https://sputnik.kg/20250114/aksh-grenlandiyany-aluu-boyuncha-kiyinki-kadamy-tashtady-1091394152.html
Конгресске Гренландияны кошуп алуу боюнча сүйлөшүүгө жол ачкан мыйзам кирди
Конгресске Гренландияны кошуп алуу боюнча сүйлөшүүгө жол ачкан мыйзам кирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. АКШ Конгрессине республикачылар жаңы шайланган президет Дональд Трампка Гренландияны Дания Падышалыгынан сатып алуу боюнча... 14.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-14T10:15+0600
2025-01-14T10:15+0600
2025-01-14T10:15+0600
дүйнөдө
акш
гренландия
дания
канада
дональд трамп
конгресс
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091393227_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_667ba65515d9e02ade95c7167ebe3e67.jpg
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. АКШ Конгрессине республикачылар жаңы шайланган президет Дональд Трампка Гренландияны Дания Падышалыгынан сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун киргизишти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Эгерде кабыл алынып калса, 20-январда Трамп ант берип, президенттигин баштагандан кийин документ күчүнө кирет. Дания менен макулдашуу болсо Трамп беш күндүн ичинде аймакты алууга тиешелүү документтерди Конгресске тапшырат.Мыйзам долбоорунун автору муну "Гренландияга мурдагы кубатын кайтарып беребиз" деп атап, мындай кадамга Трамптын тарапкерлеринин "Америкага мурдагы кубатын кайтарабыз" деген урааны таасир эткенин айтты.Январдын башында Трамп Гренландияны АКШнын курамына киргизүү туурасында жар салып, бул кадам Кытай менен Россиянын таасирине каршы туруу үчүн жасалып жатат деп түшүндүргөн.Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган эле. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да акылга сыя бербеген ой экенин айткан.Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышачылыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү аныктап келет.Трамп, мындан сырткары, TRUTH Social аттуу социалдык тармакта Канадага Американын 51-штаты болууну сунуштаган.
https://sputnik.kg/20241223/aksh-donald-tramp-grenlandiya-sayasat-1091026299.html
акш
гренландия
дания
канада
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091393227_45:0:2776:2048_1920x0_80_0_0_34c2822565af51d925483b923a8cf341.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, гренландия, дания, канада, дональд трамп, конгресс, мыйзам долбоору
дүйнөдө, акш, гренландия, дания, канада, дональд трамп, конгресс, мыйзам долбоору
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. АКШ Конгрессине республикачылар жаңы шайланган президет Дональд Трампка Гренландияны Дания Падышалыгынан сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун киргизишти. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Кошмо Штаттардын Гренландияны алуусу боюнча президентке Дания Падышалыгы менен сүйлөшүү иштерине уруксат, ыйгарым укук берүү керек", — деп айтылган Конгресстин төмөнкү палатасынын өкүлү, республикачыл Энди Оглс киргизген документте.
Эгерде кабыл алынып калса, 20-январда Трамп ант берип, президенттигин баштагандан кийин документ күчүнө кирет. Дания менен макулдашуу болсо Трамп беш күндүн ичинде аймакты алууга тиешелүү документтерди Конгресске тапшырат.
Мыйзам долбоорунун автору муну "Гренландияга мурдагы кубатын кайтарып беребиз" деп атап, мындай кадамга Трамптын тарапкерлеринин "Америкага мурдагы кубатын кайтарабыз" деген урааны таасир эткенин айтты.
Январдын башында Трамп Гренландияны
АКШнын курамына киргизүү туурасында жар салып, бул кадам Кытай менен Россиянын таасирине каршы туруу үчүн жасалып жатат деп түшүндүргөн.
Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган эле. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да акылга сыя бербеген ой экенин айткан.
Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышачылыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү аныктап келет.
Трамп, мындан сырткары, TRUTH Social аттуу социалдык тармакта Канадага Американын
51-штаты болууну сунуштаган.
23 Бештин айы 2024, 21:16