00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
16 000 сом сый акы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мыйзамсыз курал алып жүрүүдө мыйзам эмне дейт?
11:05
40 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Археология, музеи и кражи: кто охраняет прошлое
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Не просто расстройство: чем опасны кишечные инфекции и как их лечить
14:05
61 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Победа с масштабом ЕАЭС: студент КРСУ признан лучшим на международном конкурсе
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Студенттер жайкы эс алууда эмне менен алектенишет?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что ждать от форума ЕАЭС в Минске: экономика, бизнес, перспективы
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Алыкул менен Мидиндин мамилеси жакшы болгон. Куйкум сөздү Мидин Алыбаевден “чоңдор” эмнеге чочулаган?
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Социальные гарантии и патенты: что изменит правила игры для мигрантов
20:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шабдан баатыр тууралуу 13 факт. Падыша Александр III такка отуруу аземине чакырган

© предоставлено Центральным Госархивом КРШабдан Жантай уулу
Шабдан Жантай уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2025
Жазылуу
Шабдан Жантай уулу өз мезгилинин кыраакы жана алдыны көрө билген прогрессивдүү адамы катары тарыхый булактарда да, оозеки санжыраларда да, адабий көркөм чыгармаларда да айтылып келет. Анын аты менен ар дайым "баатыр" деген эпитет коштолуп жүрөт.
Ошол Шабдан баатыр 1912-жылы 12-апрелде 73 жашында каза болгон. Осмонаалы Сыдыковдун "Тарыхи кыргыз Шадмания" деген китебинде жазганы боюнча, жазга жуук, кечки намазга азан айтылганда башын бир көтөрүп алып, анан жаны үзүлгөн экен.
Биз бүгүн Шабдан баатыр тууралуу 13 фактыны сунуштайбыз.
Шабдан атактуу тукумдун баласы. Ал 1839-жылы 29-октябрда Чоң-Кемин өрөөнүндө, азыркы Шабдан айылында туулган. Ошол эле кезде туулган жерин Чүй өрөөнүнүн Көк-Жар жайлоосу, дагы бирөөлөр Ысык-Көлдүн Ак-Суусуна жакын Туюк-Булак деген жери деп көрсөтүп келет. Атасы атактуу манап Жантай хан болуп, ал Карыбектин уулу, теги калмактар менен урушта далай эрдик көрсөткөн Атаке бийге, Тынай бийге барат. Сарыбагыш уруусунун башчыларынын баарында акылмандык, баатырдык, элбашылык сапаттар болгон. Жантай хан алты аял алган, анын бири атактуу Ак Мөөр сулуу, ошол алты аялдын он эки баласынын бири Шабданды жашынан эле атасы эл башкарар уул кылып тарбиялайт. 1850-жылы Шабданды Бишкектеги бек Атабек Коконго Мала хандын ордосуна кызмат кылуу үчүн эшик ага кылып жиберген. Мына ошол кан ордодо тарбияланган баргы Алымбек, солто Байсейит, бугу Кыдыр ж.б. жигиттер кийин атактуу бектер жана бийлер болуп чыккан. Андыктан да буларды кайда болбосун "хан көргөндөр", "ханга кызмат кылгандар" дешкен.
Узун-Агачтагы Кастек чеби үчүн урушка кирген. Кокон сарбаздары Россия Падышалыгынын аскерлеринин жолун тосуу үчүн Кастек чебине чабуул жасоодо Канаат-Шаанын жана Алымбек датканын колунун курамында Шабдан баатыр, Байтик баатыр да кокондуктар тарап болуп согушка кирген. Бул 1860-жылдагы урушта хандыктын колу орус аскерлерине туруштук бере албай туш тарапка чачырашат. Шабдан кайра Коконго кетет.
Азирети Султан шаарынын беги. 1862-жылы Ташкентте Кокон хандыгына карата нааразылык чыгып, козголоңчулар көтөрүлгөндө аны басууга Шабдан да катышкан. Ал бул салгылашууда баатырдыгын, чечкиндүүлүгүн көрсөтөт да, хандыктын адамдарына жагып, хан аны Азирети Султан (азыркы Казакстандын Түркстан) шаарына бек кылып жиберет. Бул шаар Эмир Темир курган Кулкожо Акматтын (Ахмед Яссавий) мавзолейи жайгашкан мусулмандар зыярат кылган ыйык шаар болгон. Ал бул кызматта көпкө иштебей туулган жерине келе берген.
© Sputnik / Табылды КадырбековШабдан баатырдын Бишкектеги эстелиги
Школьницы у памятника Шабдан Баатыру в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2025
Шабдан баатырдын Бишкектеги эстелиги
Уезд начальнигинин жардамчысы болгон. Бара-бара Кокон хандыгы сүрүлүп отуруп, Чүй, Ысык-Көл, Нарын тарап Россия Падышалыгынын өкмөтүнө өтөт. Шабдан 1862-жылы Байтик баатыр менен бирге Пишпектеги Кокон беги Рахматуллага каршы көтөрүлүшкө чыгып, чепти орус аскерлеринин алуусуна жол ачып берген. 1867-жылы Россия Падышалыгына караган борбору Ташкент шаары болгон Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлөт. Анын Токмок уездине майор Григорий Загряжский дайындалып, ошол киши командасы менен Нарын тарапта болуштарга ажыратуу үчүн биринчи эл каттоо жүргүзгөндө Шабданды жанына жардамчы кылып алат. Бир жолу майордун өмүрүнө жана мүлкүнө Кашкар ханы Жакыпбектин жигиттери кол салат. Шабдан ал жерде болгон эмес. Кабар келери менен жетип барып, орус аскерлерине жана уезд башчысына жардам берет. Ушул эрдиги үчүн Шабдан Жантаев Россия Падышалыгынын алтын медалына жана сыйлуу чапанына татыктуу болот.
Кыргыздардын Россияга каратылышында ортомчулук кылган. Алай кыргыздары Михаил Скобелевдин (1843-1882) аскерлери менен "партизандык" согушун токтотпой, эл азап тартат. Кыргыздарды 1876-жылы Гүлчөгө жакынкы Жаңырыкта орус аскерлери кыргыз жигиттерин катуу талкалайт. Мына ошол кезде Шабдан Курманжан датканын алдына барып, Абдылдабек Алымбек уулунун каршылыгына карабай эки тарапты элдештирүү иштерин жүргүзүп, бул миссиясы бир кыйла оң чечилет. Дагы бир жолу 1878-жылы Ат-Башы жакта орус чалгындоо отрядын коштоп жүрөт.
Падыша Александр III өлтүрүлгөн атасынын ордуна такка отуруу аземине чакырган. Ага Жети-Суу облусунан өкүл болуп дунгандардан Мухаммед Ма Цун, уйгурлардан Бушри Жалилов, кыргыздардан Шабдан Жантаев катышып, аларга Абдулбасит Юсупов котормочу болуп жүргөн. Ошондо Шабдан падыша менен кезигип, жүз көрүшкөндүгү айтылып келет. Ал орус тилин да дурус эле билген экен. Чоң-Кеминдеги жана Пишпектеги орус стилинде салынган тамдарынан орустар да үзүлчү эмес дешет бир катар эскерүүлөрдө.
Орус аскер жетекчилеринин арасында кадыры чоң болгон. Мына ушул кадырын салып Фергана облусунан аскер губернатору, генерал-майор Скобелевге арыз кат жазат. Анда орус оторчуларына каршы көтөрүлүшкө билбей чыгып алып, атууга өкүм кылынган жүздөн ашык элеттиктерге кечирим берип, мунапыс кылууну суранган. Анын бул суранычы аткарылган. 1884-жылы Россия бийлиги ага жылына 300 сом пенсия чектеп берген. Кыргыз жерлерин Россияга кошууда, кыргыз-орус кызматташтыгындагы эмгектери үчүн Жантай уулу Шабдан бир нече наамга жана сыйлыктарга татыктуу болгон: 1883-жылы аскер старшинасы деген аскер чини берилген, бул полковник дегенге туура келген. 4-даражадагы Георгий крестин, Станиславский жана Анна ленталарындагы эки чоң медалын, Кокон хандыгын багындыргандыгынын урматына эстелик медалын, алтын саатын, алтын чынжырын ж.б. алган.
Баатырдын ажыга барышы. 1904-жылы Меккеге жөнөйт. Зайыбы, жигити Баяке, куудул Карачунак кошо барат. Шаан-шөкөт менен узатышат. "Кара жаак" атыккан кашкөй ырчы Калмырза аны көкөлөтө мактап ырдайт. 65теги Шабдан баатыр Стамбулда Дамаск шаарынан Медина шаарына темир жол салына баштаганын, бирок каражаттын тартыштыгын угат да, 2 500 алтын теңгесин кошумчалайт. Кийин бул кайрымдуулук иши үчүн Түркия султаны Абдулхамид II аны алтын медаль менен сыйлаган.
Элди агартууга өзгөчө маани берген. 1909-жылы Чоң-Кеминде ошол кездеги эң чоң медреселердин бирин салдырган. Ал медресе жаңы тартип окуусу (усулу-жадид) формасында болуп, дин менен бирге илимий сабактар да окутулган, андыктан да мударистерге жакшы айлык бекитип берип, аларды алыскы жактардан чакырып келип иштеткен. "Шабдан медресеси" XX кылымдын башындагы агартуучуларды даярдоого зор кызмат кылган. Шабдан өзү Верный шаарындагы орус мектептерине да кыргыз балдарын жиберип, алардын окуусун каржылап турган. Орус империясынын императору Николай IIге мусулман медреселерин жана орус-тузем мектептерин ачууга жардам берүү тууралуу петиция жиберген.
Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун эстелиги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Токтогул Сатылганов тууралуу 19 факт. Изилденип бүтпөй калган акын
Шабдан баатырдын калкка кылган кайрымдуулук иштери. Бир жолу ашта ага Калмырза ырчы даттанып, карызга батып жерине (Таластан Чүйгө) кете албай калганын айтып, жардам сурап ырдайт экен, ошондо баатыр жанынан беш жүз теңге чыгарып берип, Кеминдин атактуу байлары Мамбетаалы менен Сооронбайдын уулу Дүргө табыштап, "бул ырчыны өз айлына алып келгиле" деп көчүртүп алып, кийин да каралашып жүргөн. Карачунак Шылдыр уулу деген Кичи-Кеминдин Жол-Булагында туулган сарбагыштын чечейинен чыккан жетим баланы да өз кароосуна алып, үйүндө жүргөн, а түгүл Меккеге ажылык сапарга да ала барган. Шабданды көрүп-билген тарыхчы Осмонаалы Сыдыков мындай жазат: "Шабдан баатыр 73 жашында дүйнөдөн өттү. Балалыгынан тартып бул арада башына эч бир жамандык келип жоопко кириптер болгон жок. Ал эми дүнүйөнү болсо элге чачып берип турду. Ошончолук мертебеси да ашып турчу эле. Өмүрүндө бир да токтоп, кемчилик көрбөдү. Кай орунда болсо да бээлер союлуп, самоор кайнап турар эле. Шабдан баатыр келет экен десе, адамдар утурлап тосуп алчу. Бири – муктаж, бири – көрүүгө ашык, бири – үйүнө кондурууга кумар. Бири – малын берүүгө, бири – мал алууга кумар. Бири – сөзүн угууга кумар. Жетинчиси – өзүнөн өзү эле баатырдын алдына барып калганын сезбей кала турган… Күнүнө бир нече миң сом акча түшсө, бир тыйын алып калбастан элге таратып берип турар эле. Жана ошончолук мал күнүгө келип турчу, кетип да турчу. Канча киши мал алууга келсе, ошончо киши мал берүүгө даярданып турчу. Бирөө бир ат берсе, эртеси ал үч ат алып кетчү. Баатыр ажыга бир тыйын менен миң сомдун кадыры бирдей болчу. Ошончо мертебелүү болсо да текеберчиликтин жугу да жок эле. Башкача айтканда, кенедей изи да жок болчу. Аттын аргымак жоргосу менен бээнин байталы бирдей болчу. Ат минип келе жатканда алдынан бир муктаж адам же дубана чыкса токтобостон аттан түшүп берип, ошол адамды муктаждыктан чыгарып, анан жолго түшөр эле. Минген аты аргымак болсун, байтал болсун, көзүнө карабастан кармата берер эле. Алдына эмне келсе, ошону минер эле. Салтанаттуу, сөөлөттүү жүрүүнү сүйчү эмес. Алдына дубана, жинди келсе да сүйлөшүп отурчу. Жаман, жакшы деп ойлобос эле. Ыраскотторун сураба, бүгүн эшик алдына бир топ мал келсе, эртеси үй артынан сөөктөрүн көрөр элеңиз. Бул ыраскот, бул алыш-беришке акылыңыз жетчү эмес. Көргөн, билген биздерге бир да жалган эмес. Бекерден бекерге бир адамдын кылбаган иштерин азаптанып жазуу бизге да жигиттик да, адамгерчилик да эмес. Биздин кыргыздын бир адаты бар. Бакыл адамды ошончолук жаман көрө турган. Кенедей күнөөсү жок адамды өлтүрүү, жок кылуу. Эч болбогондо тилдеп калуу. Жоомарт адамды ошончолук жакшы көрөт. Малы эмес, жанын курман кылганга даяр турат. Баатыр ажынын болжолсуз жоомарт болгону үчүн биздин кыргыз үч күнчүлүк алыс жерде болсо да баатырдын алын сурап, кабардар болуу үчүн шашып келе турган. Жолугуп, мал болсо аябастан берип жана алып да туруучу. Баатырдан албан бакты, мертебе көрүп, баатырга берүүнү касиеттүү, даража көрүп, кубана турган. Бир нечени берүүгө даярданып, ынтык болуп, бир нече дуба кылып, муктаждыгын айтып, зарланып туруп, ар бирлери максатына жетип, шаттанып кетүүчү эле. Бул добушту угуп, Анжияндан эшен, Намангенден кожо, Бухарадан молдо шакирт, Ирандан Кызыл баш, Меккеден шайык, Мединеден сейит, Кашкардан дубана, ар шаардан куру калбай, бири кетсе, бири келип турчу. Баарына бир тараптан берип жүрүп, баатыр ажы 73 жашын өткөрдү".
