Лирикадан эпикага чейин: Эл акыны Шайлообек Дүйшеев 75 жашта
13:10 23.02.2025 (Жаңыртылды: 16:48 04.03.2025)
© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваКыргызский народный акын Шайлообек Дуйшеев

© Фото / из личного архива Шайлообека Дуйшеева
Жазылуу
Жумурай журт урматтап сыйлаган элдик акыныбыз Шайлообек Дүйшеев 75 жашка толду. Бүгүн бул инсан тууралуу төмөнкү макаланы окурмандарга сунуштайбыз.
Шайлообек акын традициялуу, көнүмүш болуп калган агымга кирбей өзүнчө, өзүнө гана тиешелүү "дүйшеевдик" агым жараткан акын. Ошондуктан жаш акындар көбү ага таасирленип кетип жатпайбы.
Дегеним, 1920-30-жылдардагы профессионалдык адабиятыбыздагы поэзиядагы жаңы салт (адатта бир куплети төрт саптан турган 12 муун) классикалык орус поэзиясынын таасиринен жаралганы шексиз.
Ал эми өзгөчөлөнгөн Шайлообек байкенин поэзиясы – накта улуттук фольклордон уютку алып, уңгусу кыргыздын санат-термелериндей нускалуу, уйкаштыгы жаңылмачтай тилге эп келген, табышмактай сыр каткан, жамактай шыр кеткен, жомоктой укмуштуу, дарым ырларындай үмүт, кошок ырларындай күйүт жараткан, дастандардай улуулукту, сүйүү ырларындай сулуулукту, ант ырындай курч, айтыш ырындай мурч кошулган өзүнчө бир ажайып дүйнө.
© Фото / из семейного архива ДуйшеевыхШайлообек Дүйшеев традициялуу, көнүмүш болуп калган агымга кирбей өзүнчө, өзүнө гана тиешелүү "дүйшеевдик" агым жараткан акын

Шайлообек Дүйшеев традициялуу, көнүмүш болуп калган агымга кирбей өзүнчө, өзүнө гана тиешелүү "дүйшеевдик" агым жараткан акын
© Фото / из семейного архива Дуйшеевых
* * *
Шайлообек Дүйшеев – эң ириде лирик акын. 1986-жылы абитуриент кезимде адегенде эки сабактан экзаменди ийгиликтүү тапшырып, анан үчүнчү эң акыркы сынакка үч күн калганда "Нуска" китеп дүкөнүнөн акындын "Аптап" деген китебин алдым. Бир сыйра окуган соң чалгы чыңагандагы чыңоонун үнү, каңшаарды өрдөгөн шыбактын жыты, чегирткелердин сайраганы, төмөндө тушалган аттын бышкырганы, мээ кайнаткан жайдын аптабы, деги койчу, биз чөп чапкан Он-Бир-Жылга чабындысынын элеси көз алдыман кетпей койду.
…Соңку экзамен коом таануу сабагынан болчу. Орус тилинен келегей которулуп, сүйлөм түзүлүштөрү өтө татаал. "Кой, окубасам болбойт" деп эле сүйлөмдүн башынан окуп келип, аягына жетпей маанисин унутуп калам. Анан жаттап кирдим. Анда да болбоду. Колумда – "Коом таануу", оюмда болсо – Дүйшеевдин ырлары. "Коом таанууну" окуп мээ ооруйт, "Аптапты" окуп мээ сергийт. Ошондо чыныгы поэзия гана көңүлдү сергитип, көкүрөктү эргиткен касиетке ээ экендигине ынанасың.
…Же жөнөкөйлөтүп түшүндүргөндө кадимки Коргоолдун "Акбакайын" же Ыбырай Тумановдун "Жыргал күн" деген күүсүн укканда койнуңду жылуу суу аралап кеткендей бир кытыгылаган сезим тартуулайт. Же мындан да башкача айтканда, жай чилдесинде Бишкектин пиволоруна канча ичсең да суусундугуң канбай, анан ошол эле күнү жайлоонун салкынына барып, тиш какшаткан булакка жүзүңдү чайып, бир кесе саамал кымыз ичсең суусунуң канып, көңүлүң да тоюп, бир жыргай түшөсүң го. Шайлообек акындын ырлары да ошондой нукура, кошулмасы жок, табигый, экологиялык жактан өтө таза, туптунук поэзия. Мөлтүр кашка.
© Фото / из семейного архива Дуйшеевых Шайлообек Дүйшеев маданиятта, адабиятта жүргөн үзөңгүлөштөрү менен.

Шайлообек Дүйшеев маданиятта, адабиятта жүргөн үзөңгүлөштөрү менен.
© Фото / из семейного архива Дуйшеевых
* * *
Дүйшеев – публицист акын. СССРдин Борбордук комитети үчүн кайра куруу 1986-жылдын Михаил Горбачев баштаган Апрель пленумунан кийин башталса, кыргыз улуттук аң-сезими үчүн кайра куруу процесси Дүйшеевдин "Кайдыгерлик" деген ырынан кийин гана башталды деп ойлойм. Себеби ошондогу Кремлде кабыл алынган чечимдер, токтомдор контордон конторго чейин эле жетип, талаадагы сугатчыга, тоодогу малчыга кайдан жетсин. Ал партиялык чечимдер асфальт жол бүткөн жерде кошо бүтчү. Ал эми Дүйшеевдин аталган ыры өтүк кийип алып сугатчыга, тон кийип алып малчыга чейин жетти. Жүрөккө жетип, көкөйгө тийди. Берч болгон сезимдерди ойготту. Уй сааган саанчы өзү сары майга жетпеген, коюнун жүнүн кырктырган койчу өзү жүндөн токулган кийимге таңсык заман эмес беле.
…Ошол заманда, сенектикке сенейип катып бараткан доордо "Кайдыгерлик" ыры сезимдерди козгоп, козголушка чакырган улуу чакырык болду. Кайра куруу башталды. Ал эми аягы кандай бүтөт, азыр айтыш али эрте.
© Фото / из семейного архива Дуйшеевых Шайлообек Дүйшеев комузчу, обончу Нурак Абдрахманов менен.

Шайлообек Дүйшеев комузчу, обончу Нурак Абдрахманов менен.
© Фото / из семейного архива Дуйшеевых
* * *
Шайлообек Дүйшеев – эпик акын. 2009-жылы Жазуучулар союзунда өз ара пикир келишпей араздашып жатканда кыргыз өнөрүндө өзгөчө окуя болду. Ал – "Агым" гезитине жарыяланган Шакебиздин "Кошой менен Жолойдун кармашын" калем сап менен жазганы. Дегеним, "Манас" эпосу эң ириде манасчыдан уга турган чыгарма. Себеби баары тең чыдап, эпосту аягына чейин окуй бербейт. Шакебиздин "Манасын" окуганда кадимкидей айгайлаган Саякбайдын үнү угулуп, ошол доордун сүрөтү көз алдыңа элестеп, көңүлүң толкуп, Манас Руху сезилип турат.
Өзү "Манас" эпосу 60 варианттан жана 10 миллион сөздөн турат. Бул — түгөнгүс кенч. Башка чыгармалардан айырмаланып, "Манас" дайым кыймылда. Касиеттүү байтерек сыңары улам өрчүп, өсүп, тамыры тереңдеп отурат. Ошол себептен Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" романы, Жалил Садыковдун үчилтик ("Айкөл Манас", "Манастын уулу Семетей", "Сейтек") пьесалары, эми минтип Дүйшеевдин эпикалык дастаны жаралып отурат.
Мындай касиеттүү манас дүйнөсүнө даап кирүү үчүн ириде эр жүрөктүүлүк керек. Экинчиден, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев өңдүү кинодогу манасчылар сыяктуу манас дүйнөсүнө кирген адам арбалып отуруп, ошондон өмүр бою чыга албай калат эмеспи. Шакебиз өтө тереңге кирип кетти. Эми анын баарын шөкөттөп, асемдеп, улуу дастандын поэтикалык "дүйшеевдик" вариантын жазып чыгууга Шакебиздин бопоросу жетер бекен (себеби Манасты түтөп отуруп гана жазууга туура келет).
© Фото / из семейного архива ДуйшеевыхКыргыз улуттук аң-сезими үчүн кайра куруу процесси Дүйшеевдин "Кайдыгерлик" деген ырынан кийин гана башталды окшойт.

Кыргыз улуттук аң-сезими үчүн кайра куруу процесси Дүйшеевдин "Кайдыгерлик" деген ырынан кийин гана башталды окшойт.
© Фото / из семейного архива Дуйшеевых
* * *
Дүйшеев – улутчул акын. "Эне тилин унуткандар", "Күт эми, Эштек байке", "Кыянаттык", "Кыргызбай менен Кыргызгүлдүн баяны", "Ысык-Көлдү сакта дейсиң", "Эсиңе кел", "Бөлүнгөндөн акыры өлөт кыргыз" аттуу ырлары улуттук сезимди козгоп, ар-намысыңа келтирип, пастыктан – бийиктикке, арамдыктан – аруулукка, маңкуртчулуктан – манасчылыкка, бөлүнгөндүктөн – биримдикке үндөп турат.
Шакебиздин да, кыргыз элинин да багы бар экен. Дегеним, эгерде ал бул поэзиясы менен 1937-52-жылдары элге чыкканда түздөн-түз эле атылып кетмек. Шакең улут жандуу жүрөгү менен жөн жүрө алмак эмес. Сөзсүз бирдеменин үстүнөн чыкмак. Аны көрүп кимдир бирөө органдарга тоголок арыз жазмак. Анан куйтуланганды, бирөөнө оодара салганды билбеген Шакең "мен болчумун" деп баарын мойнуна алмак… Анан?..
Андан көрө Ала-Тоо кыргыз элинде аман жүргөнүңүз биз үчүн чоң олжо эмеспи.
Шакең – улутчан, улутман (ушу сөзү үчүн Түгөлбай Казаковго рахмат) жана улут жандуу. Улуп-уңшуп да, улутунуп да, удургуп да улутун ырдабаса Дүйшеев мырза мындай Шайлообектик бийиктикке чыга алмак эмес. Бир кыргызга бир Айтматов жаралган сыңары эле поэзияда улутчул бир Дүйшеев керек болчу.
© Фото / из семейного архива Дуйшеевых Шайлообек Дүйшеев - кыргыз элинин байлыгы, урматтаган таланттуу, акын уулу.

Шайлообек Дүйшеев - кыргыз элинин байлыгы, урматтаган таланттуу, акын уулу.
© Фото / из семейного архива Дуйшеевых
* * *
…"Карагайчы кемпир" жана "Айымай-Булак" поэмалары болсо акыркы 20 жылдагы кыргыз поэмаларынын ичиндеги зор жаңылык деп баалайм. Ал эми окуган кишинин жан дүйнөсүн аңтарып-теңтерип кеткен "Агындылары" учурда элдин колунан түшпөгөн китептердин бири болду.
© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваАкын Шайлообек Дүйшеев жубайы Зейне Калыева менен 5 баланы тарбиялап өстүргөн ата-эне.

Акын Шайлообек Дүйшеев жубайы Зейне Калыева менен 5 баланы тарбиялап өстүргөн ата-эне.
© Фото / из личного архива Шайлообека Дуйшеева
* * *
Котормонун чебери. Шайлообек Дүйшеев которгон чыгармалар бактылуу болсо керек. Классик акындардын ырларын кыргызчага оодарып, кыргыз адабиятынын бир өңүрүнүн көркүн чыгарды.
"Турар" басмасынан чыккан "Булуттар" котормолор жыйнагы поэзия сүйүүчүлөрүн кайдыгер калтырбай, таасири күчтүү болду.
Орустун классиктери Александр Пушкиндин, Сергей Лермонтовдун, Александр Блоктун, Сергей Есенин жана Анна Ахматованын жана дагы башка улуттардын бир канча дөө-шаалардын ырларын эне тилибизге оодарды.
"Которуп жатып ар биринин жашаган дооруна баргандай болдум. Пушкиндин, Лермонтовдун учурундагы доорду сездим. Экөөнүн ыры аркылуу бири-биринен өтө айырмаланган адамдар экенин аңдадым. Сергей Есенин менен Николай Рубцовдун ырлары жан дүйнөмө ушунчалык жакын экенин сездим. Көп нерселерди тапкандай болдум. Ыр которуу деген — алардын эмне деп айткысы келгенин түшүнөсүң да, аны өзүң жазгандай болосуң. Булардын ыры бардык коом үчүн керек деп ойлойм. Кыргыз окурмандарга калтыргым келди. Эне тилимдин да мүмкүнчүлүгүн сынап көргүм келди", — дегени бар акындын.