https://sputnik.kg/20250513/1093937617.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы Кыргызстан менен Россиянын "Достук" паркына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлап... 13.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-13T11:00+0600
2025-05-13T11:00+0600
2025-05-13T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0d/1093937485_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_413c6982066ab7d997ca93f78b08986e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы Кыргызстан менен Россиянын "Достук" паркына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлап, видеосун жарыялады.Маалыматка ылайык, мамлекет башчы сейил бакты кыдырып, тургундар менен баарлашкан. Жапаров жергиликтүү бийликти жана жашоочуларды шаардагы тазалыкты, тартипти сактоого чакырып, калаага кам көрүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталарын белгиледи.Кечээтен бери мамлекет башчы эки күндүк жумушчу сапар менен Жалал-Абад облусунда жүрөт. Анын алкагында МИКтин 879 батиринин ачкычын тапшырып, бүгүн аэропорттун курулушунун капсуласын салары айтылган.
Өлкөдө "Кыргыз мунай компаниясы" ишканасы түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-майда кол койгон. Маалыматка ылайык, ишкана өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздай турганы күтүлүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине караштуу компаниянын уставы бекитилип, Юстиция министрлигинде каттала турганы белгиленген. Чечимдердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө президенттик администрацияга жүктөлдү.
МИК аркылуу Бишкектен алынган батирди аймактагы турак жайга алмаштырып, кеңейтсе болот, бирок региондогу үйдү борбор калаадагыга алмаштырууга болбой турганын Садыр Жапаров Жалал-Абадда тапшырылган батирлерди кыдырган маалда билдирди. ӨКМдин үч балалуу кызматкери эки бөлмөлүү батир алганын уккан өлкө башчы үй ээсине үч бөлмөлүүсүн алса болмоктугун айткан."Жарым, бир жылдан кийин тапшырып, башка үч комната алсаң болот. "Кеңейтүү" деген программасы бар, баары эске алынган. Бишкекке алмаша албайсың, борбор калаадан региондорго алмашса болот", — деди Жапаров.Буга чейин өлкө башчы элге батирди алына карап алууну, кийин кеңейтүү мүмкүндүгү болорун айткан.
Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны Эверестти ийгиликтүү багындырышы менен видеобайланыш аркылуу куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Касымалиев Асел Байбагышеванын эрдигине, кайраттуулугуна жана жогорку чеберчилигине чын жүрөктөн суктангандыгын билдирди. Анын өзгөчө жетишкендиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына чыныгы белек болгонун жана чечкиндүүлүк менен кайраттуулуктун үлгүсү экенин белгиледи. Минкаб төрагасы Эверестти 54 саатта багындыруу альпинисттин жеке жеңиши гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя экенин айтты.
Батыш өзү мойнуна албаса да Россияны жок кылуу боюнча стратегиясы кыйрап, тилеги ишке ашкан жок. Бул туурасында венгр премьери Виктор Орбан айтканын РИА Новости жазды."Батыштын Россияны жок кылууга багытталган стратегиясы талкаланды. Муну мойнуна алууга эч кимдин эрки жетпей турат. РФ экономикасы кыйраган жок, санкция максатына жетпей калды, ал эми орустар Украинанын НАТОго киришине тоскоол болду", — деген Орбан Европа өлкөлөрүнүн спикерлеринин конференциясында. Анын айтымында, Батышка "жаңы стратегия менен европалык күчтүү лидерлер, улуттук парламентке сый менен жасалган мамиле зарыл".Орбан 2024-жылы ноябрда батыш цивилизациясынын үстөмдүк кылган беш жүз жылдык доору аяктаганын, дүйнөнүн бардыгын батышташтыруу стратегиясы ийгиликсиз болгонун айткан. Эми дүйнөлүк экономиканын борбору Чыгышка оогонун, кийинки кылым Евразиянын кылымы болорун белгилеген.
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы Кыргызстан менен Россиянын "Достук" паркына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлап, видеосун жарыялады.Маалыматка ылайык, мамлекет башчы сейил бакты кыдырып, тургундар менен баарлашкан. Жапаров жергиликтүү бийликти жана жашоочуларды шаардагы тазалыкты, тартипти сактоого чакырып, калаага кам көрүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталарын белгиледи.Кечээтен бери мамлекет башчы эки күндүк жумушчу сапар менен Жалал-Абад облусунда жүрөт. Анын алкагында МИКтин 879 батиринин ачкычын тапшырып, бүгүн аэропорттун курулушунун капсуласын салары айтылган.Өлкөдө "Кыргыз мунай компаниясы" ишканасы түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-майда кол койгон. Маалыматка ылайык, ишкана өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздай турганы күтүлүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине караштуу компаниянын уставы бекитилип, Юстиция министрлигинде каттала турганы белгиленген. Чечимдердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө президенттик администрацияга жүктөлдү.МИК аркылуу Бишкектен алынган батирди аймактагы турак жайга алмаштырып, кеңейтсе болот, бирок региондогу үйдү борбор калаадагыга алмаштырууга болбой турганын Садыр Жапаров Жалал-Абадда тапшырылган батирлерди кыдырган маалда билдирди. ӨКМдин үч балалуу кызматкери эки бөлмөлүү батир алганын уккан өлкө башчы үй ээсине үч бөлмөлүүсүн алса болмоктугун айткан."Жарым, бир жылдан кийин тапшырып, башка үч комната алсаң болот. "Кеңейтүү" деген программасы бар, баары эске алынган. Бишкекке алмаша албайсың, борбор калаадан региондорго алмашса болот", — деди Жапаров.Буга чейин өлкө башчы элге батирди алына карап алууну, кийин кеңейтүү мүмкүндүгү болорун айткан.Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны Эверестти ийгиликтүү багындырышы менен видеобайланыш аркылуу куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Касымалиев Асел Байбагышеванын эрдигине, кайраттуулугуна жана жогорку чеберчилигине чын жүрөктөн суктангандыгын билдирди. Анын өзгөчө жетишкендиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына чыныгы белек болгонун жана чечкиндүүлүк менен кайраттуулуктун үлгүсү экенин белгиледи. Минкаб төрагасы Эверестти 54 саатта багындыруу альпинисттин жеке жеңиши гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя экенин айтты.Батыш өзү мойнуна албаса да Россияны жок кылуу боюнча стратегиясы кыйрап, тилеги ишке ашкан жок. Бул туурасында венгр премьери Виктор Орбан айтканын РИА Новости жазды."Батыштын Россияны жок кылууга багытталган стратегиясы талкаланды. Муну мойнуна алууга эч кимдин эрки жетпей турат. РФ экономикасы кыйраган жок, санкция максатына жетпей калды, ал эми орустар Украинанын НАТОго киришине тоскоол болду", — деген Орбан Европа өлкөлөрүнүн спикерлеринин конференциясында. Анын айтымында, Батышка "жаңы стратегия менен европалык күчтүү лидерлер, улуттук парламентке сый менен жасалган мамиле зарыл".Орбан 2024-жылы ноябрда батыш цивилизациясынын үстөмдүк кылган беш жүз жылдык доору аяктаганын, дүйнөнүн бардыгын батышташтыруу стратегиясы ийгиликсиз болгонун айткан. Эми дүйнөлүк экономиканын борбору Чыгышка оогонун, кийинки кылым Евразиянын кылымы болорун белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0d/1093937485_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_90748325d91989c2ffd1736bc7f19981.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио