00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
16:40
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
18:57
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргыз-кытай экономикалык алакасы. Кытай менен сүйлөшүүлөр бир эле Кыргызстандын эмес, ЕАЭБдин деңгээлинде жүрүшү керек
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Общественный транспорт Бишкека: кто отвечает за подготовку и поведение водителей автобусов?
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Фотография как «язык общения» в современной жизни человека
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эмнеге окуучулар арасында зомбулук фактылары көбөйдү? Ички иштер министрлиги кандай аракеттерди көрүүдө?
21:04
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Интернет аркылуу мазактап, бирөөгө жалаа жапкандарга айып салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, эми социалдык тармактарда бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат. Мыйзам "Эркин-Тоо" гезитине 31-январда жарыяланып, 10 күндөн кийин күчүнө кирери белгиленген. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар курамдагы жыйынына катышты. Отурум Алматыда өттү. Анын алдында делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйыны бүгүн, 31-январда, болуп жатат. Белгилей кетсек, ЕӨАК жыйынынын күн тартибине 12 маселе киргизилген. Анын ичинде бажылык жөнгө салуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, электрондук соода жана ЕАЭБде негизги товарларга товардык рыноктордун индикаторлорунун өздүк биржа системасын түзүү маселелери талкууланат. Төрагалык кылып жаткан Беларустун премьер-министри беш өлкөнүн ИДПсы туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Негизги көрсөткүч жылдын акырына карата төрт пайыз болушу күтүлүүдө. Бул дүйнөлүк дагы, Евробиримдиктин дагы ИДПсынан жогору. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 90 миң куту "ORBIT" контрафакттык сагызын жок кылышты. Салык кызматынан маалымдашкандай, жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын, ошондой эле "ORBIT" товардык белгисинин укук ээлеринин катышуусунда өттү. Соттун чечимине ылайык, контрафакттык продукция Бишкек шаарына жакын таштанды төгүүчү жайлардын биринде, атайын меште өрттөө жолу менен жок кылынды. Эскерте кетсек, контрафакттык продукция Бишкектеги базарлардын биринен тартылып алынган. Салык кызматы Кыргызстандын аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча иштерди улантат. АКШ президенти Дональд Трамптын тышкы жардам программаларын токтотуу боюнча жарлыктарынан кийин америкалык гранттардын эсебинен жашаган украин уюмдары USAID агенттигинен бардык долбоорлорду токтотуу талабы айтылган каттарды алышкан. Бул тууралуу Kyiv Independent басылмасынын башкы редактору Ольга Руденко билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, каттарда "ишмердүүлүктү токтотуу" жана "жаңы чыгымдарга жол бербөө" талаптары камтылып, украин долбоорлорун каржылоо бир түндө токтоп, эсептеги каражат тоңдурулган. Эскерте кетсек, буга чейин Ак үй Трамп башка мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Мындай чара программалардын АКШнын кызыкчылыгына канчалык туура келерин талдоо үчүн көрүлмөкчү. Британиянын The Guardian басылмасы Трамптын чечими Украина үчүн күтүүсүз болгонун, бир катар долбоорлор бир заматта токтоп калганын жазган. Гезиттин маалыматы боюнча, Вашингтон Киев режиминин маанилүү деген долбоорлорду каржылоону улантуу боюнча өтүнүчүн четке каккан.
Жазылуу
Интернет аркылуу мазактап, бирөөгө жалаа жапкандарга айып салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, эми социалдык тармактарда бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат. Мыйзам "Эркин-Тоо" гезитине 31-январда жарыяланып, 10 күндөн кийин күчүнө кирери белгиленген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар курамдагы жыйынына катышты. Отурум Алматыда өттү. Анын алдында делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйыны бүгүн, 31-январда, болуп жатат. Белгилей кетсек, ЕӨАК жыйынынын күн тартибине 12 маселе киргизилген. Анын ичинде бажылык жөнгө салуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, электрондук соода жана ЕАЭБде негизги товарларга товардык рыноктордун индикаторлорунун өздүк биржа системасын түзүү маселелери талкууланат. Төрагалык кылып жаткан Беларустун премьер-министри беш өлкөнүн ИДПсы туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Негизги көрсөткүч жылдын акырына карата төрт пайыз болушу күтүлүүдө. Бул дүйнөлүк дагы, Евробиримдиктин дагы ИДПсынан жогору.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 90 миң куту "ORBIT" контрафакттык сагызын жок кылышты. Салык кызматынан маалымдашкандай, жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын, ошондой эле "ORBIT" товардык белгисинин укук ээлеринин катышуусунда өттү. Соттун чечимине ылайык, контрафакттык продукция Бишкек шаарына жакын таштанды төгүүчү жайлардын биринде, атайын меште өрттөө жолу менен жок кылынды. Эскерте кетсек, контрафакттык продукция Бишкектеги базарлардын биринен тартылып алынган. Салык кызматы Кыргызстандын аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча иштерди улантат.
АКШ президенти Дональд Трамптын тышкы жардам программаларын токтотуу боюнча жарлыктарынан кийин америкалык гранттардын эсебинен жашаган украин уюмдары USAID агенттигинен бардык долбоорлорду токтотуу талабы айтылган каттарды алышкан. Бул тууралуу Kyiv Independent басылмасынын башкы редактору Ольга Руденко билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, каттарда "ишмердүүлүктү токтотуу" жана "жаңы чыгымдарга жол бербөө" талаптары камтылып, украин долбоорлорун каржылоо бир түндө токтоп, эсептеги каражат тоңдурулган. Эскерте кетсек, буга чейин Ак үй Трамп башка мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Мындай чара программалардын АКШнын кызыкчылыгына канчалык туура келерин талдоо үчүн көрүлмөкчү. Британиянын The Guardian басылмасы Трамптын чечими Украина үчүн күтүүсүз болгонун, бир катар долбоорлор бир заматта токтоп калганын жазган. Гезиттин маалыматы боюнча, Вашингтон Киев режиминин маанилүү деген долбоорлорду каржылоону улантуу боюнча өтүнүчүн четке каккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0