https://sputnik.kg/20250321/1092787717.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте монорельс куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясы, "Кыргыз... 21.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-21T11:00+0600
2025-03-21T11:00+0600
2025-03-21T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/15/1092787585_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_97ff641ae7906fc1b42b4b27a36efcd9.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте монорельс куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясы, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана кытайлык CRRC Changchun Railway Vehicles компаниясынын өкүлдөрү жолугушкан. "Анда Бишкекте монорельстүү жолдорду куруу жана аларды өнүктүрүү перспективасы талкууланган. Сүйлөшүүдө долбоордун экономикалык жана техникалык пайдаларын дыкат изилдөө макулдашылды. Бишкек мэриясы кытай тарапка изилдөө үчүн монорельс жолдордун курулушунун эскиздерин берип, долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырса болорун белгиледи", — деп айтылат маалыматта. Ал эми "Кыргыз темир жолу" гибрид электр поезддерине кызыкдар экенин айтып, экологияга зыяны жок экенин белгилеген.
Казакстан Кыргызстанга кайтарымсыз негизде беш локомотив бергенин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кабарлады. Ал белгилегендей, бул боюнча 2024-жылдын 3-4-декабрында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинде макулдашылган.Туманбаев Казакстан берген тепловоздор "Кыргыз темир жолу" ишканасына өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Кыргыз-Россия Славян университети көз карандысыз "Билим–Стандарт" комиссиясынын аккредитациясынан өттү. Бул тууралуу университеттин маалымат кызматы билдирди. Текшерүүнүн алкагында Кыргызстан менен жакынкы чет өлкөлөрдөн келген 22 эксперт КРСУнун билим берүү программаларынын улуттук жана эл аралык стандарттарга шайкештигин баалашты. Аккредитация алты факультеттин 16 кластердик багытына бириктирилген 30 программасын камтыды. "Эксперттер окуу процессин ар тараптуу талдап, факультеттерди жана кафедраларды кыдырып, окутуунун деңгээлин, окуу программаларынын сапатын, кадрдык потенциалды жана университеттин иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен болгон кызматташтыгын баалашты. Аккредитациянын жүрүшүндө окутуучулар, кызматкерлер, студенттер жана иш берүүчүлөр менен маектер уюштурулуп, адистерди даярдоо деңгээли жана алардын эмгек рыногундагы суроо-талаптуулугу объективдүү бааланган", — деп жазылган маалыматта.Комиссиянын жыйынтыгы боюнча, университеттин билим берүү программалары эмгек рыногунун талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берери айтылып, анын бүтүрүүчүлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү баса белгиленди.
Россия менен АКШ делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 24-март күнү Эр-Рияд шаарында өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматта россиялык топту сенатор Георгий Карасин менен ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа жетектеп барары айтылган. Ушаков америкалык команданын курамы да белгилүү экенин кошумчалады. "Боло турган сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деген ишеничтебиз", — деген президенттин жардамчысы. Россия менен АКШнын мамилесин жөнгө салуучу алгачкы жолугушуу 18-февралда өткөн. Ага Москва тараптан ТИМ башчысы Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, ал эми Вашингтондон мамкатчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф катышып, жолугушуу натыйжалуу болгон.
Бишкекте монорельс куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясы, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана кытайлык CRRC Changchun Railway Vehicles компаниясынын өкүлдөрү жолугушкан. "Анда Бишкекте монорельстүү жолдорду куруу жана аларды өнүктүрүү перспективасы талкууланган. Сүйлөшүүдө долбоордун экономикалык жана техникалык пайдаларын дыкат изилдөө макулдашылды. Бишкек мэриясы кытай тарапка изилдөө үчүн монорельс жолдордун курулушунун эскиздерин берип, долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырса болорун белгиледи", — деп айтылат маалыматта. Ал эми "Кыргыз темир жолу" гибрид электр поезддерине кызыкдар экенин айтып, экологияга зыяны жок экенин белгилеген.Казакстан Кыргызстанга кайтарымсыз негизде беш локомотив бергенин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кабарлады. Ал белгилегендей, бул боюнча 2024-жылдын 3-4-декабрында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинде макулдашылган.Туманбаев Казакстан берген тепловоздор "Кыргыз темир жолу" ишканасына өткөрүлгөнүн кошумчалады.Кыргыз-Россия Славян университети көз карандысыз "Билим–Стандарт" комиссиясынын аккредитациясынан өттү. Бул тууралуу университеттин маалымат кызматы билдирди. Текшерүүнүн алкагында Кыргызстан менен жакынкы чет өлкөлөрдөн келген 22 эксперт КРСУнун билим берүү программаларынын улуттук жана эл аралык стандарттарга шайкештигин баалашты. Аккредитация алты факультеттин 16 кластердик багытына бириктирилген 30 программасын камтыды. "Эксперттер окуу процессин ар тараптуу талдап, факультеттерди жана кафедраларды кыдырып, окутуунун деңгээлин, окуу программаларынын сапатын, кадрдык потенциалды жана университеттин иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен болгон кызматташтыгын баалашты. Аккредитациянын жүрүшүндө окутуучулар, кызматкерлер, студенттер жана иш берүүчүлөр менен маектер уюштурулуп, адистерди даярдоо деңгээли жана алардын эмгек рыногундагы суроо-талаптуулугу объективдүү бааланган", — деп жазылган маалыматта.Комиссиянын жыйынтыгы боюнча, университеттин билим берүү программалары эмгек рыногунун талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берери айтылып, анын бүтүрүүчүлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү баса белгиленди. Россия менен АКШ делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 24-март күнү Эр-Рияд шаарында өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматта россиялык топту сенатор Георгий Карасин менен ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа жетектеп барары айтылган. Ушаков америкалык команданын курамы да белгилүү экенин кошумчалады. "Боло турган сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деген ишеничтебиз", — деген президенттин жардамчысы. Россия менен АКШнын мамилесин жөнгө салуучу алгачкы жолугушуу 18-февралда өткөн. Ага Москва тараптан ТИМ башчысы Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, ал эми Вашингтондон мамкатчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф катышып, жолугушуу натыйжалуу болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/15/1092787585_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3724af8c4ba2d63943614a056b03efe4.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио