00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Азербайжан — Кыргыз өнүктүрүү фонду ГЭС менен тигүү цехин курууга каражат бөлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Азербайжан — Кыргыз өнүктүрүү фондунун жыйынына катышты. Анда эки долбоорду каржылоо макулдашылды. Ага ылайык:9 мВт кубаттуулуктагы чакан ГЭС; 300 иш ордун түзө турган заманбап тигүү фабрикасы. Мындан тышкары, көп функционалдуу борбордун курулушун каржылоо концепциясы бекитилди. Эске салсак, аталган фонддун уставдык капиталы 100 млн. долларга жеткен.
Бишкек шаарына Түркиядагы автобустардын акыркы партиясы келди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 29-январда Isuzu үлгүсүндөгү 25 автобус келген. “Жалпы 12 метрлик, газ менен жүрүүчү 85 автобус алып келинди. Транспорт 85 жүргүнчүгө эсептелип, анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар, боюнда барлар жана улгайгандар үчүн орундар бар. Ошондой эле кондиционер, видеокөзөмөл жана телефон кубаттагычтар менен жабдылган”, — деп айтылат маалыматта. Мэрия аларга мамлекеттик номерлер алынып, маршруттук схемалар бекитилгенден кийин каттамга чыга баштаарын кошумчалады.
Мамлекеттик салык кызматынын "жазалоочу түзүмүнүн" жоюлуусу мекеменин ишин жакшыртат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев билдирди. Анын айтымында, аймактардагы кызматкерлер жергиликтүү салык төлөөчүлөрдү жакшы билет жана ыкчам чечим кабыл ала алышат. "Борбордук аппараттын жана аймактык салык органдарынын түзүмү жана функциясы өзгөртүлдү. Мындай чечим ишкерлер, эксперттер жана салык кызматкерлери менен талдоо жүргүзүлүп, анан кабыл алынды. Натыйжада борбордук аппараттын текшерүү функциясы жоюлуп, бул укук аймактык салык органдарына өткөрүлдү. Жакшы жактарын айтсам, аймактардагы кызматкерлерде ар бир субъект тууралуу көбүрөөк маалымат бар. Ошондуктан ыкчам чечимдерди кабыл ала алышат жана салык төлөөчүдө чочулоо, түшүнбөстүк аз болот. Кызматкерлерди борбордук аппарат көзөмөлдөп турат. Бул текшерүүнүн сапатын эки эсе жогорулатат деген ойдобуз", — деди Алиев.Ал ошондой эле бул чечим өлкө казынасына түшүп жаткан салыктын көлөмүн азайтпайт деген пикирин билдирди.
Кыргызстандыктар Мамлекеттик Кремль сарайында өтө турган “Романсиада жылдыздары” аттуу концертке катыша турганын Россотрудничество билдирди. Иш-чара быйыл 12-ирет өтмөкчү. Анда элге музыкалык-мультимедиалык спектакль тартууланат. Уюштуруучулардын айтымында, орус романсынын классикасы Третьяков галереясынын жана Орус музейинин коллекциясындагы живопистин шедеврлери менен айкалышат. “Өлбөс музыка” менен живопись бири-бирин толуктап, аларды эң мыкты романс аткаруучулары жандантышмакчы. Концертке Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Болгария, Польша, Эквадор, Кытай, Түштүк Корея, Өзбекстан, Франция, Азербайжан жана Түндүк Македония өлкөлөрүнүн артисттери катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0