00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
23:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытында мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкуу үчүн порталга жайгаштырылды. Атайын кызмат көрүлгөн чараларга карабастан мамлекеттик органдарда коррупциянын деңгээли жогору бойдон калып, катаал жазалар керек болуп жатканын белгилеген. Мыйзам долбоорунун урунттуу учурлары булар: коррупциялык кылмыш боюнча соттолгондор мамлекеттик же муниципалдык кызматка иштей албайт; коррупциялык кылмыш боюнча күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу жана айып пулдарды жокко чыгаруу; жубайы, жакын тууганы оор же өзгөчө оор кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылгандарды мамлекеттик кызматка алуудан баш тартуу; күнөөсүн моюнга алып, материалдык зыяндын ордун толтурса эркинен ажыратуу боюнча каралган максималдуу мөөнөттүн жарымын дайындоо.
Ош шаарында 16-сентябрдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору толук ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө жана видеого тартып алып, ал боюнча кызматкерлер айып пул салып баштайт. Кесилиштерге орнотулган камералар ылдамдыкты ашыра айдаганды, маршруттук автоунаалар жүрүүчү тилкеге жеңил машина кирген учурду, каршы жол тилкесине чыкканды, коопсуздук курун тагынбаганды, автоунаа жөө кишилерге жол бербеген жана башка жол эрежелерин бузууларды каттайт. Жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пул расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.
Ичип алып автоунааны айдап жана Кайгуул милициянын кызматкерин сөккөн 46 жаштагы киши Биринчи май райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эске салсак, буга чейин хаммер автоунаасынын рулунда отурган мас кишинин автоинспекторду оозго алгыс сөз менен сөгүп, алардын айтканына көнбөй жаткан видеосу тараган. Окуя Бишкек шаарынын Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодо мас айдоочу инспекторлорго баш бербей, уят сөздөр менен сөккөнүн угууга болот. Инспектор ал мындай абалда башкаларды сүзүп алышы мүмкүн экенин, рулга ичип отурганы үчүн унаасы айып короого токтотулуп, айып салынарын эскерткен. Айдоочу аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, колун сындырып саларын айтып, "төрт көз" деп тилдеген. Ошондой эле алар көрсөткөн видеодон автоунаанын капталы сүрүлүп калганын, салондун ичинде спирт ичимдиктеринин тоголонуп жаткан бөтөлкөлөрүн көрүүгө болот. Жыйынтыгында хаммер айып короого токтотулган.
АКШнын Россиянын Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы жаңы санкциялары сөз эркиндигине кол салуу болуп саналат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. "Бүгүнкү кырдаал өзгөчө. Кечээ АКШдагы россиялык журналисттер чабуулга туш болушту. Алар корпорация катары жана жеке адам катары дагы кадимкидей маалыматтык террорчулукка кептелишти", — деди Захарова. Ал америкалык жаңы санкциялар "сөз эркиндигине, журналисттик кесипке, адамдык ар-намыска кол салуу" экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0