00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
16:31
20 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Өлкөдө өспүрүмдөр арасында ашыкча салмактуулар көбөйүүдө — 80 пайызы туура эмес тамактангандар
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
"Улуттук банк жөнүндө" конституциялык мыйзамга санарип сомду төлөө каражаты катары киргизүү боюнча өзгөртүүлөр сунушталды. Аны өлкөнүн башкы банкы демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Мыйзам долбоорунда санарип сомду чыгаруу, жөндөө, жүгүртүү боюнча беренелер киргизилген. Аларга ылайык, санарип сом өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган улуттук валюта. Улуттук банк аны эмиссиялоо (чыгаруу) боюнча өзгөчө укукка ээ жана жүгүртүү, уюштуруу тартибин аныктайт. "Санарип сомдун укуктук статусу техникалык платформаны туура тандоодон жана аны колдонуу боюнча сынамык мезгилдин ийгиликтүү болушунан көз каранды", — деп жазылат маалыматта.Мындан улам мыйзам долбоорун 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизүү сунушталууда.
Быйыл өлкө боюнча 1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынганын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, учурда баланын катталган жерине карабастан бош орундары бар мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде 1-класска электрондук каттоо жүрүүдө. Ата-эне же мыйзамдуу өкүлдөр шилтемеси аркылуу мектеп жашына жеткен баланы каттоо үчүн өтүнмө жибере алышат. Электрондук каттоо 30-августка чейин созулат. Белгилей кетсек, электрондук каттоо эки этапта өтүүдө. Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлгөн. Экинчи этапта бош орундары бар мектепке катталса болот.
Социалдык фонд ЕАЭБдин 79 жаранына пенсия чектегенин мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 2021-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Ага ылайык, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларустун жарандарына ЕАЭБ аймагында иштеген мезгили үчүн пенсия чегерилет. Учурда Социалдык фонд тарабынан Россиянын — 70 жаранына пенсия чектелген. Бир жаран Кыргызстандын мыйзамына ылайык пенсияга өткөн, бир жарандыкы токтотулган. Казакстан — 8 жаран анын ичинен арызынын негизинде эки жарандын пенсиясы токтотулган. ошондой эле Беларустун — бир жараны менсия менен камсыздалат. Россия Кыргызстандын 61 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектегени кошумчаланды.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Олимпиада оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады. Курама команда Париждеги Олимпиадада 3-орунду ээледи. Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 5-8-август күндөрү өттү. Анда жалпысынан 38 өлкөнүн спортчулары 6 медалдардын топтому үчүн күч сынашты. Кыргызстандын курамасынан 4 балбан катышып, үч коло медаль утууга жетишти. Бул жыйынтык менен курама 55 упай топтоп, командалык эсепте 3-орунду ээледи.Биринчи орунга 101 упай менен Ирандын курамасы чыкса, экинчи орунга 59 упайы менен Кубанын курамасы жайгашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0