00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:53
7 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:50
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Эртең электр энергиясына карызы бар Бишкектеги 5300дөн ашык абонент дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасы билдирди. Белгиленгендей, шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн компаниянын сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү бар, анын жардамы менен компаниянын бардык абоненттери, анын ичинде турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттери каалаган убакта жеке кабинетинин абалын көрө алышат. Мындан тышкары, турак-жай абоненттери өз балансын Play Market жана AppStore аркылуу орнотулган «Менин жарыгым» мобилдик тиркемеси аркылуу биле алышат.
Кыргызстанда такси чакыргандар көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеменин маалыматында өткөн жылы буйрутма менен болгон сапарлардын саны 10 пайызга өскөн. Мындайча айтканда, Кыргызстанда былтыр 43,4 миллион жолу такси чакыртылган. Ошондой эле Улуттук банктын соңку маалыматына караганда, такси үчүн орточо төлөм 197 сомду түзөт. Бирок кеп накталай эмес, электрондук түрдө берилген каражат тууралуу болууда.
Камчыбек Ташиев Испанияга барып, жаш футболчуларга дем берүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлап, видеосу менен бөлүштү."КФБ жетекчиси Камчыбек Ташиев жигиттерибизге оюн талаасында гана эмес, анын тышында да өзгөчө кам көрүүдө", — деп жазылган таратылган маалыматта.Учурда футбол боюнча U-20 жаштар курама командасы чет өлкөдө Азия кубогуна карата бир айга чукулдаган окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө. Бүгүн алар "Барселона" футболдук клубунун жаштар командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүшөт.
Түркиядагы тоо лыжа базасында 78 адамдын өмүрүн алган өрттүн чыгышы боюнча ишти иликтөөнүн алкагында 15 адам камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости Sabah маалымат сайтына таянып жазды. Ишембиде Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эч кандай шек жараткан жагдайлар болбошу үчүн сот системасы окуянын бардык аспектилерин ачыктоого болгон аракетин жумшап жатканын айткан. Ошондой эле ал бул кырсыктын айланасында саясий талаш-тартыштарды чыгаргандарды абийирге келүүгө чакырган. “Беш шектүү, анын ичинде Болу муниципалитетинин мэринин орун басары Седат Гюленер, өрт департаментинин директорунун орун басары Кенан Жошкун соттук териштирүүлөрдө болушту. Болу Карталкая лыжа базасындагы Grand Kartal мейманканасында 78 адам каза болгон өрттү иликтөөнүн алкагында камалган шектүүлөрдүн саны 15ке жетти”, – деп жазылат маалыматта. Эске салсак, 21-январда Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая курортунда өрт чыккан. Эс алуучулардын көбү бири-бирине уланып байланган шейшептерди кармап түшүүгө аракет кылышкан, айрымдары терезеден секиришкен. Жалпы жонунан 51 киши жабыркаганы айтылган.
Беларустагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңишке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн БШКсы маалымдаганын Sputnik Беларусь кабарлады.Маалыматка ылайык, бул — бюллетендердин 100 пайызы саналып бүткөндөн кийинки жыйынтык. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен баарына каршы 3,60 пайыз, Сергей Сыранков добуштардын 3,21 пайызына, Олег Гайдукеевич 2,02, Анна Канопацкая 1,86, Александр Хижняк 1,74 пайызына ээ болгон. Ошондой эле акыркы жыйынтык жараксыз бюллетендер саналганда чыга турганы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0