https://sputnik.kg/20250206/1091881070.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште Эмгек кодексиндеги тоолуу аймактар боюнча норманын өзгөрүп калганы боюнча комиссия түзүлдү. Буга чейин кодекстин кабыл алына электеги... 06.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-06T08:59+0600
2025-02-06T08:59+0600
2025-02-06T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091880938_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_373721a7ab989d953966d6f04479cacf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште Эмгек кодексиндеги тоолуу аймактар боюнча норманын өзгөрүп калганы боюнча комиссия түзүлдү. Буга чейин кодекстин кабыл алына электеги 120-беренесинде "тоолуу аймактар 2000 метрден башталат" деген норма 1800 метрге өзгөртүлгөн. Бирок ал кабыл алынгандан кийин 2000 метр бойдон калган. Депутат Балбак Түлөбаев Эмгек кодексине киргизилген түзөтүүлөрдү кароодо 120-берененин 5-бөлүгүнө, бийик тоолуу райондордо, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктердин жана компенсациялардын чегин 2000 метрден 1800 метрге чейин түшүрүү сунуш кылынгандыгын эске салды. "Бул өзгөртүү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ошол эле учурда, кол коюлган документте 2000 метр болуп калды. Эмнеге мындай болду", — деп суроо салды депутат. Буга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев түшүндүрмө берди. Анын айтымында, министрлер кабинети түзөтүүлөрдүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө терс корутунду берген.
III чейректе 1-класстын окуучулары бир жумага каникулга тарашат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматта нөлүнчү класстын окуучулары эки жума эс алышары айтылды. "Базистик окуу планга ылайык, 480 сааттык "Наристе" мектепке чейинки даярдык программасы менен окуган 6 жаштагы балдар үчүн үчүнчү чейректе кошумча эки жума каникул берилет. Ал эми 1-класстын окуучулары үчүн бир жумалык эс алуу каралган", — деп айтылган маалыматта. Министрлик ар бир мектеп каникулдун графигин өз алдынча аныктай турганын айтып, Бишкекте 1-класстар 10-февралдан тарта эс алыша турганын белгиледи. Маалыматка ылайык, 1-класстын окуучулары 17-февралда, нөлүнчү класстын балдары 24-февралда окууга чыгышат.
Ош шаарынан Өзбекстандын Наманган шаарына андан ары Касансайга чейин маршруттук каттам ачылды. Бул тууралуу “Транс ордо” ЖЧКнын жетекчиси Мырзамат Чыңгараев билдирди. Анын айтымында, эми эки өлкөнүн эли ушул маршруттук каттам менен жүрө алышат. Касансай – Ош – Касансай багыты Наманган автобекети аркылуу өтөт. Билеттин баасы Ош автобекетинен 450 сом, ал эми Касансайдан болсо – 70 миң сум. Жүргүнчүлөр "Достук" чек ара постторунан кичи автобуста өтүшөт. Багыттын аралыгы 170 чакырым, жолдогу убакыт 3-3,5 саатты түзөт. Ал белгилегендей, каттамдар дем алышсыз аткарылат. “Учурда 10 кичи автобус бар. Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө дагы автобустар кошулат”,-деди ал.
USAID криминалдык уюмга айланып кетти, кылмыш кылгандардын баары жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вачеслав Володин агенттиктин жабылуу ыктымалдыгы боюнча маалыматка пикир билдирип жатып айтканын РИА Новости жазды. "USAID 100дөн ашуун өлкөдө кулачын жайып, жылдык бюджети 50-60 миллион доллардын тегерегиндеги криминалдык уюмга айланып кетти. Бүгүнкү күндө Вашингтондогу штаб-квартирасы жабык турат. Уюмду жоюу тууралуу сөздөр болууда. Эми кылмыш жасагандар жазаланышы керек, мындай нерсе кайталанбашы зарыл", — деген Володин Telegram каналында.
Жогорку Кеңеште Эмгек кодексиндеги тоолуу аймактар боюнча норманын өзгөрүп калганы боюнча комиссия түзүлдү. Буга чейин кодекстин кабыл алына электеги 120-беренесинде "тоолуу аймактар 2000 метрден башталат" деген норма 1800 метрге өзгөртүлгөн. Бирок ал кабыл алынгандан кийин 2000 метр бойдон калган. Депутат Балбак Түлөбаев Эмгек кодексине киргизилген түзөтүүлөрдү кароодо 120-берененин 5-бөлүгүнө, бийик тоолуу райондордо, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктердин жана компенсациялардын чегин 2000 метрден 1800 метрге чейин түшүрүү сунуш кылынгандыгын эске салды. "Бул өзгөртүү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ошол эле учурда, кол коюлган документте 2000 метр болуп калды. Эмнеге мындай болду", — деп суроо салды депутат. Буга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев түшүндүрмө берди. Анын айтымында, министрлер кабинети түзөтүүлөрдүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө терс корутунду берген.III чейректе 1-класстын окуучулары бир жумага каникулга тарашат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматта нөлүнчү класстын окуучулары эки жума эс алышары айтылды. "Базистик окуу планга ылайык, 480 сааттык "Наристе" мектепке чейинки даярдык программасы менен окуган 6 жаштагы балдар үчүн үчүнчү чейректе кошумча эки жума каникул берилет. Ал эми 1-класстын окуучулары үчүн бир жумалык эс алуу каралган", — деп айтылган маалыматта. Министрлик ар бир мектеп каникулдун графигин өз алдынча аныктай турганын айтып, Бишкекте 1-класстар 10-февралдан тарта эс алыша турганын белгиледи. Маалыматка ылайык, 1-класстын окуучулары 17-февралда, нөлүнчү класстын балдары 24-февралда окууга чыгышат.Ош шаарынан Өзбекстандын Наманган шаарына андан ары Касансайга чейин маршруттук каттам ачылды. Бул тууралуу “Транс ордо” ЖЧКнын жетекчиси Мырзамат Чыңгараев билдирди. Анын айтымында, эми эки өлкөнүн эли ушул маршруттук каттам менен жүрө алышат. Касансай – Ош – Касансай багыты Наманган автобекети аркылуу өтөт. Билеттин баасы Ош автобекетинен 450 сом, ал эми Касансайдан болсо – 70 миң сум. Жүргүнчүлөр "Достук" чек ара постторунан кичи автобуста өтүшөт. Багыттын аралыгы 170 чакырым, жолдогу убакыт 3-3,5 саатты түзөт. Ал белгилегендей, каттамдар дем алышсыз аткарылат. “Учурда 10 кичи автобус бар. Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө дагы автобустар кошулат”,-деди ал.USAID криминалдык уюмга айланып кетти, кылмыш кылгандардын баары жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вачеслав Володин агенттиктин жабылуу ыктымалдыгы боюнча маалыматка пикир билдирип жатып айтканын РИА Новости жазды. "USAID 100дөн ашуун өлкөдө кулачын жайып, жылдык бюджети 50-60 миллион доллардын тегерегиндеги криминалдык уюмга айланып кетти. Бүгүнкү күндө Вашингтондогу штаб-квартирасы жабык турат. Уюмду жоюу тууралуу сөздөр болууда. Эми кылмыш жасагандар жазаланышы керек, мындай нерсе кайталанбашы зарыл", — деген Володин Telegram каналында.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091880938_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1c8b573546a94922a0474e4a61fa084d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио