https://sputnik.kg/20250530/1094284152.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо борборунда 13 жаштагы балага бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди... 30.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-30T08:59+0600
2025-05-30T08:59+0600
2025-05-30T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1e/1094284020_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cde67d3c5e6de4d8eaf3eb18e703e094.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо борборунда 13 жаштагы балага бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, операция 13 жаштагы балага жасалган. Ал 2024-жылдан бери диализге муктаж болуп келген. Донор 49 жаштагы атасы болгон. Анын бөйрөгү атайын ыкма менен алынган. Бул кан жоготууну азайтып, бейтаптын тезирээк калыбына келишине шарт түзөт. Учурда бала өзүн жакшы сезип, реабилитациядан өтүп жатат. Министрлик бул окуяны педиатриялык трансплантология тармагындагы маанилүү жетишкендик катары баалады. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — Кыргызстанда балдарга бөйрөк трансплантациясын жасаган жалгыз медициналык мекеме. 2012-жылдан бери бул жерде 70ке жакын операция жүргүзүлгөн. 2022-жылы атайын трансплантология бөлүмү ачылып, 2024-жылдан тартып операциялар мамлекеттик бюджеттен каржылана баштаган. Бул ата-энелер үчүн олуттуу каржылык жеңилдик жараткан.
Аскер кызматкери болгусу келген жаштар көбөйдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башкы тарбия иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Сарбанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, аскердик окуу жайларда билим алгысы келгендердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. "Азыр бизде кызмат өтөгүсү келген жаштар көбөйдү. Мурда бул жаатта өксүктөр бар эле. Бүгүнкү күндө каалоочулардын катары калыңдап калды. Ошондой эле учурда аскер кызматкери болгусу келгендер да көп. Буга чейин Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде эмгектенгем. Ал жерде билим алгысы келген жаштардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын көрдүм. Бир орунга 10-12 талапкер туура келет", — деди Сарбанов. Ошондой эле ал аскер окуу жайларында билим берүүнүн деңгээли да өсүп жаткандыгын белгиледи.
Бишкекте 2 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында марафон өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, жарыш, 1-июнда өтөт. Ага 2 жаштан 16 жашка чейинки балдар катыша алат. Анын алкагында 2-5 жаштагы балдар 300 метр, 6-8 жаштагылар 500 метрге, 9-12 жаштагылар 1 чакырымга, 13-16 жаштагы өспүрүмдөр 3 чакырымга чуркайт. Ошондой эле көрүүчүлөр жана коноктор үчүн оюн аянтчалары, сахна коюлуп, концерттик иш-чара, сынактар орун алат. Жарыш Абдымомунов көчөсүндө өтөт. Милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп, “Тез жардам” кызматынын дарыгерлери күзөтөт.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украина боюнча макулдашуу аракеттерин бекерге кетирип албоо үчүн Россияга карата санкцияларды киргизбей тургандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Келишимге аз калды деп эсептеп тургандыгымдан улам буга чейинкилерди жокко чыгаргым келбейт. Ишенсеңер, мен силер айтып жаткан адамдардан алда канча катаалмын", — деген Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатып. Ак үй башчысы, андан сырткары, зарылчылыгы болсо Россия лидери Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен жолугушууга даяр экендигин билдирг
Эне жана баланы коргоо борборунда 13 жаштагы балага бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, операция 13 жаштагы балага жасалган. Ал 2024-жылдан бери диализге муктаж болуп келген. Донор 49 жаштагы атасы болгон. Анын бөйрөгү атайын ыкма менен алынган. Бул кан жоготууну азайтып, бейтаптын тезирээк калыбына келишине шарт түзөт. Учурда бала өзүн жакшы сезип, реабилитациядан өтүп жатат. Министрлик бул окуяны педиатриялык трансплантология тармагындагы маанилүү жетишкендик катары баалады. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — Кыргызстанда балдарга бөйрөк трансплантациясын жасаган жалгыз медициналык мекеме. 2012-жылдан бери бул жерде 70ке жакын операция жүргүзүлгөн. 2022-жылы атайын трансплантология бөлүмү ачылып, 2024-жылдан тартып операциялар мамлекеттик бюджеттен каржылана баштаган. Бул ата-энелер үчүн олуттуу каржылык жеңилдик жараткан. Аскер кызматкери болгусу келген жаштар көбөйдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башкы тарбия иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Сарбанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, аскердик окуу жайларда билим алгысы келгендердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. "Азыр бизде кызмат өтөгүсү келген жаштар көбөйдү. Мурда бул жаатта өксүктөр бар эле. Бүгүнкү күндө каалоочулардын катары калыңдап калды. Ошондой эле учурда аскер кызматкери болгусу келгендер да көп. Буга чейин Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде эмгектенгем. Ал жерде билим алгысы келген жаштардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын көрдүм. Бир орунга 10-12 талапкер туура келет", — деди Сарбанов. Ошондой эле ал аскер окуу жайларында билим берүүнүн деңгээли да өсүп жаткандыгын белгиледи. Бишкекте 2 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында марафон өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, жарыш, 1-июнда өтөт. Ага 2 жаштан 16 жашка чейинки балдар катыша алат. Анын алкагында 2-5 жаштагы балдар 300 метр, 6-8 жаштагылар 500 метрге, 9-12 жаштагылар 1 чакырымга, 13-16 жаштагы өспүрүмдөр 3 чакырымга чуркайт. Ошондой эле көрүүчүлөр жана коноктор үчүн оюн аянтчалары, сахна коюлуп, концерттик иш-чара, сынактар орун алат. Жарыш Абдымомунов көчөсүндө өтөт. Милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп, “Тез жардам” кызматынын дарыгерлери күзөтөт. АКШнын президенти Дональд Трамп Украина боюнча макулдашуу аракеттерин бекерге кетирип албоо үчүн Россияга карата санкцияларды киргизбей тургандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Келишимге аз калды деп эсептеп тургандыгымдан улам буга чейинкилерди жокко чыгаргым келбейт. Ишенсеңер, мен силер айтып жаткан адамдардан алда канча катаалмын", — деген Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатып. Ак үй башчысы, андан сырткары, зарылчылыгы болсо Россия лидери Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен жолугушууга даяр экендигин билдирг
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1e/1094284020_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_385e80b159a640347093f335e001b5ba.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио