https://sputnik.kg/20250115/aksh-rossiyany-satyp-ketkenderdin-baaryn-zhogotot-1091406565.html
Украина жөнгө салынгандан кийин АКШ Россияны сатып кеткендердин баарын жок кылат
Украина жөнгө салынгандан кийин АКШ Россияны сатып кеткендердин баарын жок кылат
Sputnik Кыргызстан
Батыш бир муштум болуп, баарын жеңмекчи болуп турган чакта америкалык бизнес саясаттан тыш калып, Европанын ишкерлери дал ушул саясий себептерден улам... 15.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-15T20:07+0600
2025-01-15T20:07+0600
2025-01-15T20:07+0600
дүйнөдө
россия
батыш
акш
европа
экономика
бизнес
чыккынчылык
мамиле
колумнистика
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091398198_0:7:1440:817_1920x0_80_0_0_4ee3ed2bf85c8c6931daa53162648ac0.png.webp
Демократия менен цивилизациянын ана башында турган Батыш мамлекеттерин бириктирип турган ырк өтө бекем, бузулгус деп айтылып келген эле. Батыштын негизги күчү менен күчтүү куралы да тышкы коркунучтарга каршы турган биримдиги экени баарыбызга маалым. Ал эми тышкы коркунуч деп алар Россияны эсептей турганы да жашыруун эмес экенин РИА Новости агенттигинин колумнисти жазды.Жо Байден 2023-жылы Путин менен жолугар алдында "АКШ дайым Европа мамлекеттери менен бирге болорун" убадалаган. Мындан дегеле күмөн санабаган Европа атайын аскердик операция башталары менен эч ойлонбостон жеңиш үчүн деп экономикасын да, коопсуздугун да, саясий туруктуулугу менен социалдык стабилдүүлүгүн, ошондой эле келечегин да садага чаап жиберди.АКШ Европа менен Россиянын ортосунда экономикалык байланыштын үзүлүшүн жана Евробиримдиктин масштабдуу санкцияларды киргизүүсүн кубануу менен кабыл алып, европалык компаниялардын Россиядан кетүүсүн кош колдоп кубаттап (иш жүзүндө мажбурлап) турду. Кимдир бирөө дароо чыгып кетсе, айрымдар анча шашылган жок. Мындан улам өткөн жылдын соңунда калган-каткан европалык компаниялардын Россиядан чыгып кетүүсүн шарттаган евросанкциянын 15-пакети киргизилди.Бирок эки күн мурун союздаштыкка терең берилген немец, француз жана башка европалык ишкерлер Американын Newsweek басылмасын ача салып дал болуп калышты.Көрсө, Россияда ири салык төлөгөн чет мамлекеттердин сап башын негизги санкциячы АКШ ээлептир. Америкалык компаниялар 2023-жылы эле Россия бюджетине 1,2 миллиард доллар салык төккөн экен. Европалыктарды кол булгалап узатып жиберип, Россияда АКШнын Philip Morris International, PepsiCo, Mars, Procter & Gamble, Mondelez, Citigroup, Johnson & Johnson, Coca-Cola Hellenic, Weatherford, Colgate-Palmolive сыяктуу 123 компаниясы ишин улантууда. Кантип деген суроого алар "инвесторлорунун абийири Россияда иштөөгө жол берерин" айтып жооп беришкен. АКШнын Россиядагы мурунку элчиси Майкл Макфол мындай жагдайды "өтө уят" деп атаганы менен аларды тез арада чыгып кеткиле деген деле жок.Эшикти тарс жаап чыгып кеткендердин арасында шек-шыбаасын билгизбей акырын Россиянын рыногуна кайтып келгендери да бар экен. McDonald"s сыяктуу америкалык капитал менен оокат кылган компаниялардын басымдуу бөлүгү бизнесин россиялыктарга 15 жылдын ичинде кайра сатып алам деген шарт менен сатып кеткени маалым болду. Жакында ошол эле McDonald"s 2024-жылдын аягында Роспатентке товардык белгилерди каттатуу үчүн 50 билдирме калтырганы аныкталган, бул компаниянын расмий кайтышы ыктымал экенин түшүндүрөт. Атайын аскердик операция башталгандан кийин россиялык инвесторлор менен биргеликте ачылган ишканадан чыккан Американын Ford концерни да келишимге беш жыл ичинде активдерин кайра сатып алуу каралган пункт кошуп кеткен.Россия Соода-экономикалык палатасынын маалыматы боюнча, америкалык фирмалардын көбү аталышын өзгөртүп ишин улантууда. Кээси ызы-чуу кылбай эле активдерин "дос өлкөлөрдө", анын ичинде Кытай да бар, катталган туунду компанияларына өткөрүп берип койгон.Кечээ европалык DPA агенттиги Еврокомиссиянын докладынын чет-бучкагын чыгарып, Европа экономикасы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготту деген корутундуну кыйытты. Доклад өзү кийинки жуманын ортолорунда жарыяланмакчы. Мына ушул жерден европалыктар бир силкинди.Албетте, мындай ачылышты батынып ачыкка чыгаргандар саналуу. Бундестагдын депутаты жана өзү түзгөн партиянын жетекчиси Сара Вагенкнехт антироссиялык санкциялар "АКШ экономикасын шыктандырып, немец жана европалык компанияларды жок кылуучу программа" экенин билдирди. "Андыктан эгер өлкөбүз кайрадан бутуна турсун десек, бул санкциялык саясатты мындан ары колдобошубуз керек" деди саясатчы айым."Германия үчүн альтернатива" партиясынын жетекчиси Элис Вайдель да ушу сыяктуу билдирүү жасады. Ал эгер шайлоодо жеңишке жетип калса немец бизнесинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кайтаруу үчүн "Түндүк агымдын" ишин жандантууну убадалады.Суроо туулат: Батыш бир муштум болуп, баарын жеңмекчи болуп турган чакта америкалык бизнес кантип саясаттан тыш калып, Европанын ишкерлери кандайча курмандыкка чалынып кетти? Алданып калдыбы?Эми АКШ менен Россия "келишүү" босогосунда турганда европалыктардын барган сайын тынчы кетүүдө. Schneider Group консалтинг компаниясынын жетекчиси Ульф Шнайдер Berliner Zeitung гезитине "ВMW, Mercedes жана Audi 2025-жылы Россия рыногуна кайтууну көздөп жатканын" айткан. Европалык авиакомпаниялар Россия асманынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат, аларга азыр "атаандаштыктагы артыкчылыгын" кайтаруу абдан зарыл болуп турат. Ошол эле IKEA товардык белгилеринин каттоосун 2033-жылдын августуна чейин узартууга кам уруп жатат.Айтор, азыр европалык бизнестин Россияга кайтып келүүгө эки көзү төрт.Ичибиз ачышып турат деп деле айта албайбыз, бирок ортодогу жарым кылымдан берки мамилени Батыш өзү бузду, бул мезгил аралыгында Россия бир да жолу алакага доо кетирген эмес. Ал эми азыр европалыктарды коюн-колтук алышкан союздашы сатып отурат.Америка дайым силер менен болорун убадалабады беле, сөзүнө туруп, атаандашынын өзүн-өзү жок кылганына күбө болду.
https://sputnik.kg/20250110/zhmklar-evrobirimdik-tramptan-ulam-tuysholup-zhatkanyn-zhazdy-1091336870.html
https://sputnik.kg/20241220/tramp-evrobirimdik-tarif-korkuttu-1090967843.html
батыш
акш
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Кирилл Стрельников
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/0f/1090199302_500:20:742:262_100x100_80_0_0_fb5fc62f86add9bd3f0f27e1d043c932.jpg.webp
Кирилл Стрельников
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/0f/1090199302_500:20:742:262_100x100_80_0_0_fb5fc62f86add9bd3f0f27e1d043c932.jpg.webp
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091398198_172:0:1269:823_1920x0_80_0_0_595c62f8708dabfa73ee36d65aca2d6b.png.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Кирилл Стрельников
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/0f/1090199302_500:20:742:262_100x100_80_0_0_fb5fc62f86add9bd3f0f27e1d043c932.jpg.webp
дүйнөдө, россия, батыш, акш, европа, экономика, бизнес, чыккынчылык, мамиле, колумнистика, колумнисттер
дүйнөдө, россия, батыш, акш, европа, экономика, бизнес, чыккынчылык, мамиле, колумнистика, колумнисттер
Украина жөнгө салынгандан кийин АКШ Россияны сатып кеткендердин баарын жок кылат
Батыш бир муштум болуп, баарын жеңмекчи болуп турган чакта америкалык бизнес саясаттан тыш калып, Европанын ишкерлери дал ушул саясий себептерден улам курмандыкка чалынып кеткенин аңдоого болот. Кантип деген суроо туулат.
Демократия менен цивилизациянын ана башында турган Батыш мамлекеттерин бириктирип турган ырк өтө бекем, бузулгус деп айтылып келген эле. Батыштын негизги күчү менен күчтүү куралы да тышкы коркунучтарга каршы турган биримдиги экени баарыбызга маалым. Ал эми тышкы коркунуч деп алар Россияны эсептей турганы да жашыруун эмес экенин
РИА Новости агенттигинин колумнисти жазды.
Жо Байден 2023-жылы Путин менен жолугар алдында "АКШ дайым Европа мамлекеттери менен бирге болорун" убадалаган. Мындан дегеле күмөн санабаган Европа атайын аскердик операция башталары менен эч ойлонбостон жеңиш үчүн деп экономикасын да, коопсуздугун да, саясий туруктуулугу менен социалдык стабилдүүлүгүн, ошондой эле келечегин да садага чаап жиберди.
АКШ Европа менен Россиянын ортосунда экономикалык байланыштын үзүлүшүн жана Евробиримдиктин масштабдуу санкцияларды киргизүүсүн кубануу менен кабыл алып, европалык компаниялардын Россиядан кетүүсүн кош колдоп кубаттап (иш жүзүндө мажбурлап) турду. Кимдир бирөө дароо чыгып кетсе, айрымдар анча шашылган жок. Мындан улам өткөн жылдын соңунда калган-каткан европалык компаниялардын Россиядан чыгып кетүүсүн шарттаган евросанкциянын 15-пакети киргизилди.
Бирок эки күн мурун союздаштыкка терең берилген немец, француз жана башка европалык ишкерлер Американын Newsweek басылмасын ача салып дал болуп калышты.
Көрсө, Россияда ири салык төлөгөн чет мамлекеттердин сап башын негизги санкциячы АКШ ээлептир. Америкалык компаниялар 2023-жылы эле Россия бюджетине 1,2 миллиард доллар салык төккөн экен. Европалыктарды кол булгалап узатып жиберип, Россияда АКШнын Philip Morris International, PepsiCo, Mars, Procter & Gamble, Mondelez, Citigroup, Johnson & Johnson, Coca-Cola Hellenic, Weatherford, Colgate-Palmolive сыяктуу 123 компаниясы ишин улантууда. Кантип деген суроого алар "инвесторлорунун абийири Россияда иштөөгө жол берерин" айтып жооп беришкен. АКШнын Россиядагы мурунку элчиси Майкл Макфол мындай жагдайды "өтө уят" деп атаганы менен аларды тез арада чыгып кеткиле деген деле жок.
Эшикти тарс жаап чыгып кеткендердин арасында шек-шыбаасын билгизбей акырын Россиянын рыногуна кайтып келгендери да бар экен. McDonald"s сыяктуу америкалык капитал менен оокат кылган компаниялардын басымдуу бөлүгү бизнесин россиялыктарга 15 жылдын ичинде кайра сатып алам деген шарт менен сатып кеткени маалым болду. Жакында ошол эле McDonald"s 2024-жылдын аягында Роспатентке товардык белгилерди каттатуу үчүн 50 билдирме калтырганы аныкталган, бул компаниянын расмий кайтышы ыктымал экенин түшүндүрөт. Атайын аскердик операция башталгандан кийин россиялык инвесторлор менен биргеликте ачылган ишканадан чыккан Американын Ford концерни да келишимге беш жыл ичинде активдерин кайра сатып алуу каралган пункт кошуп кеткен.
Россия Соода-экономикалык палатасынын маалыматы боюнча, америкалык фирмалардын көбү аталышын өзгөртүп ишин улантууда. Кээси ызы-чуу кылбай эле активдерин "дос өлкөлөрдө", анын ичинде Кытай да бар, катталган туунду компанияларына өткөрүп берип койгон.
Кечээ европалык DPA агенттиги Еврокомиссиянын докладынын чет-бучкагын чыгарып, Европа экономикасы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготту деген корутундуну кыйытты. Доклад өзү кийинки жуманын ортолорунда жарыяланмакчы. Мына ушул жерден европалыктар бир силкинди.
Албетте, мындай ачылышты батынып ачыкка чыгаргандар саналуу. Бундестагдын депутаты жана өзү түзгөн партиянын жетекчиси Сара Вагенкнехт антироссиялык санкциялар "АКШ экономикасын шыктандырып, немец жана европалык компанияларды жок кылуучу программа" экенин билдирди. "Андыктан эгер өлкөбүз кайрадан бутуна турсун десек, бул санкциялык саясатты мындан ары колдобошубуз керек" деди саясатчы айым.
"Германия үчүн альтернатива" партиясынын жетекчиси Элис Вайдель да ушу сыяктуу билдирүү жасады. Ал эгер шайлоодо жеңишке жетип калса немец бизнесинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кайтаруу үчүн "Түндүк агымдын" ишин жандантууну убадалады.
Суроо туулат: Батыш бир муштум болуп, баарын жеңмекчи болуп турган чакта америкалык бизнес кантип саясаттан тыш калып, Европанын ишкерлери кандайча курмандыкка чалынып кетти? Алданып калдыбы?
Эми АКШ менен Россия "келишүү" босогосунда турганда европалыктардын барган сайын тынчы кетүүдө. Schneider Group консалтинг компаниясынын жетекчиси Ульф Шнайдер Berliner Zeitung гезитине "ВMW, Mercedes жана Audi 2025-жылы Россия рыногуна кайтууну көздөп жатканын" айткан. Европалык авиакомпаниялар Россия асманынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат, аларга азыр "атаандаштыктагы артыкчылыгын" кайтаруу абдан зарыл болуп турат. Ошол эле IKEA товардык белгилеринин каттоосун 2033-жылдын августуна чейин узартууга кам уруп жатат.
Айтор, азыр европалык бизнестин Россияга кайтып келүүгө эки көзү төрт.
Ичибиз ачышып турат деп деле айта албайбыз, бирок ортодогу жарым кылымдан берки мамилени Батыш өзү бузду, бул мезгил аралыгында Россия бир да жолу алакага доо кетирген эмес. Ал эми азыр европалыктарды коюн-колтук алышкан союздашы сатып отурат.
Америка дайым силер менен болорун убадалабады беле, сөзүнө туруп, атаандашынын өзүн-өзү жок кылганына күбө болду.
20 Бештин айы 2024, 14:56