https://sputnik.kg/20250127/1091663553.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары үч күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.Маалыматка... 27.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-27T13:00+0600
2025-01-27T13:00+0600
2025-01-27T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1b/1091663421_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fab1cff20f55f087aff26365e194c27f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары үч күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Кытайда Жаз майрамы белгиленгенине байланыштуу 29-январдан 31-январга чейин аталган бекеттер убактылуу жабылат.Чек ара 1-февралдан тарта ачылып, өткөрүү пунктулары кадимки тартипте иштей баштаары кошумчаланды.
Кыргызстанга жасалма виза менен мекендештерин алып келип жүргөн пакистандыктар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.Маалыматка ылайык, шектүүлөр жасалма документ үчүн 2000 доллардан алып, ал аз келгенсип жумушчулардын айлыктарын дагы тартып алып турушкан.Кылмышка шектелип Пакистандын 41, 34 жана 30 жаштагы жарандары кармалып, абакка камалганы белгиленди.Мындан тышкары, визасынын мөөнөтү өтүп кеткен Пакистан менен Непалдын 13 жараны аныкталып, айып салынганы кошумчаланды.
Кримтөбөлдөргө таянып кыздарды зордуктоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, К.Н. аттуу киши 2013-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен жакшы мамиледе болуп, аларды системалуу түрдө каржылап турган."К.Н. уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, тагыраагы, опуза жана коркутуу жолдору менен кыздарды зордуктаган", — деп билдирди УКМК.Шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылган.Мекеме АКШда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын эскертти."ТИМ АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаган Кыргызстандын жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт. Министрлик суроолор пайда болгондо элчиликке жана Чикагодогу консулдукка кайрылууну өтүнөт", — деп жазылган маалыматта.
Соңку 40 жылда АКШ бир дагы аскердик кагылышта жеңишке жетишкен эмес. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти Жей Ди Венс билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, ушу тапта Пентагон кадрдык жана технологиялык кризисте."Акыркы 40 жылда биз көптөгөн аскердик кагылыштарга катышып, бирок бир дагы жеңишке жете алган жокпуз. Ошондой эле армия олуттуу кризиске кептелип, сатып алууларда ысырапкорчулукка жол берилген. Биз миллиарддаган долларга учактарды сатып алабыз, бирок алар өз убагында жеткирилбейт", — деди Вэнс. Жума күнү Вэнс Сенаттын төрагасы катары коргоо министри кызматына көрсөтүлүп жаткан Пит Хегсеттин талапкерлиги каралып жатканда аралашууга аргасыз болгон. Анткен менен айыптоолордон улам бир катар республикачылар Хегсетке каршы добуш беришкен.Вице-президент талапкер Пентагондун ишине өзгөрүүлөрдү алып келерин айтып, аны "шаблондорду талкалаган" жетекчи катары сыпаттады.Хегсетке коюлган айыптардын катарында алкоголду ашыкча колдонуу, туура эмес жүрүм-турум бар. Өзү мунун баарын четке кагып келет.
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары үч күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Кытайда Жаз майрамы белгиленгенине байланыштуу 29-январдан 31-январга чейин аталган бекеттер убактылуу жабылат.Чек ара 1-февралдан тарта ачылып, өткөрүү пунктулары кадимки тартипте иштей баштаары кошумчаланды.Кыргызстанга жасалма виза менен мекендештерин алып келип жүргөн пакистандыктар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.Маалыматка ылайык, шектүүлөр жасалма документ үчүн 2000 доллардан алып, ал аз келгенсип жумушчулардын айлыктарын дагы тартып алып турушкан.Кылмышка шектелип Пакистандын 41, 34 жана 30 жаштагы жарандары кармалып, абакка камалганы белгиленди.Мындан тышкары, визасынын мөөнөтү өтүп кеткен Пакистан менен Непалдын 13 жараны аныкталып, айып салынганы кошумчаланды.Кримтөбөлдөргө таянып кыздарды зордуктоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, К.Н. аттуу киши 2013-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен жакшы мамиледе болуп, аларды системалуу түрдө каржылап турган."К.Н. уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, тагыраагы, опуза жана коркутуу жолдору менен кыздарды зордуктаган", — деп билдирди УКМК.Шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылган.Мекеме АКШда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын эскертти."ТИМ АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаган Кыргызстандын жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт. Министрлик суроолор пайда болгондо элчиликке жана Чикагодогу консулдукка кайрылууну өтүнөт", — деп жазылган маалыматта. Соңку 40 жылда АКШ бир дагы аскердик кагылышта жеңишке жетишкен эмес. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти Жей Ди Венс билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, ушу тапта Пентагон кадрдык жана технологиялык кризисте."Акыркы 40 жылда биз көптөгөн аскердик кагылыштарга катышып, бирок бир дагы жеңишке жете алган жокпуз. Ошондой эле армия олуттуу кризиске кептелип, сатып алууларда ысырапкорчулукка жол берилген. Биз миллиарддаган долларга учактарды сатып алабыз, бирок алар өз убагында жеткирилбейт", — деди Вэнс. Жума күнү Вэнс Сенаттын төрагасы катары коргоо министри кызматына көрсөтүлүп жаткан Пит Хегсеттин талапкерлиги каралып жатканда аралашууга аргасыз болгон. Анткен менен айыптоолордон улам бир катар республикачылар Хегсетке каршы добуш беришкен.Вице-президент талапкер Пентагондун ишине өзгөрүүлөрдү алып келерин айтып, аны "шаблондорду талкалаган" жетекчи катары сыпаттады.Хегсетке коюлган айыптардын катарында алкоголду ашыкча колдонуу, туура эмес жүрүм-турум бар. Өзү мунун баарын четке кагып келет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1b/1091663421_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_666c31f3a533755b3e786d227e8b321b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио