https://sputnik.kg/20240903/ekonomika-ishkerlik-kylmysh-1088365366.html
Министрлик экономикалык кылмыш үчүн ири ишкерлерди камакка албоону сунуштоодо
Министрлик экономикалык кылмыш үчүн ири ишкерлерди камакка албоону сунуштоодо
Sputnik Кыргызстан
Ведомство бул мыйзам долбоорун ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо максатында сунуштаганын айтты. 03.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-03T09:49+0600
2024-09-03T09:49+0600
2024-09-03T09:57+0600
кыргызстан
экономика
кылмыш
мыйзам
долбоор
ишкер
https://sputnik.kg/img/07e8/09/03/1088365690_0:131:1920:1211_1920x0_80_0_0_b133955ca11e3f9bec32a7ac25934c26.jpg.webp
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү сунуштап, долбоор коомдук талкууга чыгарылды.Буга чейин ишкерлерди коргоо боюнча мыйзам кабыл алынып, Кылмыш-жаза, Укук бузуулар жөнүндө жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, экономикалык кылмыштар үчүн бөгөт коюуда электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө колдонуу же үй камагына алуу каралган. Бирок бул ченемдер "тергөө органынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга жайылтылбай" турганы жазылган. Эми министрлик Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга" деген сөздөрдү алып салууну сунуштоодо. Башкача айтканда, экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген ири ишкерлер камакка алынбайт.Министрлик бул сунуш өлкөдөгү ири ишкерлердин жана инвесторлордун ишин коргоону күчөтүүгө жана мамлекеттик органдардын ишкердик субъектилердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн четтетүүгө багытталганын айтууда.
https://sputnik.kg/20240826/100-min-dollar-para-berip-zhatkan-ishkerler-karmaldy-1088168026.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/03/1088365690_136:96:1715:1280_1920x0_80_0_0_9a07cd0f54d72ddd29a355afed35a7fd.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, кылмыш, мыйзам, долбоор, ишкер
кыргызстан, экономика, кылмыш, мыйзам, долбоор, ишкер
Министрлик экономикалык кылмыш үчүн ири ишкерлерди камакка албоону сунуштоодо
09:49 03.09.2024 (Жаңыртылды: 09:57 03.09.2024) Ведомство бул мыйзам долбоорун ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо максатында сунуштаганын айтты.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү сунуштап, долбоор коомдук талкууга чыгарылды.
Буга чейин ишкерлерди коргоо боюнча мыйзам кабыл алынып, Кылмыш-жаза, Укук бузуулар жөнүндө жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, экономикалык кылмыштар үчүн бөгөт коюуда электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө колдонуу же үй камагына алуу каралган. Бирок бул ченемдер "тергөө органынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга жайылтылбай"
турганы жазылган.
Эми министрлик Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга" деген сөздөрдү алып салууну сунуштоодо. Башкача айтканда, экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген ири ишкерлер камакка алынбайт.
"Бул учурда ири ишкерлер үчүн үй камагын жана электрондук байкоо жүргүзүү түрүндө бөгөт коюу чарасы сунушталат, ал айыпталуучуга карата белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү сактоону камсыз кылуу максатында электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен аралыктан жана жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", — деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.
Министрлик бул сунуш өлкөдөгү ири ишкерлердин жана инвесторлордун ишин коргоону күчөтүүгө жана мамлекеттик органдардын ишкердик субъектилердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн четтетүүгө багытталганын айтууда.