https://sputnik.kg/20240829/balany-1-klasska-kattoo-dagy-dele-ulanyp-zhatat-1088225501.html
Министрлик баланы 1-класска каттоо дагы деле уланып жатканын эскертти
Министрлик баланы 1-класска каттоо дагы деле уланып жатканын эскертти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Билим берүү министрлиги балдарды 1-класска жашаган жери боюнча (факт боюнча) онлайн-каттоо 30-августка чейин жүрөрүн эске салды. 29.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-29T08:32+0600
2024-08-29T08:32+0600
2024-08-29T08:32+0600
кыргызстан
бала
мектеп
1-класс
каттоо
платформа
https://sputnik.kg/img/07e6/09/01/1067447884_0:0:1600:901_1920x0_80_0_0_e96ff12bd3d3a9670743a41f3158495b.jpg
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Билим берүү министрлиги балдарды 1-класска жашаган жери боюнча (факт боюнча) онлайн-каттоо 30-августка чейин жүрөрүн эске салды.Баласын мектепке каттай элек ата-энелер mektep.edu.gov.kg платформасына кирип, тиешелүү документтерди тиркеп, жашаган дареги кайсы мектепке туура келсе ошол билим берүү жайына каттай алат.Белгилүү болгондой, 28-августка карата республика боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала катталган.Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 2 480, Чүй облусунда – 22 107, Бишкек шаарында – 16 738 жана Баткен облусунда 12 110 бала катталган.Баланы мектепке ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлдөр гана каттай алары эскертилди.
https://sputnik.kg/20240826/ajrym-sabaktar-singapurdun-kitebi-menen-okulat-1088174430.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/01/1067447884_110:0:1531:1066_1920x0_80_0_0_7363160ba446f038bef42f64080fb8c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бала, мектеп, 1-класс, каттоо, платформа
кыргызстан, бала, мектеп, 1-класс, каттоо, платформа
Министрлик баланы 1-класска каттоо дагы деле уланып жатканын эскертти
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Билим берүү министрлиги балдарды 1-класска жашаган жери боюнча (факт боюнча) онлайн-каттоо 30-августка чейин жүрөрүн эске салды.
Баласын мектепке каттай элек ата-энелер mektep.edu.gov.kg платформасына кирип, тиешелүү документтерди тиркеп, жашаган дареги кайсы мектепке туура келсе ошол билим берүү жайына каттай алат.
Белгилүү болгондой, 28-августка карата республика боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала катталган.
Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 2 480, Чүй облусунда – 22 107, Бишкек шаарында – 16 738 жана Баткен облусунда 12 110 бала катталган.
Баланы мектепке ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлдөр гана каттай алары эскертилди.