00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Жол” тасмасы көрүүчүлөргө жол көрсөтөбү?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Толстой о счастье: что делает человека счастливым в "Анне Карениной" и" Войне и мире"
18:06
0 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Мамдуманын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен миграция маселесин талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, алар Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушкан. Бөкөнтаев миграция чөйрөсүндө кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилери үчүн каралган бардык жеңилдиктерди сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгын айтып, муну менен интеграциялык бирикменин максаттарына жетсе болорун белгилеген. Элчи ошондой эле миграция жаатында тийиштүү сунуштарды дагы берген. Муну менен катар Москванын жана бүткүл Россиянын аймагындагы аэропорттордо, миграциялык борборлордо жана кеңселерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өзүнчө өтмөктөрдү жана тейлөө терезелерин ачууну сунуштаган.
Өлкөдө кооптуу тилкеде жашаган 3 387 үй-бүлөнүн ичинен 2 500 кожолук мамлекеттен жер жана атайын насыяларды алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Чыңгыз Ногойбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү кызматтар тарабынан көптөгөн түшүндүрүү иштери жүргөнүнө карабастан кооптуу тилкеден көшөрүп көчпөгөндөр абдан көп. "Өлкө аймагында жалпы табигый мүнөздөгү кооптуу делген 1 592 тилке бар. Мындай жерде жалпы 3 387 үй-бүлө жашайт. Анын ичинен 2 500 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүү үчүн мамлекеттен жардам алган. Жер тилкеси жана атайын насыялар берилген. Бирок көмөк алганына карабастан кооптуу тилкеден көчпөй жашап жаткандар абдан көп", — деди Ногойбаев. Ошондой эле ал кооптуу тилкелерге тийиштүү адистер тынбай көзөмөл жүргүзүп турарын кошумчалады.
Кыргызстан "Евразия" автономиялык бейөкмөт уюму баштаган "Жеңиш 9/45" долбооруна кошулду. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Россиянын Мамдумасынын вице-спикери, "Жеңиш 9/45" кыймылынын уюштуруу комитетинин төрагасы Борис Чернышов, Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов, катышкан жыйын өткөн. Анда Кыргызстандын өкүлдөрү мекенчил бул долбоорго катыша турганын тастыктаган. Жыйындын жүрүшүндө тараптар аны ишке ашыруунун конкреттүү этаптарын талкуулашкан. Анын алкагында Бишкекте боло турган Жеңиш парадына аскердик техникаларды, анын ичинде Т-34 танкасын алып келүү пландалууда. Борбор шаардын мыкты аянтчалары тематикалык, интерактивдик аймактар үчүн жабдылып, жасалгаланат.
Владимир Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча түзүлгөн алкактык келишимден кийин болчу АКШ менен экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашууда коопсуздук кепилдиги камтылбаса документке кол койбой турганын айтты. Бул тууралуу Economist басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазганын РИА Новости кабарлады. "Зеленский коопсуздуктун кеңири кепилдиги каралбаса кийинки макулдашууга кол койбойт", — деп айтылат маалыматта. Басылма түзүлө турган келишим алкактык макулдашуудан айырмаланып Жогорку Радада ратификацияланышы кажет экенин жазды.
Жаңылыктар түрмөгү
0