00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
21:53
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖМКлар Евробиримдик Трамптан улам түйшөлүп жатканын жазды

© AP Photo / Evan VucciАКШнын шайланган президенти Дональд Трамп
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп
 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Евробиримдиктин аткаминерлери АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Жозеф Байдендин антироссиялык жарлыктарын жокко чыгарып салышы мүмкүн деп тынчсызданып жатат. Бул туурасында РИА Новости Financial Times басылмасына таянып жазды.
Басылма ЕБдеги тынчсыздануулар өсүп жаткан учурда Байдендин чыгарган жарлыктарын, өзгөчө Россияга каршы документтерди карап чыгуу боюнча эксперттик топ түзүлгөнүн билдирүүдө. Маалымат булактын айтымында, Брюссель бул чектөөлөрдү Москва менен Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө курал кылып пайдаланууну пландаган.
"Еврокомиссиянын жогорку кызматтагы аткаминерлери бул жокко чыгаруу ЕБдин саясатына кандай таасир берерин түшүнүү үчүн Байдендин Россияга каршы санкцияларынан тарта соода, киберкылмыштуулукка чейинки жарлыктарын анализдөөгө камынды", — деп айтылган анда.
Басылма ЕБ Байден киргизгени үчүн эле Трамп бир катар маанилүү деген чараларды токтотуп коюшу мүмкүндүгүн белгилеп жатат.
Аткарылуучу жарлыктарга АКШнын президенти кол коет жана ал кайсы учурда болбосун жокко чыгарылышы мүмкүн. Адатта мамлекеттин жаңы башчысы кызматка киришкенден кийин учурдагы жарлыктарды карап чыгат. 2017-жылы Трамп Барак Обама баштаган Кубадагы "жылуу желаргыны" токтоткон жана климат боюнча Париж макулдашуусунан баш тарткан. Бир жылдан кийин АКШнын Иран менен болгон өзөктүк куралдар боюнча келишиминен чыккан.
Батыш Украинадагы атайын операциядан кийин Россияга карата салынган санкцияларды катуулатып, бул Европа менен АКШда электр кубатынын, отундун жана тамак-аштын кымбатташына алып келди. Чатак башталган 2022-жылдын февралынан тарта ЕБ Россияга карата санкциялардын 14 пакетин киргизди. Өткөн жылдын июнунда киргизилген чектөөлөрдүн 14-пакетинен кийин ага баш-аягы эки миңден ашык киши жана уюмдар кабылган. Европанын жарандары менен компанияларына жогорудагы тизмедегилерге каржы берүүгө тыюу салынган. Жеке тараптардын Евробиримдиктин аймагына сапар алышына жана транзит катары колдонуп өтүшүнө да чектөө коюлган.
Санкциялар Украинанын бүтүндүгүн бузуп, коркунуч келтирди, эгемендүүлүгүнө доо кетирди деген маанайда салынды. Россиялык фигуранттар ЕБдин дүйнөлүк масштабдагы режимдеринде химиялык куралдарды колдонуп, таратты, адам укугун бузду, киберкылмыштуулукка барды деп күнөөлөнүп жүрөт. Баш-аягы болуп ЕБде ар кыл 40 санкциялык режим бар.
РФ бир нече жолу ага салынган жана бүгүнкү күнгө чейин күчөп жаткан санкциялардан чөгөлөп калбастыгын айткан жайы бар. Москва киргизген чектөөлөрү максатына жетпей калганын мойнуна алууга Батыштын эрки жетпей жаткандыгын белгилеген. Аталган тараптагы бир нече өлкө антироссиялык санкциялар майнапсыз болуп жатканын айтып, дешкен.
РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку болгонун белгилеген. Анын айтымында, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу.
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2024
Трамптын жеңишинен кийин Батыш Россияга салынган санкцияларды алууну талкуулоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0