https://sputnik.kg/20250204/1091840083.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын нарк-насилин, салтын бир мыйзамга сыйдыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр... 04.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-04T13:00+0600
2025-02-04T13:00+0600
2025-02-04T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/04/1091839951_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a0d2be801fdac840151f4a6b71cf136f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын нарк-насилин, салтын бир мыйзамга сыйдыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, этнограф Октябрь Капалбаев Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда билдирди.Ал жамандык-жакшылыкты өткөрүүдө ысырапчылыкка каршы мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек столго катышкан."Мыйзам элдин тарыхына, маданиятына, нарк-насилине, динине, дүйнө таанымына карап жазылышы керек. Анткени эл аны аткарат. Кыргыздын нарк-насилин, салтын бир мыйзамга сыйдыруу мүмкүн эмес. Анткени эл үч канат, кырк уруудан түзүлүп, аймактык өзгөчөлүктөр дагы бар", — деди Капалбаев.Ошондой эле ал аталган мыйзам долбооруна коомдук талкуу учурунда оңдоп-түзөтүүлөр кирерин эске салып, ысырапчылыкты тыюу элдин талабы экенин кошумчалады.Эске алсак, депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев жамандык, жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдаган. Анда мал союу, конок чакырууда чектөөлөр сунушталып, мыйзамды бузгандарга ири айып салуу каралган.
Аймактарда каада-салттар боюнча лекциялар өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин региондордо маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Атыркүл Сейизова билдирди."Быйыл аймактарда манас таануучулардын жана тарыхчылардын катышуусунда "Манас" эпосунда камтылган кыргыз элинин каада-салттарын жайылтуу" аттуу лекциялар уюштурулат. Окумуштуулар менен чогуу кыргыз элинин салты, наркы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн региондорду кыдырып, калк арасында лекциялар уюштурулат", — деди Сейизова.
IX кышкы Азия оюндарынын расмий ачылышы Кытайдын Харбин шаарында 7-февралда өтөт. Бул күндү утурлай күн мурун IX кышкы Азия оюндарынын отунун эстафетасы 120 факелчинин катышуусунда уюштурулду. Эстафета 11 чакырымга созулуп, Харбиндин тарыхый кварталдарынан тартып Сунхуа цзян дарыясына чейинки аралыкты басып өттү. Ушул эле күнү Азиаданын хоккей боюнча турнири башталды. Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 53төн ашык спортчу катышат. Белгилей кетсек, кышкы Азия оюндары 7-14-февраль күндөрү Кытайдын Харбин шаарында өтөт.
Кытай АКШдан импорттогон көмүргө жана суюлтулган газга 15 пайыздык бажы салыгын киргизет. Бул тууралуу КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин алдындагы тарификация жана классификация комитетинин билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Кытай, Мексика жана Канадага бажы салыгын киргизерин айткан. Өлкө башчы Канада АКШдагы ири баңгизат аткезчилиги үчүн жооптуу экенин, наркозат ошондой эле Мексика аркылуу да келип жатканын, аны Кытай өндүрөрүн жүйө келтирген.Бүгүн Канада жана Мексика менен сүйлөшкөндөн кийин Трамп кошумча салыкты бир айга чейин токтото туруу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Бул үчүн эки мамлекет бир катар милдеттемелерди алган. Муну менен бирге Трамп 24 сааттын ичинде КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен да сүйлөшүү ниети бар экенин билдирген.
Кыргыздын нарк-насилин, салтын бир мыйзамга сыйдыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, этнограф Октябрь Капалбаев Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда билдирди.Ал жамандык-жакшылыкты өткөрүүдө ысырапчылыкка каршы мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек столго катышкан."Мыйзам элдин тарыхына, маданиятына, нарк-насилине, динине, дүйнө таанымына карап жазылышы керек. Анткени эл аны аткарат. Кыргыздын нарк-насилин, салтын бир мыйзамга сыйдыруу мүмкүн эмес. Анткени эл үч канат, кырк уруудан түзүлүп, аймактык өзгөчөлүктөр дагы бар", — деди Капалбаев.Ошондой эле ал аталган мыйзам долбооруна коомдук талкуу учурунда оңдоп-түзөтүүлөр кирерин эске салып, ысырапчылыкты тыюу элдин талабы экенин кошумчалады.Эске алсак, депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев жамандык, жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдаган. Анда мал союу, конок чакырууда чектөөлөр сунушталып, мыйзамды бузгандарга ири айып салуу каралган. Аймактарда каада-салттар боюнча лекциялар өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин региондордо маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Атыркүл Сейизова билдирди."Быйыл аймактарда манас таануучулардын жана тарыхчылардын катышуусунда "Манас" эпосунда камтылган кыргыз элинин каада-салттарын жайылтуу" аттуу лекциялар уюштурулат. Окумуштуулар менен чогуу кыргыз элинин салты, наркы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн региондорду кыдырып, калк арасында лекциялар уюштурулат", — деди Сейизова.IX кышкы Азия оюндарынын расмий ачылышы Кытайдын Харбин шаарында 7-февралда өтөт. Бул күндү утурлай күн мурун IX кышкы Азия оюндарынын отунун эстафетасы 120 факелчинин катышуусунда уюштурулду. Эстафета 11 чакырымга созулуп, Харбиндин тарыхый кварталдарынан тартып Сунхуа цзян дарыясына чейинки аралыкты басып өттү. Ушул эле күнү Азиаданын хоккей боюнча турнири башталды. Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 53төн ашык спортчу катышат. Белгилей кетсек, кышкы Азия оюндары 7-14-февраль күндөрү Кытайдын Харбин шаарында өтөт. Кытай АКШдан импорттогон көмүргө жана суюлтулган газга 15 пайыздык бажы салыгын киргизет. Бул тууралуу КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин алдындагы тарификация жана классификация комитетинин билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Кытай, Мексика жана Канадага бажы салыгын киргизерин айткан. Өлкө башчы Канада АКШдагы ири баңгизат аткезчилиги үчүн жооптуу экенин, наркозат ошондой эле Мексика аркылуу да келип жатканын, аны Кытай өндүрөрүн жүйө келтирген.Бүгүн Канада жана Мексика менен сүйлөшкөндөн кийин Трамп кошумча салыкты бир айга чейин токтото туруу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Бул үчүн эки мамлекет бир катар милдеттемелерди алган. Муну менен бирге Трамп 24 сааттын ичинде КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен да сүйлөшүү ниети бар экенин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/04/1091839951_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_af39062e43f81ead5a7312162f804844.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио