https://sputnik.kg/20250117/1091469581.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Төрт-беш жылдан кийин коом өзү коррупцияга жол бербей калат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолукканда... 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T11:00+0600
2025-01-17T11:00+0600
2025-01-17T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091469449_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1773c9738cb52cee5dcfa504b27d2be1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Төрт-беш жылдан кийин коом өзү коррупцияга жол бербей калат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолукканда билдирди.Анын айтымында, күрөш тармак-тармак боюнча жүрүп жатат. "Билим берүү тармагындагы коррупциялык схемаларды жокко чыгарып, студенттердин таза окуусун камсыздап, ушинтип төрт-беш жыл катуу кармап турсак, андан кийин коом өзү көнүп калат. Андан кийин бизсиз эле эч ким коррупцияга жол бербей калат. Студенттер, мугалимдер дагы билип, эч ким коррупциялык иштер менен алектенбей калат", — деди Ташиев. Ошондой эле ал өлкөдө мамлекеттик система иштебей калганын, аны калыбына келтирүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, ал тургай УКМК дагы коррупциядан толук арыла электигин айтты. Төраганын айтымында, былтыр жети кызматкер кылмыш жазасына тартылып, 20дай адам иштен айдалган.
1-апрелден баштап Афган согушунун катышуучуларынын кенемтесин көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери Афган согушунун катышуучуларына жеңилдиктердин ордуна кенемтелер төлөнүп келген. "2010-жылдын 1-январынан азыркы учурга чейин кенемтенин өлчөмү жашаган аймакка карабастан 1000 сомдон 7000 сомго чейин белгиленген. Ошондон бери акчалай компенсациянын көлөмү көбөйгөн эмес", — деп айтылат негиздемеде. Ошондой эле соңку жылдары бардык нерсе кымбаттаганы белгиленген.
Россия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Жээнбек Кулубаев 22-январда Москвада жолугат. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр Кулубаевдин расмий сапарынын алкагында жүргүзүлөт. "Россия менен Кыргызстандын тышкы иштер органдарынын жетекчилери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле евразиялык интеграция, глобалдык жана аймактык коопсуздук, эл аралык платформаларда биргелешкен кадамдарды координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө. ", — деди Захарова.Жолугушууда ЖККУдагы кызматташууга да өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.
Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылап, 71 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости палестиналык Al Aqsa телеканалына таянып билдирди.Израиль бүгүн ХАМАСты "макулдашууну бузду" деп айыптап, келишимди бекитүүдөн баш тартты. Тель-Авив палестиналык кыймылдан келишимдин чоо-жайын ортомчулар аркылуу ырастоону талап кылды.Ал эми ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Ришк атышууну токтотуу келишимин жактай турганын белгилеген.Израиль менен Палестина ок атууну токтотуп, тынчтык cүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашкан. Тараптарга Катар, АКШ жана Египет ортомчулук кылган. Катар өкмөтүнүн башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани билдиргендей, келишим 19-январда күчүнө кирет. Биринчи этапта 33 израилдик туткун, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жарандар бошотулат. Жооп катары Израилден палестиналык туткундар чыгарылат.Келишимдин биринчи этабы 42 күнгө созулат. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Катар, Египет жана АКШ Каирде биргелешкен топ түзөт.
Төрт-беш жылдан кийин коом өзү коррупцияга жол бербей калат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолукканда билдирди.Анын айтымында, күрөш тармак-тармак боюнча жүрүп жатат. "Билим берүү тармагындагы коррупциялык схемаларды жокко чыгарып, студенттердин таза окуусун камсыздап, ушинтип төрт-беш жыл катуу кармап турсак, андан кийин коом өзү көнүп калат. Андан кийин бизсиз эле эч ким коррупцияга жол бербей калат. Студенттер, мугалимдер дагы билип, эч ким коррупциялык иштер менен алектенбей калат", — деди Ташиев. Ошондой эле ал өлкөдө мамлекеттик система иштебей калганын, аны калыбына келтирүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, ал тургай УКМК дагы коррупциядан толук арыла электигин айтты. Төраганын айтымында, былтыр жети кызматкер кылмыш жазасына тартылып, 20дай адам иштен айдалган.1-апрелден баштап Афган согушунун катышуучуларынын кенемтесин көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери Афган согушунун катышуучуларына жеңилдиктердин ордуна кенемтелер төлөнүп келген. "2010-жылдын 1-январынан азыркы учурга чейин кенемтенин өлчөмү жашаган аймакка карабастан 1000 сомдон 7000 сомго чейин белгиленген. Ошондон бери акчалай компенсациянын көлөмү көбөйгөн эмес", — деп айтылат негиздемеде. Ошондой эле соңку жылдары бардык нерсе кымбаттаганы белгиленген.Россия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Жээнбек Кулубаев 22-январда Москвада жолугат. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр Кулубаевдин расмий сапарынын алкагында жүргүзүлөт. "Россия менен Кыргызстандын тышкы иштер органдарынын жетекчилери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле евразиялык интеграция, глобалдык жана аймактык коопсуздук, эл аралык платформаларда биргелешкен кадамдарды координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө. ", — деди Захарова.Жолугушууда ЖККУдагы кызматташууга да өзгөчө көңүл бурулары белгиленди. Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылап, 71 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости палестиналык Al Aqsa телеканалына таянып билдирди.Израиль бүгүн ХАМАСты "макулдашууну бузду" деп айыптап, келишимди бекитүүдөн баш тартты. Тель-Авив палестиналык кыймылдан келишимдин чоо-жайын ортомчулар аркылуу ырастоону талап кылды.Ал эми ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Ришк атышууну токтотуу келишимин жактай турганын белгилеген.Израиль менен Палестина ок атууну токтотуп, тынчтык cүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашкан. Тараптарга Катар, АКШ жана Египет ортомчулук кылган. Катар өкмөтүнүн башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани билдиргендей, келишим 19-январда күчүнө кирет. Биринчи этапта 33 израилдик туткун, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жарандар бошотулат. Жооп катары Израилден палестиналык туткундар чыгарылат.Келишимдин биринчи этабы 42 күнгө созулат. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Катар, Египет жана АКШ Каирде биргелешкен топ түзөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091469449_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8aa0b48896d986ad2a20d0cfd93e9aa6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио