https://sputnik.kg/20250619/1094741328.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2026-окуу жылында мугалимдер менен методисттердин айлыгы көтөрүлүп, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кызматтык автоунаалар берилет. Бул тууралуу агартуу... 19.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-19T08:59+0600
2025-06-19T08:59+0600
2025-06-19T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/13/1094741196_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a2489fcffd15b1e2c948a4f65181df68.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2026-окуу жылында мугалимдер менен методисттердин айлыгы көтөрүлүп, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кызматтык автоунаалар берилет. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.Ал айлыктын так суммасын атаган эмес.Ал ошондой эле бийликке агартуучулардын атынан ыраазылык билдирген.
Жасалма интеллектинин негизинде "Айтил" платформасы ишке кирди. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин айтымында, платформа жана ага байланыштуу программалар 4 жылдын ичинде даярдалды. "Айтилдин" негизги функциялары: Текстти үнгө айландыруу — жазылган текстти табигый үндө кыргызча окуп берет; Үндү текстке айландыруу — маектерди, баяндамаларды жана аудиоматериалдарды автоматтык түрдө кыргыз тилиндеги текстке өткөрөт; Котормо кызматы — кыргыз тили менен 10 башка тилдин ортосунда котормо жүргүзөт; Чат-бот — колдонуучуга кыргыз тилинде маалымат берип, суроолорго жооп кайтаруучу акылдуу жардамчы катары иштейт; Видео котормо кызматы — видеолорду чечмелеп, мамлекеттик тилде субтитр же котормо сунуштайт; Кыргызча OCR кызматы — сүрөт же документтен кыргыз тилиндеги текстти таанып, даяр текстке айлантат.
Москвада юбилейлик, онунчу эл аралык "Арт-футбол — 2025" футбол-музыка фестивалы аяктады. Бул тууралуу Бишкектеги Русский дом уюмунан билдиришти.Иш-чара 16 өлкөдөн келген артисттерди, актерлорду, шоу бизнестин өкүлдөрүн бириктирди. Алардын арасында Кыргызстандын курама командасы дагы бар. Катышуучулар спорттук чеберчилик менен гана эмес, чыгармачылыкта да күч сынашып, калыстар тобунун алдында жаркын, өзгөчө концерттик программаларды тартуулашты. Кыргызстандан барган команда фестивалга үчүнчү ирет катышууда. Быйыл ата мекендик курама команда эң мыкты концерттик программасы үчүн Гран-приге ээ болду. Калыстар тобу ошондой эле кыргыз командасына "эң мыкты ырчы" номинациясы боюнча алтын медаль ыйгарды.Абил Байгазиев турнирдин мыкты чабуулчусу деп табылды.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын толугу менен багынып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, Тегеран "көз салуучу мыкты жабдууга" жана көп сандагы башка коргонуучу техникага ээ, "бирок мунун баары америкалык курал-жарактын жанында шоона эшпейт". "Курал-жаракты Америкадай болуп эч ким мыктап жасай албайт", — деген Ак үйдүн ээси. АКШ президентинин айткандарынын урунттуу учурлары: Ирандын аба мейкиндиги азыр толугу менен Кошмо Штаттардын көзөмөлүндө; Ирандын руханий лидери аятолла Али Хименеинин кайда экени белгилүү. Вашингтон аны жок кылууну көздөбөйт,Трамп иран маселесин чечүүгө америкалык аскерлерди аралаштырууну каалабайт, бирок чыдамы түгөнүп баратат.АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча истребителдерди жөнөтүп, ал жактагы авиациялык күчтөрдүн жүрүү мөөнөтүн узартты. Америкадан келген учактар F-16, F-22, F-35 моделдерин камтып, абадан коргонуучу каражаттын компоненти болуп саналат. РИА Новости берген маалымат боюнча, Вашингтон, мындан тышкар
2025-2026-окуу жылында мугалимдер менен методисттердин айлыгы көтөрүлүп, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кызматтык автоунаалар берилет. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.Ал айлыктын так суммасын атаган эмес.Ал ошондой эле бийликке агартуучулардын атынан ыраазылык билдирген.Жасалма интеллектинин негизинде "Айтил" платформасы ишке кирди. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин айтымында, платформа жана ага байланыштуу программалар 4 жылдын ичинде даярдалды. "Айтилдин" негизги функциялары: Текстти үнгө айландыруу — жазылган текстти табигый үндө кыргызча окуп берет; Үндү текстке айландыруу — маектерди, баяндамаларды жана аудиоматериалдарды автоматтык түрдө кыргыз тилиндеги текстке өткөрөт; Котормо кызматы — кыргыз тили менен 10 башка тилдин ортосунда котормо жүргүзөт; Чат-бот — колдонуучуга кыргыз тилинде маалымат берип, суроолорго жооп кайтаруучу акылдуу жардамчы катары иштейт; Видео котормо кызматы — видеолорду чечмелеп, мамлекеттик тилде субтитр же котормо сунуштайт; Кыргызча OCR кызматы — сүрөт же документтен кыргыз тилиндеги текстти таанып, даяр текстке айлантат.Москвада юбилейлик, онунчу эл аралык "Арт-футбол — 2025" футбол-музыка фестивалы аяктады. Бул тууралуу Бишкектеги Русский дом уюмунан билдиришти.Иш-чара 16 өлкөдөн келген артисттерди, актерлорду, шоу бизнестин өкүлдөрүн бириктирди. Алардын арасында Кыргызстандын курама командасы дагы бар. Катышуучулар спорттук чеберчилик менен гана эмес, чыгармачылыкта да күч сынашып, калыстар тобунун алдында жаркын, өзгөчө концерттик программаларды тартуулашты. Кыргызстандан барган команда фестивалга үчүнчү ирет катышууда. Быйыл ата мекендик курама команда эң мыкты концерттик программасы үчүн Гран-приге ээ болду. Калыстар тобу ошондой эле кыргыз командасына "эң мыкты ырчы" номинациясы боюнча алтын медаль ыйгарды.Абил Байгазиев турнирдин мыкты чабуулчусу деп табылды.АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын толугу менен багынып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, Тегеран "көз салуучу мыкты жабдууга" жана көп сандагы башка коргонуучу техникага ээ, "бирок мунун баары америкалык курал-жарактын жанында шоона эшпейт". "Курал-жаракты Америкадай болуп эч ким мыктап жасай албайт", — деген Ак үйдүн ээси. АКШ президентинин айткандарынын урунттуу учурлары: Ирандын аба мейкиндиги азыр толугу менен Кошмо Штаттардын көзөмөлүндө; Ирандын руханий лидери аятолла Али Хименеинин кайда экени белгилүү. Вашингтон аны жок кылууну көздөбөйт,Трамп иран маселесин чечүүгө америкалык аскерлерди аралаштырууну каалабайт, бирок чыдамы түгөнүп баратат.АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча истребителдерди жөнөтүп, ал жактагы авиациялык күчтөрдүн жүрүү мөөнөтүн узартты. Америкадан келген учактар F-16, F-22, F-35 моделдерин камтып, абадан коргонуучу каражаттын компоненти болуп саналат. РИА Новости берген маалымат боюнча, Вашингтон, мындан тышкар
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/13/1094741196_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_17c0036b45db7e902f1f6f9be5950a3d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио