https://sputnik.kg/20240807/1087657258.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Сентябрда Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына Армения катышпайт. Бул тууралуу уюмдун Telegram каналында жазылган. Белгилүү болгондой, 3-сентябрдан... 07.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-07T09:00+0600
2024-08-07T09:00+0600
2024-08-07T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/08/07/1087657126_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6671373b7da7094cc7b3464923d39dc5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Сентябрда Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына Армения катышпайт. Бул тууралуу уюмдун Telegram каналында жазылган. Белгилүү болгондой, 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин Чүй жана Ысык-Көл облусунда ЖККУнун жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен машыгуулар өтөт. "Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн, ИИМ, ӨКМ жана атайын кызматтарынын контингенттери, уюмдун катчылыгынын жана бириккен штабынын ыкчам топтору катышат. Армения тарап машыгууларга катышпай турганын маалымдады", — деп жазылат маалыматта. Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкө аймагында өтө турган "Кызматташуу — 2024", "Эшелон — 2024" жана "Издөө — 2024" машыгууларына даярдык көрүүнү тапшырган.
Өлкө боюнча 558 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, аларга тиешелүү документтерин топтоп, лицензияны калыбына келитирүү үчүн 90 күн убакыт берилген. "2001-жылдын 31-майындагы жобо менен курулуш ишин жүргүзүүгө берилген 558 лицензиянын иши 90 күндүк мөөнөткө токтотулду. Лицензиаттар белгиленген тартипте тиешелүү документтер менен Мамкурулушка кайрыла алышат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө арыз түшпөсө лицензиялар жокко чыгарылат", — деп жазылган маалыматта.Буга чейин 2001-жылдан бери 7,5 миңдей лицензия берилсе, анын эки миңге жакыны гана иштетилери айтылган.
Ушул тапта республика боюнча 251,3 миң гектар аянттагы кылкандуу дан эгиндери же жалпы эгин аянтынын 51,3 пайызы жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүүдө. Жалпысынан республика боюнча 888 комбайн иштетилүүдө."Кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 29 центнерди түздү, бул өткөн жылдагыга караганда 12 пайызга көп. Буудайдын түшүмдүүлүгү Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарында гектарынан 32-33 центнерден алынып жатат. Жалпысынан өлкө боюнча 395 миң тонна буудай жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 175 миң тоннага көп. Арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында, анда дыйкандар гектарынан 28,5 центнерден түшүм алууда", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан өзүн жумуртка менен толук камсыздайт. Бул тууралуу Канаттууларды багуучулар ассоциациясынын жетекчиси Динара Керимкулова билдирди. "Акыркы эки жылда аталган тармак тез өнүктү. Буга чейин өзүбүздү жумуртка менен толук камсыздоону кыялданчу элек, эми ал ишке ашты. Эки жыл мурда өлкө бул продукция менен өзүн 60 пайыз гана камсыз кыла алчу", — деди Керимкулова. Белгилей кетсек, норма боюнча, бир адам жылына орточо 183 жумуртка жеши керек.
Сентябрда Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына Армения катышпайт. Бул тууралуу уюмдун Telegram каналында жазылган. Белгилүү болгондой, 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин Чүй жана Ысык-Көл облусунда ЖККУнун жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен машыгуулар өтөт. "Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн, ИИМ, ӨКМ жана атайын кызматтарынын контингенттери, уюмдун катчылыгынын жана бириккен штабынын ыкчам топтору катышат. Армения тарап машыгууларга катышпай турганын маалымдады", — деп жазылат маалыматта. Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкө аймагында өтө турган "Кызматташуу — 2024", "Эшелон — 2024" жана "Издөө — 2024" машыгууларына даярдык көрүүнү тапшырган.Өлкө боюнча 558 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, аларга тиешелүү документтерин топтоп, лицензияны калыбына келитирүү үчүн 90 күн убакыт берилген. "2001-жылдын 31-майындагы жобо менен курулуш ишин жүргүзүүгө берилген 558 лицензиянын иши 90 күндүк мөөнөткө токтотулду. Лицензиаттар белгиленген тартипте тиешелүү документтер менен Мамкурулушка кайрыла алышат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө арыз түшпөсө лицензиялар жокко чыгарылат", — деп жазылган маалыматта.Буга чейин 2001-жылдан бери 7,5 миңдей лицензия берилсе, анын эки миңге жакыны гана иштетилери айтылган.Ушул тапта республика боюнча 251,3 миң гектар аянттагы кылкандуу дан эгиндери же жалпы эгин аянтынын 51,3 пайызы жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүүдө. Жалпысынан республика боюнча 888 комбайн иштетилүүдө."Кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 29 центнерди түздү, бул өткөн жылдагыга караганда 12 пайызга көп. Буудайдын түшүмдүүлүгү Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарында гектарынан 32-33 центнерден алынып жатат. Жалпысынан өлкө боюнча 395 миң тонна буудай жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 175 миң тоннага көп. Арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында, анда дыйкандар гектарынан 28,5 центнерден түшүм алууда", — деп айтылат маалыматта.Кыргызстан өзүн жумуртка менен толук камсыздайт. Бул тууралуу Канаттууларды багуучулар ассоциациясынын жетекчиси Динара Керимкулова билдирди. "Акыркы эки жылда аталган тармак тез өнүктү. Буга чейин өзүбүздү жумуртка менен толук камсыздоону кыялданчу элек, эми ал ишке ашты. Эки жыл мурда өлкө бул продукция менен өзүн 60 пайыз гана камсыз кыла алчу", — деди Керимкулова. Белгилей кетсек, норма боюнча, бир адам жылына орточо 183 жумуртка жеши керек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/07/1087657126_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1d35ecca5960b1aa054b8fd9812028a3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио