00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Какой вуз выбрать: в Кыргызстане составили рейтинг вузов по востребованным профессиям
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
ЕАЭБде жумушсуздукту жоюу боюнча Кыргызстан алдыда – Элди ишти менен камсыздоо үчүн кандай долбоорлор даярдалды?
09:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ко Дню России: что даёт Кыргызстану стратегическое партнёрство с Москвой
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Республикада 391 оорукананын өрт коопсуздугу текшерилди — быйыл өртжылдагыдан көп болуп жатабы?
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как решить проблему смога: что мешает чистому воздуху в Кыргызстане?
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кан донорлору — баатырлар! Кан тапшыруу маданияты жандана баштадыбы?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Сигареты убивают и экономику: как повысить налоги ради здоровья
16:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Навигация, нефть, рынок: чем живет ЕАЭС спустя 10 лет — беседа с министром ЕЭК
18:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Өлкө экономикасын өстүрүүдө илимдин иши кандай жүрүүдө?
19:06
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кан донорлору — баатырлар! Кан тапшыруу маданияты жандана баштадыбы?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Акыркы жылдары Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттоосу дээрлик эки эсе өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы республика интеграциялык бирикменин мүчөлөрүнө 791 миллион долларлык товар саткан. Былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 476 миллион долларга жеткен. Ушул убакыт аралыгында жалпы экспорттун көлөмү да болжол менен 40 пайызга өскөн. 2024-жылы Кыргызстан 3,8 миллиард доллардан ашык акчага продукция экспорттогон.
Москвадан окуп келген актерлорго Ош шаарынан ипотекалык батир берилери айтылды. Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев актерлорго берилчү ипотекалык үйдү көрсөтүп, 1-июлга даярдап коерун убадалаган.Эскерте кетсек, 22 актер Москвадагы Михаил Щепкин атындагы театралдык институтту бүтүрүп келишкен. Алар эми Ош улуттук драма театрында иштешери кабарланган. Жаш актерлор Кыргызстандын Маданият министрлиги менен аталган институттун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде окуп келишкен. Театрдын директору Керимбек Калыкулов жамаатка кошулган адистерге чоң ишеним артылып жатканын белгилеген.
Өлкөдө 10-июндан баштап "Нелегал" аталышындагы рейд жүрүп, чет элдиктер текшерилерин атайын кызматтан билдиришти. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин төрагалыгында мекемелер аралык жыйын өткөн. Анда өлкөдөгү миграциялык абал талкууланган. Жыйындын жүрүшүндө Ташиев өлкөдөгү саясий-коомдук абалдын жакшырышынан улам мигранттардын саны өсүп жатканын айтты. Маселен, жыл башынан бери 61 миң турист, 30 миң студент, 12 миң эмгек мигранты, 10 миң киши ишкердик, үй-бүлөлүк шарттар менен келген. Ал эми беш миң адам мыйзамсыз киргени белгиленди. "Көпчүлүк чет элдиктер турист же студент катары кирип, мыйзамсыз иштешүүдө. Айрым ишканалар жана окуу жайлар мигранттардын виза мөөнөтүн узартпай, чет элдиктер начар абалда жашап жатат. Бул алардын мыйзамды, коомдук тартипти бузушуна алып келүүдө", — деп айтылат маалыматта. Буга байланыштуу 10-июнда "Нелегал" рейди жүргүзүлөт. Ага чейин документтер мыйзамдаштырып туураланышы, болбосо чет элдиктер өлкөдөн өз алдынча чыгып кетиши керектиги кошумчаланган.
Россия менен АКШ президенттеринин сүйлөшүүсү Европанын, Украинанын саясий позициясына оңбогондой зыянын тийгизди. Бул туурасында Reuters агенттигине шилтеме кылып РИА Новости жазды. "Украина менен анын өнөктөштөрү Трампты өздөрүнө жакындатабыз деп бир нече ай убара болду, бирок көздөгөнү ишке ашкан жок. Киев ошондой эле Ак үй башчысынын АКШ ортомчулук кылууну чектейт деген сөзүнө тынчсызданып жатат", — деп айтылат маалыматта. Муну менен катар эле европалык саясатчылар Трамптын Путинге эч кандай шарт, талап койбогонуна таң калганы айтылган. Дүйшөмбү күнү кечинде Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон эки саатка чукул сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Россия лидери Москва согушту токтотуу максатындагы Киев менен түзүлгөн меморандум боюнча иштөөгө даярдыгын айткан. Ак үйдүн башчысы диалогдон кийин жаңжалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айтып, Россияга карата жаңы санкциялар болбостугун жар салды.
Жаңылыктар түрмөгү
0