Шабдандын казасы жана ашы. Жантай уулу Шабдан 1912-жылы 6-апрелде ал кездеги Россия империясынын Жети-Суу облусунун Токмок уездинде каза болгон деп катталып калган. Тарыхый маалыматтарга жана санжыраларга караганда мурда-кийин Шабдандын жаназасына жана ашына келгенчелик адам эч бир пендеге келген эмес. Кара ашына жүздөгөн жылкы жана кой союлуп, кошокчулар аны даңазалап кошуп турган, топурак салуу үчүн 32 болуштан өкүлдөр келген. Кыргыз жеринде биринчи жолу орус аскерлери ардак кароол менен сөөктү кайтарып, жайга коёрдо асманга салют атылган. 9-октябрда ашы өткөн. Аш өткөрүүгө Түркстан генерал-губернатору чечим чыгарган. Ашка он беш миңдей адам башка жактан келген болсо, баары болуп элүү миңдей адам катышкан, коноктор Бухара, Кашкар, Ташкент, Фергана, Талас, Ош, Верный ж.б. чөлкөмдөрдөн болгон. Тамак-аш сактоо жана берип турууга эле миң, ал эми конокторго бир жарым миң, баары эки жарым миң үй тигилген. Эки миңдей жылкы, он миң ашык кой союлган. Аш он күнгө созулган, байгеге аттар Токмоктон коё берилген, элүү чакырымдай чуркап, Боролдойдо мара болгон. Биринчи болуп солтолордун аты, экинчи болуп Ташкенттен келген жылкы марага жеткен. Эр сайыштан бир адам жараланып, үч күндөн соң каза тапкан.
Баатырдын балдары. Шабдандын Шааке, Үпөл, Аймукан, Мээрхан деген төрт аялынан тогуз уул, бир кыз төрөлгөн. Уулу Мөкүш Шабданов болуш болгон, 1933-жылы түрмөдө каза табат, анын уулу Ажыйман алгачкы окуу китептерин жазган аябай билимдүү жигит эле, сталиндик репрессияда атууга өкүм кылынат. Кемел деген уулу да ушундай тагдырга туш келет. Самудин, анын уулу Абдылдабек да белгилүү, илимдүү инсандар катары кыргызга кызмат кылган. Бирок булардын тагдыры трагедиялуу аяктады. Шабдандын тукумунан кулакка тартылып, Украинага, Оренбургга айдалгандар чыкты.
Эстеликке жана көркөм образга айланган баатыр. Шабдан баатырдын ат минип турган эстелиги Кемин шаарына жол боюна коюлду, дагы бир эстелиги Бишкек мэриясы менен Улуттук университеттин ортосундагы Жаштар аллеясына тургузулду. Чоң-Кеминдин борборуна, мурдагы Новороссийский деген айылга анын ысымы берилди. Бишкек шаарынын эң чоң көчөлөрүнүн бири да анын аты менен аталат. Кыргыз тилинде чыккан эң алгачкы китептердин бири Шабдан баатырдын өмүр баянын чагылдырат. Ал Осмонаалы Сыдык уулунун "Тарых-и кыргыз Шадманийа" деп аталып, 1914-жылы Уфа шаарынан басылып чыккан. Каныбек Иманалиев "Шабдан баатыр" тарыхый өмүр баяндык романын, Нуралы Капаров "Шабдан баатыр" деген китебин жазган.
Великий манасчы и поэт Тоголок Молдо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2025
Тоголок Молдо тууралуу 19 факт. Кол жазмаларын куржундап ташыган акын
Жаңылыктар түрмөгү
0