00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
19:06
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
эфир
Кеменгер
Чехословак "Интергельпо" кооперативинин кыргыз мамлекеттүүтүлүгүнун түптөлүшүнө кошкон салымы
19:11
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
6 мин
Будь в курсе
Интергельпо: как чехословацкие рабочие строили промышленность Кыргызстана?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл ишкерлер үчүн Россияга логистикалык борборлорду курулат. “Кыргызэкспорт” борборунун ишмердүүлүгү
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
ЕАЭБде дары-дармектин бааларын арзандатуу боюнча иш жүрүүдөУиткофф Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнөн эмне күтүп жаткандыктарын айтты1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилетАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, жол эрежелерин билбегендердин айдоочулук күбөлүгү алынып, сынактан ийгиликтүү өткүчө кайтарылбайт. "2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миң сомдон сатылып келгени маалым. Азыр бул көрүнүш токтоп, баары айдоочулук күбөлүктү чындап окуп ала баштады. Ошондуктан президент 1-сентябрга чейин ИИМ менен "Унаа" мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди", — деген ал. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи тапшырганда 500 сом, экинчисинде 1000 сом, үчүнчүсүндө 2000 сом, ал эми төртүнчү жолкусунда 4000 сом төлөй турганы айтылды. ЕАЭБде дары-дармектин бааларын арзандатуу боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович билдирди. Ал комиссия фармацевтика секторунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу изилдөө жүргүзүлүп жатканын белгиледи. "Изилдөөнүн максаты — тоскоолдуктарды азайтуу, бааларды арзандатуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу", — деген Ермолович. Ал ошондой эле июнда Минскиде Евразия экономикалык форумунун профилдик иш-чаралары өтөрүн кошумчалады. Бишкекте “Приношение русской музыке” сынагынын гала-концерти өттү. Сынактын жыйынтыгы боюнча гала-концертте Кыргызстандын мыкты музыканттары өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чара пианист Николай Рубинштейндин 190 жылдыгына арналган. Гала-концерт Опера жана балет театрында өттү. Анда сынактын лауреаттары Урмат Тентимишев жетектеген Бишкектин чоң симфониялык оркестри өлкөнүн алдыңкы солисттери менен бирге өнөрлөрүн тартуулашты. Сынакка республиканын музыкалык мектептеринен жана колледждеринен 7 жаштан 19 жашка чейинки 200гө жакын студент катышты. Жаш музыканттар кыргыз, орус жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын аткарышты. Уюштуруучулар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык колледжи болду. АКШ Сауд Арабиясында бүгүн боло турган сүйлөшүүлөрдөн сезилерлик прогресс күтүп жатат. Бул туурасында АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф айтканын РИА Новости жазды. "Дүйшөмбүдө Сауд Арабиясында болгон сүйлөшүүдөн кадимки прогрессти көрөсүздөр. Бул өзгөчө Кара деңизге, эки өлкөнүн ортосундагы кемелерди аткылоону токтотуу маселесине тиешелүү. Албетте, мындан улам согуш оту толук өчөт", — деген ал. Кара деңиз маселеси РФ менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп телефондон сүйлөшкөндө көтөрүлгөн. Эр-Риядга Россиянын делегациясын Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Григорий Карасин жана ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа алып барары айтылды. Кремлдин маалымат берген өкүлү бул сүйлөшүүдө Кара деңиз маселесинен сырткары Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча башка маселелер да талкууланарын билдирген.
Жазылуу
ЕАЭБде дары-дармектин бааларын арзандатуу боюнча иш жүрүүдөУиткофф Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнөн эмне күтүп жаткандыктарын айтты1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилетАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, жол эрежелерин билбегендердин айдоочулук күбөлүгү алынып, сынактан ийгиликтүү өткүчө кайтарылбайт. "2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миң сомдон сатылып келгени маалым. Азыр бул көрүнүш токтоп, баары айдоочулук күбөлүктү чындап окуп ала баштады. Ошондуктан президент 1-сентябрга чейин ИИМ менен "Унаа" мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди", — деген ал. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи тапшырганда 500 сом, экинчисинде 1000 сом, үчүнчүсүндө 2000 сом, ал эми төртүнчү жолкусунда 4000 сом төлөй турганы айтылды.
ЕАЭБде дары-дармектин бааларын арзандатуу боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович билдирди. Ал комиссия фармацевтика секторунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу изилдөө жүргүзүлүп жатканын белгиледи. "Изилдөөнүн максаты — тоскоолдуктарды азайтуу, бааларды арзандатуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу", — деген Ермолович. Ал ошондой эле июнда Минскиде Евразия экономикалык форумунун профилдик иш-чаралары өтөрүн кошумчалады.
Бишкекте “Приношение русской музыке” сынагынын гала-концерти өттү. Сынактын жыйынтыгы боюнча гала-концертте Кыргызстандын мыкты музыканттары өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чара пианист Николай Рубинштейндин 190 жылдыгына арналган. Гала-концерт Опера жана балет театрында өттү. Анда сынактын лауреаттары Урмат Тентимишев жетектеген Бишкектин чоң симфониялык оркестри өлкөнүн алдыңкы солисттери менен бирге өнөрлөрүн тартуулашты. Сынакка республиканын музыкалык мектептеринен жана колледждеринен 7 жаштан 19 жашка чейинки 200гө жакын студент катышты. Жаш музыканттар кыргыз, орус жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын аткарышты. Уюштуруучулар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык колледжи болду.
АКШ Сауд Арабиясында бүгүн боло турган сүйлөшүүлөрдөн сезилерлик прогресс күтүп жатат. Бул туурасында АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф айтканын РИА Новости жазды. "Дүйшөмбүдө Сауд Арабиясында болгон сүйлөшүүдөн кадимки прогрессти көрөсүздөр. Бул өзгөчө Кара деңизге, эки өлкөнүн ортосундагы кемелерди аткылоону токтотуу маселесине тиешелүү. Албетте, мындан улам согуш оту толук өчөт", — деген ал. Кара деңиз маселеси РФ менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп телефондон сүйлөшкөндө көтөрүлгөн. Эр-Риядга Россиянын делегациясын Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Григорий Карасин жана ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа алып барары айтылды. Кремлдин маалымат берген өкүлү бул сүйлөшүүдө Кара деңиз маселесинен сырткары Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча башка маселелер да талкууланарын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0