭБ боюнча ички муктаждык ички өндүрүштүн эсебинен толугу менен камсыздалган," — деди Барсегян "Российская газета" басылмасына берген маегинде. Министр былтыр түшүм аз болсо да уюмдун муктаждыгы импортсуз жабылганын кошумчалады.
Сентябрь айынын аягында октябрдын башында Россиянын Новосибирск шаарында "Кыргызстандын товарларынын жумалыгы" аттуу жарманке өтөт. Буга байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги азык-түлүк өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды жана соода компанияларын аталган жарманкеге катышууга чакырат. Жарманке 4-5 күн катары менен Новосибирск шаарынын борбордук аянттарынын биринде өтөт. Жарманкеде товар өндүрүүчүлөр үчүн өндүмдөрдү Россиянын ири рыногуна көрсөтүүгө, жаңы сатып алуучулар жана өнөктөштөр менен таанышууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Катышууну каалагандар министрликтин экспорт жана интеграция боюнча бөлүмүнө кайрыла алышары кошумчаланды.
Бүгүн, 16-июлда саат 07:27де Талас облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Маалымат боюнча, жер титирөөнүн күчү Калба, Атай Огонбаев, Кара-Суу, Көк-Кашат айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген, ал эми Козучак, Жон-Арык, Кызыл-Туу, Ак-Жар, Ак-Сай, ЧатБазар, Сасык-Булак айылдарында жана Талас шаарында — 3 баллга сезилген.
Россия Дүйнөлүк банктын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң ири экономикалар рейтингинде төртүнчү орунун сактап калды. Бул ички дүң продукциянын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети эске алынган көрсөткүч. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия экономикасы 6 триллион 920 миллиард долларга бааланган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик жарым триллионго көп. Биринчи үч орунду Кытай — 38 триллиондон ашуун, АКШ — 29 триллион жана Индия — 16,2 триллион доллар менен ээледи.Бешинчи орунда турган Япония Россиядан 514 миллиард долларга артта калганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0