00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Рост экономики КР: реальный прогресс или удачное стечение внешних факторов?
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
«Кыргызтелеком» улуттук телекоммуникация оператору статусуна ээ болду — эмне өзгөрөт?
09:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Каким должен быть учитель сегодня и готовы ли школы к новым детям?
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Уркуя Салиеванын өмүр жолу эмнеси менен тарыхта эсте калды?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө маданиятынын пайдубалы: Улуттук театр 100 жылдык мааракесин белгилейт
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча комментарий берди. Эске салсак, буга чейин ЖМКларга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаевди жок кылууга жеке өзү буйрук бергени боюнча маалымат тараган. Бирок Ташиев кийин муну төгүндөгөн. Өлкө башчы Жапаров Ташиев оюн орус тилинде жеткиликсиз айтып алганын белгилеген. "Кызматкерлер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын чегинен чыгышкан эмес. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам жана инструкция бар. Ушул мыйзамдар иштеген. Бул мыйзамдар эч кимдин буйругусуз аткарылат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып, оюн толук жеткире албай калган. Бул мыйзам бардык өлкөлөрдө колдонулат, дүйнөлүк практика", — деген президент. Ал ошондой эле кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөтсө аскерлердин өмүрүн тобокелге салууга болбой турганын белгилеген.
Өткөн жылы Баткен облусунда 14 мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн жылы бир катар мектептерде оңдоп-түзөө жана долбоорлоо иштери жүргөн. “Былтыр, 2024-жылы Баткен облусунун аймагында жалпы 31 мектепте курулуш, капиталдык оңдоп-түзөө жана долбоорлоо иштери жүрдү. Ал эми жыл соңунда 14 билим берүү мекемесинин курулушу аяктап, колдонууга берилди”, - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле маалыматта 14 мектептин ичинен үчөө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү айтылган.
Өлкөдөгү жолдордо жана ашууларда Жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Мекемеден маалымдашкандай, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында кум-туз аралашмасы себилип, жол тазалоо иштери жүрүп жатат. Ушундай эле иштер Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында уланууда. Министрликтен белгилешкендей, Бишкек –Ош автомобиль жолундагы Сосновка, Арал посторунда жана Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу авто унааларга коюлган чектɵɵлɵр дагы деле күчүндɵ.
Украина менен болгон чатакты жөнгө салууда кеп бузууга болбой турган механизмдер бекитилген юридикалык макулдашуулар жаатында жүрүшү шарт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши менен болгон жолугушууда билдирди. "Кесиптештерибизди Украинадагы чатакты жөнгө салуудагы акыркы окуялар боюнча маалымдар кылдык. Атайын операцияда коюлган максаттарга жетүү боюнча ойдон кайтпасыбызды жана анын түпкү себептерин жок кылуу менен кризисти жөндөөнү белгиледик. Ансыз чыр-чатакты токтотуу мүмкүн эмес экенин түшүнүү, демек, Европада жана АКШда да күч алууда. Кеп бузууга болбой турган механизмдер бекитилген ишенимдүү, юридикалык жактан милдеттендирген келишимдер туурасында болорун айттык", — деди Лавров. Эскерте кетсек, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев учурда Россияда иш сапары менен жүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0