00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Суусамырдагы алтыганадан жер семирткич, тоют даярдоо тапшырылдыРоссия ТИМи Байдендин шайлоодон четтеши боюнча үн каттыКыргызстан ЕАЭБге 18,8 миллион доллар инвестиция салган алдыда кененирээкУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош — Ноокат жолун октябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды. Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ноокат районуна барып, селдин кесепетин жоюу иштерин көрүп чыккан.Жыйынтыгында эл менен жолугуп, тийиштүү жетекчилерге октябрдын аягына чейин Ноокаттагы 19,5 чакырым жол жана үч көпүрө толугу менен бүтүшү керектигин милдеттендирди. "Жолдун сапатына укмуш көңүл бурулат. Мамлекеттин акчасын коротуп куруп, бир-эки жылдан кийин кайра жол салып жүргүчө, курбай койгон жакшы. Ошондуктан жолдун ар бир метринин сапаты текшерилет", — деди Ташиев. Ошондой эле ал Транспорт министрлигине жолдун өздүк баасын көтөрбөө зарылдыгын айтып, эгерде каражат максатсыз пайдаланылса жоопкерчилик каралганын эскертти.
Суусамыр өрөөнүнө жайылып өсүп кеткен алтыгананы сел коркунучу бар аймактарга жана уулуу калдыктар сакталган жайларга көчүрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.Тиешелүү мамлекеттик органдардын катышусунда жеринде жыйын өтүп, аталган маселе талкууланган. Анда министр Бакыт Төрөбаев алтыгананын айдоо аянттарына, жайыт жерлерге тарашына жол бербөөнү тапшырган. "Бадалды сел коркунучу бар аймактар менен уулуу калдыктарды сактоочу жайларга көчүрүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө алтыгана бадалын кайра иштетип, жер семирткич жана тоют чыгаруунун үстүндө иштөө тапшырылды", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Суусамыр өрөөнүндөгү 472 миң гектар жайыт жердин 800 гектарын акыркы жылдары алтыгана каптай баштаганы айтылып келет.
Былтыр Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 18,8 миллион доллар инвестиция салган. Ошол эле учурда биздин өлкө интеграциялык бирикмеден 169,3 миллион доллар алган. Бул тууралуу ЕЭКтен кабарлашты. Кыргызстан салган инвестиция: Казакстанга — 18,4 миллион (мындан ары доллар менен); Беларуска — 0,4 миллион. Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестиция: Россиядан — 107 миллион Казакстандан — 59,5 миллион; Беларустан — 2,7 миллион; Армениядан — 0,1 миллион.
Москва АКШдагы шайлоого да, алардын ички иштерине да кийлигишпейт, өздөрүнчө чечишип алсын. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Ал "Соловьев Live" каналында Жозеф Байдендин президенттик жарыштан баш тарткандан кийинки саясий кырдаалдын өнүгүшү боюнча комментарий бергенин РИА Новости жазды. "Бири-бирин басынтуу, каралоо, чындыкты жашыруу аракеттери — мунун баары Америкадагы шайлоолор. Өздөрүнчө чечишип алсын. Биз алардын ички ишине да, шайлоосуна да кийлигишпейбиз", — деди ал. Анткен менен Захарова Байдендин кылмыштуу президенттик мөөнөтү иликтениши керектигин белгилеп, ал күн алыс эместигин кошумчалаган.Эске салсак, Байден жекшембиде президенттик жарыштан баш тарта турганын жар салган. Ал вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдоду.
Жаңылыктар түрмөгү
0