https://sputnik.kg/20250112/1091363279.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба... 12.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-12T08:59+0600
2025-01-12T08:59+0600
2025-01-12T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0c/1091363147_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9d8520c2cd45ce4d37e4b05a0ff81fc0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу иш сапарынын алкагында III Элдик курултайда айыл чарбасы жаатында маселелер менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор 2025-жылдын 1-январынан тартып киргизилди. Анын максаты дыйкан-фермерлерди колдоо болуп саналат жана жалпы наркы 200 млн сомду түзөт. Министр өз сөзүндө аталган долбоордун негизги максаты – жеңилдетилген насыялык каражаттарды 60 ай же болбосо 5 жылга берүү аркылуу кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана "бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө" мамлекеттик колдоо көрсөтүү экенин баса белгиледи.
Өлкөдөгү административдик-аймактык реформага чейин айыл өкмөттөрдөгү штатты каржылоого 4,8 млрд сом каражат жумшалса, реформадан кийин 1,5 млрд сомго кыскарды. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Венера Исалиева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик бюджетке алынбастан, айыл өкмөттөрдүн өздөрүнүн бюджеттерине калтырылган.
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө Кыргызстандын 199 диаспоралык уюму бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, диаспоралардын эң көп саны КМШ өлкөлөрүндө – 135: Россияда – 124, Казакстанда – 7, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстан жана Украинада – бирден уюм. Европа өлкөлөрүндө 37 диаспора бар. Азия жана Чыгыш өлкөлөрүндө – Корея, Япония жана Малайзияда – 13, Канадада – 5 жана Америкада – 8, ал эми Африка өлкөлөрүндө жана Египетте бирден гана диаспора бар. Министрлик тарабынан диаспоралык уюмдар менен иштөө, анын ичинде коопсуз миграция боюнча консультация берүү, юридикалык жана башка жардамдар жүргүзүлүүдө.
“Газпром нефть Азия” ЖЧКсы жана “Мунай-Мырза” ЖАК АКШнын Каржы министрлигинин санкциясына кабылды. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланган. Вашингтон 10-январда бийликтин алмашуусунан улам Россия экономикасынын мунай-газ секторуна чектөөлөр пакети кабыл алынганын жарыялады. Каржы министрлигинин санкциялардын аткарылышына жооптуу бөлүмү тизмеге “Сургутнефтегаз” жана “Газпром нефть” компаниялары, ошондой эле алардын 20га жакын туунду компаниялары киргенин билдирди. “Газпром нефть Азия” ЖЧКсы менен “Мунай-Мырза” ЖАК “Газпром нефть” компаниясынын туунду компаниялары болуп саналат. Санкцияларга Улуу Британия кошулганы белгилүү болду.Ошондой эле АКШнын Каржы министрлиги Россия флотунун операторлоруна таандык 183 деңиз кемесине, тагыраагы, мунай танкерлерине каршы санкцияларды ж
Өлкөдө "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу иш сапарынын алкагында III Элдик курултайда айыл чарбасы жаатында маселелер менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор 2025-жылдын 1-январынан тартып киргизилди. Анын максаты дыйкан-фермерлерди колдоо болуп саналат жана жалпы наркы 200 млн сомду түзөт. Министр өз сөзүндө аталган долбоордун негизги максаты – жеңилдетилген насыялык каражаттарды 60 ай же болбосо 5 жылга берүү аркылуу кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана "бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө" мамлекеттик колдоо көрсөтүү экенин баса белгиледи.Өлкөдөгү административдик-аймактык реформага чейин айыл өкмөттөрдөгү штатты каржылоого 4,8 млрд сом каражат жумшалса, реформадан кийин 1,5 млрд сомго кыскарды. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Венера Исалиева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик бюджетке алынбастан, айыл өкмөттөрдүн өздөрүнүн бюджеттерине калтырылган.Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө Кыргызстандын 199 диаспоралык уюму бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, диаспоралардын эң көп саны КМШ өлкөлөрүндө – 135: Россияда – 124, Казакстанда – 7, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстан жана Украинада – бирден уюм. Европа өлкөлөрүндө 37 диаспора бар. Азия жана Чыгыш өлкөлөрүндө – Корея, Япония жана Малайзияда – 13, Канадада – 5 жана Америкада – 8, ал эми Африка өлкөлөрүндө жана Египетте бирден гана диаспора бар. Министрлик тарабынан диаспоралык уюмдар менен иштөө, анын ичинде коопсуз миграция боюнча консультация берүү, юридикалык жана башка жардамдар жүргүзүлүүдө.“Газпром нефть Азия” ЖЧКсы жана “Мунай-Мырза” ЖАК АКШнын Каржы министрлигинин санкциясына кабылды. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланган. Вашингтон 10-январда бийликтин алмашуусунан улам Россия экономикасынын мунай-газ секторуна чектөөлөр пакети кабыл алынганын жарыялады. Каржы министрлигинин санкциялардын аткарылышына жооптуу бөлүмү тизмеге “Сургутнефтегаз” жана “Газпром нефть” компаниялары, ошондой эле алардын 20га жакын туунду компаниялары киргенин билдирди. “Газпром нефть Азия” ЖЧКсы менен “Мунай-Мырза” ЖАК “Газпром нефть” компаниясынын туунду компаниялары болуп саналат. Санкцияларга Улуу Британия кошулганы белгилүү болду.Ошондой эле АКШнын Каржы министрлиги Россия флотунун операторлоруна таандык 183 деңиз кемесине, тагыраагы, мунай танкерлерине каршы санкцияларды ж
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0c/1091363147_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_326ac43b5f2b2437b0e34a44550dcd70.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио