https://sputnik.kg/20250329/1092969732.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жакын арада Мамлекеттик ипотекалык компанияга "Түндүк" тиркемеси аркылуу катталууга болот. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө... 29.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-29T08:59+0600
2025-03-29T08:59+0600
2025-03-29T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1d/1092969600_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d55f73b5f052cbdd22559ef75a4d9168.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жакын арада Мамлекеттик ипотекалык компанияга "Түндүк" тиркемеси аркылуу катталууга болот. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Түндүк" тиркемесине жаңы функцияны кошуп жатканы айтылды. Ал МИКке катталып, батир алуу үчүн арыз тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы функция жакын арада иштеп баштай турганы кошумчаланды.
Улуу Жеңишти эскерип жүрүү — негизги милдетибиз. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев россиялык мекендештердин жыл сайын өтүүчү конференциясында айтты. "Иш-чаранын темасы — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Башкы милдетибиз — аны унутта калтырбоо. Ушундай иш-чараларды уюштуруу керек. Ошондо жаштар ал учурдагы окуялардын маанилүүлүгүн түшүнөт", — деди ал. Зульхарнеев ошондой эле Жалал-Абаддагы "Достук" паркында баатырлардын элесин түбөлүккө калтырууга арналган "Эскерүү багы" акциясы башталганын белгиледи. Мындан тышкары 7-апрелде Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги адабиятка арналган көргөзмө, 25-апрелде жетинчи эл аралык "Жеңиш жат жазуусу" өтөрүн кошумчалады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдардын укугун коргоо боюнча жыйын өттү. Мекемеден маалымдашкандай, жыйынга балдарды коргоо саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, Кыргызстанда 2,6 миллиондон ашык бала жашайт. "Өткөн жылы министрликтин аймактык түзүмдөрү тарабынан 6150 бала оор турмуштук абалда экени аныкталган. Ар бир бала боюнча жеке коргонуу планы түзүлүп, балдардын жарымынан көбүнө кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам беришти. Калгандары боюнча иш улантылууда. Мында балдарды коргоо бардык мамлекеттик органдардын катышуусу менен комплекстүү ишке ашырылууга тийиш", – деди ал. Талкуулоонун жүрүшүндө 2024-жылы өлкөдө ар кандай зомбулукка кабылган 700дөн ашуун бала аныкталганы айтылды.
Түштүк Кореянын Сеул шаарында "Эмне үчүн Кыргызстан" аттуу туристтик китептин бет ачары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, корей тилиндеги китеп Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин жана “Борбор Азия – Корея Республикасы” форумунун катчылыгынын көмөгү менен корей окурмандарына Кыргызстандын кооздугу, маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу айтып берүү максатында иштелип чыккан. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин Кореядагы элчилери жана өкүлдөрү, ишкер чөйрөлөр, туризм индустриясы, ЖМКлар, Кореядагы кыргыз диаспорасы жана китептин автору катышты. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова өз сөзүндө мындай демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргызстан бай тарыхый мурасы, ажайып жаратылышы, меймандос эли бар өлкө катары туризмге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Маданий оюн-зоок иш-чарага өзгөчө маанай тартуулады. Конокторго кыргыздын улуттук бийлери тартууланып, улуттук аспап комузда кол ойнотулуп, класс
Жакын арада Мамлекеттик ипотекалык компанияга "Түндүк" тиркемеси аркылуу катталууга болот. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Түндүк" тиркемесине жаңы функцияны кошуп жатканы айтылды. Ал МИКке катталып, батир алуу үчүн арыз тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы функция жакын арада иштеп баштай турганы кошумчаланды.Улуу Жеңишти эскерип жүрүү — негизги милдетибиз. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев россиялык мекендештердин жыл сайын өтүүчү конференциясында айтты. "Иш-чаранын темасы — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Башкы милдетибиз — аны унутта калтырбоо. Ушундай иш-чараларды уюштуруу керек. Ошондо жаштар ал учурдагы окуялардын маанилүүлүгүн түшүнөт", — деди ал. Зульхарнеев ошондой эле Жалал-Абаддагы "Достук" паркында баатырлардын элесин түбөлүккө калтырууга арналган "Эскерүү багы" акциясы башталганын белгиледи. Мындан тышкары 7-апрелде Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги адабиятка арналган көргөзмө, 25-апрелде жетинчи эл аралык "Жеңиш жат жазуусу" өтөрүн кошумчалады.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдардын укугун коргоо боюнча жыйын өттү. Мекемеден маалымдашкандай, жыйынга балдарды коргоо саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, Кыргызстанда 2,6 миллиондон ашык бала жашайт. "Өткөн жылы министрликтин аймактык түзүмдөрү тарабынан 6150 бала оор турмуштук абалда экени аныкталган. Ар бир бала боюнча жеке коргонуу планы түзүлүп, балдардын жарымынан көбүнө кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам беришти. Калгандары боюнча иш улантылууда. Мында балдарды коргоо бардык мамлекеттик органдардын катышуусу менен комплекстүү ишке ашырылууга тийиш", – деди ал. Талкуулоонун жүрүшүндө 2024-жылы өлкөдө ар кандай зомбулукка кабылган 700дөн ашуун бала аныкталганы айтылды.Түштүк Кореянын Сеул шаарында "Эмне үчүн Кыргызстан" аттуу туристтик китептин бет ачары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, корей тилиндеги китеп Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин жана “Борбор Азия – Корея Республикасы” форумунун катчылыгынын көмөгү менен корей окурмандарына Кыргызстандын кооздугу, маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу айтып берүү максатында иштелип чыккан. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин Кореядагы элчилери жана өкүлдөрү, ишкер чөйрөлөр, туризм индустриясы, ЖМКлар, Кореядагы кыргыз диаспорасы жана китептин автору катышты. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова өз сөзүндө мындай демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргызстан бай тарыхый мурасы, ажайып жаратылышы, меймандос эли бар өлкө катары туризмге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Маданий оюн-зоок иш-чарага өзгөчө маанай тартуулады. Конокторго кыргыздын улуттук бийлери тартууланып, улуттук аспап комузда кол ойнотулуп, класс
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1d/1092969600_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_aee5ce2739dc8b5e4ac834626f1926da.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио