00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин ЖККУнун машыгуулары өтөт. Бул тууралуу минкаб башчысынын 25-июлдагы тескемесинен белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен "Кызматташуу — 2024", "Эшелон — 2024" жана "Издөө — 2024" машыгууларын Чүй жана Ысык-Көл облустарында уюштуруу пландалууда. Буга байланыштуу минкаб төрагасы Акылбек Жапаров ТИМ, ИИМ, ӨКМ, коргоо, саламаттыкты сактоо министрликтерине, эки облустун жетекчилигине уюштуруу жана даярдык көрүүгө байланыштуу бир катар иштерди тапшырды. Чыгымдар бул өнөктүккө тартылган мамлекеттик органдардын 2024-жылга карата бөлүнгөн бюджетинен каржыланат.
Июндун этегине карата Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 522 миллиард 121,1 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Мында депозиттердин көлөмү гана эмес, эсептердеги акчалар да эске алынганы белгиленди. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттары жөнүндө болуп жатат. Учурдагы көлөм майдын соңунда катталган рекорддук көрсөткүчтөрдөн 20,1 миллиард сомго ашкан. Акыркы жылдары өлкөдө депозиттик базанын көлөмү активдүү өсүүдө. Салыштыруу үчүн: 2022-жылдын июнь айынын аягында депозиттердин көлөмү 249,5 миллиард сомду түзгөн.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандарга асыл тукум малды лизингге алууну сунуштайт. Мекеме анын жол-жобосун түшүндүрдү. Асыл тукум макамын алган чарба "Айыл банк" жана "Элдик банк" менен келишим түзөт да, мурда чет мамлекеттен алынган асыл тукум, таза кандуу малды лизингге алуучулардын буюртмасы боюнча берет. Кардарга асыл тукум жана таза кандуу малды тандоодо жардам берилет, карантин чаралары каралат. Мындан тышкары, лизингге мал алган адам окуудан өткөрүлөт.
Америкалык ишкер Илон Маск Улуу Британиядагы массалык баш аламандыктан улам X социалдык тармакта өлкөдө жарандык согуш болорун жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Британияда үч бала бычакталгандан кийин ашынган оңчулдардын нааразылык акциялары күч алган. Ал эми Times гезити дем алыш күндөрү 35тен кем эмес акция күтүлүп жатканын жазган. Маск британдык шаарлардын биринде болгон нааразычылык акциясынын видеосун көрүп, "жарандык согуш сөзсүз болот" деп комментарий берген. Британдык Мерсисайд графынын полициясы 29-июлда Саутпорт шаарында жаш балдарга бычак менен кол салуу болгонун маалымдаган. Анда үч бала каза болуп, дагы бир нече бала менен эки чоң адам ооруканага оор абалда жеткирилген. Тартип сакчылар 17 жаштагы өспүрүмдү кармап, аны үч адамды өлтүрдү жана дагы 10 адамды өлтүрүүгө аракет кылган, ошондой эле курал сактаган деп айыптаган. Полиция кол салуунун терроризм менен байланышы жоктугун айтууда. Алардын маалыматы боюнча, кол салуу балдардын бий жана йога сабактары учурунда болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0