00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
1 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Монеты из желудка, новый эндоскоп и нехватка кадров: будни главного детского медцентра Кыргызстана
18:11
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
19:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Меняющие мир
Поисковики с Алтая и Кыргызстана восстанавливают судьбы солдат Великой Отечественной
20:09
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Көптөгөн балдар логопеддин жардамына муктаж. Мамлекет социалдык көйгөйдү кантип чечет
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Россиянын ички иштер министрлери жолукту. ИИМдин Басма сөз кызматынын кабарлашынча Москва шаарында Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиялык кесиптеши Владимир Колокольцев менен жолуккан. Анда Мекеме башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүшкөн. ошондой эле мыйзамсыз миграция, кибер кылмыштуулук менен күрөшүү, наркобизнес, эл аралык издөө жана башка темалар боюнча маектешишкен. Владимир Колокольцев Улан Ниязбековду Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз элинин жеңишке кошкон чоң салымын белгиледи. Эки министр тең кызматташтык достук жана конструктивдүү маанайда экенин белгилешти.
Казакстандык ишкер Ерканат Жумабеков издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп шектелүүдө. "Шектүү маркум Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз "иштерин" билип туруп, КМШ өлкөлөрүндө өзүнүн бизнесин өркүндөтүү үчүн кримтөбөл менен достошкон. Жумабеков Ысык-Көлдөгү "Барс" эс алуу борборунда Көлбаев менен жолугушуп, кримтөбөлдүн туугандары Алматыга барганда аларды сыйлаган", — деп жазылат маалыматта. Казакстандык ишкерге сыртынан камакка алынгандан кийин издөө жарыяланганы кошумчаланды.
Бишкекте 17-май күнү Балдарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук жарманкеси өтөрүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Иш-чара саат 10.00дөн 15.00гө чейин Курманжан датканын эстелигинин алдында болот. Анда ар өлкөдөн чыккан сувенирлер, улуттук тамаш-аш менен суусундук тартууланат. Түшкөн акча кайрымдуулукка жумшалмакчы. Жарманкени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусу менен уюштурууда.
Россия президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган Россия делегациясынын курамын бекиткенин Кремль кабарлады. Маалыматта делегацияны өлкө башчынын жардамчысы Владимир Мединский жетектей турганы айтылат. Ошондой эле анын курамына бул адамдар кирген: ТИМ башчысынын орун басары Михаил Галузин; Россия Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков; коргоо министринин орун басары Александр Фомин. Путин, мындан тышкары, эксперттердин курамын да бекиткен. Тизмеге Генштабдын маалымат башкармалыгынын башчысынын орун басары Александр Зорин, президенттин гуманитардык чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Елена Подобреевская, ТИМдин КМШ мамлекеттери боюнча департаментинин директору Алексей Полищук кирди. Буга чейин NV радиосу Россия менен сүйлөшүү үчүн Түркияга бара турган украин делегациясын Владимир Зеленский жетектеп, аны кеңсесинин башчысы Андрей Ермак, орун басары Игорь Жовква, коргоо министри Рустем Умеров жана өлкөнүн тышкы иштер министри Андрей Сибига коштоп барарын кабарлаган. Жолугушуу демилгеси Путинге таандык. Россия лидери эки тараптын эч кандай алдын ала шарты жок эле сүйлөшүүлөрдү жандантууну өткөн жумада сунуштаган. Жолугушуунун жүрүшүндө ок атуу токтоп калышы мүмкүн экенин да четке каккан эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0