https://sputnik.kg/20250523/1094162496.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Баткенде зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүу өнөр жайы министрлигинен билдиришти... 23.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-23T08:59+0600
2025-05-23T08:59+0600
2025-05-23T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/17/1094162364_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6ca2ce366aa39fe0bc5125720814ec54.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Баткенде зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүу өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, изилдөө иштери жүргүзүлүп, 12 миң 750 га аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталган. Анын ичинен 5 миң га аянтта химиялык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мындай иштер химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Баткен облустук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өткөрүлүп жатат. "Бул чаралар чегирткелердин аймактын айыл чарбасына, экономикасына жана социалдык жашоосуна, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүсүн алдын алуу болуп саналат. Химиялык иш чараларга 3 техника тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарындагы айрым мектептерде 1- жана 2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 3-май күнү Бишкек шарындагы №29 мектепте текшерүүнүн жыйынтыгында бошогон орундар ачылат. Ал эми башка мектептер боюнча Бишкек шаардык мэриясы жана Билим берүү департаменти тарабынан кошумча квоталар жана так мөөнөттөр такталып жатат. “Жарандардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын расмий булактарындагы кошумча маалыматка көз салып турууну жана анык маалыматты гана эске алууну суранабыз”, - деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, буга чейин Билим берүү министрлиги Бишкектеги 20дан ашуун мектепте 1- жана 2-класстар үчүн кошумча орундар ачыларын кабарлаган.
Бишкекте эне-балага колдоо көрсөтө турган "Эне үйү" ресурстук борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, борбордо ымыркайлары бар энелерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, аялдарга психологиялык жана юридикалык жактан жардам берилет. Ошондой эле борбор энелерге документтерди калыбына келтирүүгө, жумушка орношууга жана коомго аралашууга көмөктөшөт."Эне үйү" борборунун ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова, саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, кризистик борборлордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Эмгек министрлиги «Эне Үйү» үй-бүлөлүк кризистердин алдын алуу жана энелер менен балдарга системалуу колдоо көрсөтүү жаатында өлкөдө алгачкы жана маанилүү социалдык демилге экенин кабарлады.
Венгрия парламенти өлкөнүн Эл аралык кылмыш сотунан чыгуусун жактырды. Бул тууралуу РИА Новости жогорку мыйзам чыгаруу органынын сайтындагы маалыматтарга таянып билдирди. Мыйзам долбоорун 134 депутат колдоп, 37 депутат "каршы", жетөө "калыс" добуш берди. Документти парламентке тапшырган Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто өзүнүн негиздемесинде "Будапешт эл аралык уюмдарды, өзгөчө кылмыш сотторун саясий максаттарда пайдаланууну чечкиндүү түрдө четке кагат" деп билдирди. Ал ошондой эле Эл аралык кылмыш сотунун Рим статуту венгриялык гезитте жарыяланбаганын, бул улуттук мыйзамдардын бир бөлүгү эмес экенин көрсөтө турганын белгиледи. Венгриянын Эл аралык кылмыш сотунан чыгуу чечимин премьер-министр Виктор Орбан апрелдин башында жарыялаган.
Баткенде зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүу өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, изилдөө иштери жүргүзүлүп, 12 миң 750 га аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталган. Анын ичинен 5 миң га аянтта химиялык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мындай иштер химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Баткен облустук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өткөрүлүп жатат. "Бул чаралар чегирткелердин аймактын айыл чарбасына, экономикасына жана социалдык жашоосуна, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүсүн алдын алуу болуп саналат. Химиялык иш чараларга 3 техника тартылган", - деп айтылат маалыматта.Бишкек шаарындагы айрым мектептерде 1- жана 2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 3-май күнү Бишкек шарындагы №29 мектепте текшерүүнүн жыйынтыгында бошогон орундар ачылат. Ал эми башка мектептер боюнча Бишкек шаардык мэриясы жана Билим берүү департаменти тарабынан кошумча квоталар жана так мөөнөттөр такталып жатат. “Жарандардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын расмий булактарындагы кошумча маалыматка көз салып турууну жана анык маалыматты гана эске алууну суранабыз”, - деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, буга чейин Билим берүү министрлиги Бишкектеги 20дан ашуун мектепте 1- жана 2-класстар үчүн кошумча орундар ачыларын кабарлаган. Бишкекте эне-балага колдоо көрсөтө турган "Эне үйү" ресурстук борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, борбордо ымыркайлары бар энелерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, аялдарга психологиялык жана юридикалык жактан жардам берилет. Ошондой эле борбор энелерге документтерди калыбына келтирүүгө, жумушка орношууга жана коомго аралашууга көмөктөшөт."Эне үйү" борборунун ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова, саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, кризистик борборлордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Эмгек министрлиги «Эне Үйү» үй-бүлөлүк кризистердин алдын алуу жана энелер менен балдарга системалуу колдоо көрсөтүү жаатында өлкөдө алгачкы жана маанилүү социалдык демилге экенин кабарлады. Венгрия парламенти өлкөнүн Эл аралык кылмыш сотунан чыгуусун жактырды. Бул тууралуу РИА Новости жогорку мыйзам чыгаруу органынын сайтындагы маалыматтарга таянып билдирди. Мыйзам долбоорун 134 депутат колдоп, 37 депутат "каршы", жетөө "калыс" добуш берди. Документти парламентке тапшырган Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто өзүнүн негиздемесинде "Будапешт эл аралык уюмдарды, өзгөчө кылмыш сотторун саясий максаттарда пайдаланууну чечкиндүү түрдө четке кагат" деп билдирди. Ал ошондой эле Эл аралык кылмыш сотунун Рим статуту венгриялык гезитте жарыяланбаганын, бул улуттук мыйзамдардын бир бөлүгү эмес экенин көрсөтө турганын белгиледи. Венгриянын Эл аралык кылмыш сотунан чыгуу чечимин премьер-министр Виктор Орбан апрелдин башында жарыялаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/17/1094162364_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_15fc6fa6bb258b40d8cef4000ab6859c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио