00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

26 жашында Кыргызстанды жетектеген Жусуп Абдрахманов. Кылымга калган эмгек

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКыргыз АССРнин I-учредитилдик курултайынын президимиунун мүчөлөрү Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин президимиунун төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (ортодо), Кыргыз АССРнин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахманов (сол жакта), Орозбековдун орун басары Илья Фатьянов. Фрунзе, 1927-жыл
Кыргыз АССРнин I-учредитилдик курултайынын президимиунун мүчөлөрү Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин президимиунун төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (ортодо), Кыргыз АССРнин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахманов (сол жакта), Орозбековдун орун басары Илья Фатьянов. Фрунзе, 1927-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2024
Жазылуу
Нечен кылымдан кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыбына келтирүүгө катышкандардын бири — Жусуп Абдрахманов. Өмүрү кыска болсо да өлкөнүн тарыхында даанышман жана көрөгөч мамлекет башчы катары калды.
Колумнист Алмаз Батилов кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирген ишмерлердин баскан жолун архивде сакталган документтердин негизинде изилдеген Зайнидин Курманов менен Жусуп Абдрахманов тууралуу маектешкен. Эскерте кетсек, быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленүүдө.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин экс-спикери, саясат таануучу Зайнидин Курманов
Политолог, экс-спикер Жогорку Кенеша Зайнидин Курманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2024
Жогорку Кеңештин экс-спикери, саясат таануучу Зайнидин Курманов
— Жусуп Абдрахманов саясатка түз эле кан майдандан келген деп айтылат.
— Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Ысык-Көл районунун Жаркымбаев айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Абдрахман Балапанов манап болгон экен. Жусуп Сазановка (азыркы Ананьево) кыштагындагы орус-тузем мектебинде 3-класска чейин окуган. Андан соң Каракол шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайда билим алып, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн айынан бүтө албаптыр. Атасы көтөрүлүшкө катышып, келтеден каза болгон. Ал эми энесин жана жети бир тууганын падышанын жазалоочулары өлтүргөн. Күндөлүгүнө "инимди көтөрүп алып желдеттерден качкам" деп жазган.
Жусуп 1917-жылы Көл кылаасына кайтып, Караколдо малай болот. Ошондуктан Октябрь революциясын ал жан-дили менен кабыл алат. Кеңеш өкмөтү кыргыздарды тукум куруттан аман алып калууга далалат кылганын көргөн. Абдрахманов Кызыл армиянын катарына ыктыярчы болуп өтөт. Жети-Суу фронтунда Совет бийлигинин душмандарына каршы жанын аябай салгылашат. Кан майданда атчандар эскадронунун командирине чейин жетет.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРЭмгекчилердин митинги. Түркстан, 1919-жыл
Митинг трудящихся в Туркестане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2024
Эмгекчилердин митинги. Түркстан, 1919-жыл
Абдрахмановду чоң саясатка кыргыздын чыгаан уулу Абдыкерим Сыдыков алып келген. 1918-1920-жылдары Сыдыков Жети-Суу аймагындагы Түркстан Коммунисттик партиясынын мусулмандар бюросунда досу, Казакстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Ораз Жандосов менен чогуу иштешчү. Жаркент фронтун текшерип жүргөн учурда жаш аскер Жусуп Абдрахманов менен таанышат. Экөө аны Верный (азыркы Алматы) шаарындагы марксизм-ленинизм курстарына окууга жөнөтүшөт. Ал жерден Жусуп мыкты окуп, уюштуруучулук таланты ачылат. Аны бүткөн соң Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуйт. Бирок оорудан улам аскердик карьерасын токтотууга аргасыз болот. Кыргыз жаштарынын ичинен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтөт. Бир аз убакыттан кийин ал Жети-Суу чөлкөмүндөгү комсомолдун башчысы болот. Дал ушул себептен улам ошол убактагы Казакстандын тарыхы боюнча илимий изилдөөлөрдө Абдрахмановго жаш казак саясатчысы катары мүнөздөмө берилет. 1920-жылы Россия комсомолдорунун III курултайына өкүл катары катышып, Советтик Россиянын башчысы Владимир Ленин менен жолугуп, экөө узак убакыт аңгемелешкенин күндөлүгүндө жазган. Абдрахманов чоң саясатка буденовка (белгилүү советтик колбашчы Семен Буденныйдын атынан коюлган аскердик баш кийим), гимнастерка жана булгаары бушлат кийип келди деп айтсам жаңылбайм.
— Абдрахмановдун 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун саясий картада пайда болушунда ролу канчалык?
— Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстандын тарыхындагы орду жөнүндө толук кандуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлө элек. Бул өкүнүчтүү. Абдрахмановдун мыкты сапаттарын байкаган Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана Абдыкерим Сыдыков Москва, Ташкентте саясий чөйрөдөгү карым-катнаштарын пайдаланып аны кызматтык тепкичтен көтөрүүгө аракет кылышкан. Жусупту теги казак, атактуу советтик мамлекеттик ишмер Турар Рыскулов менен тааныштырышат. Ал кыргыздын мыктылары менен тыгыз байланышта экен. Ошол учурда Рыскулов Ташкентте Түркстан автоном республикасынын (ТАССР) эл комиссарларынын төрагасы болчу. Турар 21 жаштагы Абдрахмановду ТАССРинин Борбордук аткаруу комитетинин жооптуу катчылыгына дайындайт. Муну менен Жусуп Түркстан парламентинде кызматы боюнча үчүнчү адам болот. Рыскуловдун эң башкы максаты аны Кыргыз АССРинин жетекчилигине дайындоо эле.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКыргыз автоном облусунун эсеп-статистика боюнча I-жыйынынын катышуучулары. Фрунзе, 11-15. IХ. 1926-жыл
Первое совещание учстата Кыргызской автономной области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2024
Кыргыз автоном облусунун эсеп-статистика боюнча I-жыйынынын катышуучулары. Фрунзе, 11-15. IХ. 1926-жыл
1924-жылы сентябрда Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Рахманкул Худайкулов жана Дүйшөналы Бабаханов Кара-Кыргыз автоном облусунун өкүлдөрү катары Орто Азия республикаларынын улуттук чек арасын аныктоо боюнча комиссияга кирет. Ал эми Абдыкерим Сыдыков менен Ишеналы Арабаев бул комиссиянын курамына атайын киргизилген эмес. Худайкулов жана Бабахановдун ою боюнча Кыргызстан Казакстандын курамына кириши керек эле. Айдарбеков менен Абдрахманов кыргыз элинин мамлекеттүлүгүн кайра калыбына келтириш керек деп аларга аягына чейин каршы турушат. Акыры Иманалы менен Жусуптун сунушу кабыл алынат. Сыдыков, Айдарбеков жана Абдрахманов Кара-Кыргыз автоном облусу Советтик Россия Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамына кошулушу керек деп акыры идеяны ишке ашырышат. Бул кыргыз элинин тагдырында чечүүчү роль ойноду.
Коомчулуктун басымдуу бөлүгү билбеген Жусуп менен байланыштуу дагы бир кызык тарыхый факт бар. Сыдыков, Арабаев жана Айдарбеков менен бирге кыргыздар боордош кара калпак эли менен бирдиктүү автономия түзүшү абзел деген демилгени көтөрүшөт. Жусуптун ою боюнча эки элдин автономиясынын борбору Ташкент болушу керек болчу. Анткени ХV кылымда кыргыз мамлекеттүлүгүн калыбына келтирген Мухаммед кыргыздын ордосу дал ушул шаар эле. Абдрахманов кыргыздын тарыхын жакшы билчү. Бирок бул идея ишке ашкан жок.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР / ГолубьҮркүндүн он жылдыгына карата митинг. Көл Кылаасы, 1926-жыл
Митинг в честь 10-летия восстания на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2024
Үркүндүн он жылдыгына карата митинг. Көл Кылаасы, 1926-жыл
— Абдрахманов белгилүү орус акындары Сергей Есенин жана Владимир Маяковский менен ынак болгон экен.
— Ооба. 1925-жылы ал Москвага которулуп, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп дагы такшалат. Жусуп сөзгө чечен, өткүр эле, Москвада атактуу россиялык акындар Сергей Есенин жана Владимир Маяковский менен таанышып, алар менен жакын болот. Белгилүү советтик прозаик Лиля Брик менен болгон сүйүүсү өзүнчө дастан. Абдрахманов футуролог (келечектин өнүгүшүн алдын ала көрө билүүнү максат кылган коомдук жана табигый илимдерге негизделген комплекстүү илим) эле.
1927-жылы 26 жаштагы Жусуп Абдрахманов Кыргызстанды жетектейт. Ошол убакта аны менен биргеликте Кыргызстандын кызыкчылыгын Данаке Иманов, Эркинбек Эсемананов, Токчоро Жолдошев, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Кожокан Шооруков, Осмонкул Алиев, Осмоналы Тынаев сыяктуу жаш саясатчылардын мууну коргой баштайт. Көбү Абдрахманов сыяктуу марксизм-ленинизм курстарын жана жумушчу факультеттерин бүтүрүшкөн эле. Булардын башында Абдрахманов турду. Ал улуу муундун өкүлү чыгаан мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбеков менен эриш-аркак иштешкен. Жүздөн ашык китеп, брошюра, макала жана доклад жазган.
1927-1933-жылдары Жусуп Абдрахманов Кыргыз АССРин жетектеп турган учурда күнү-түнү талыкпастан иштеген. Буга азыр архивдерде сакталуу турган каттары, буйруктары, долбоорлору, сунуштары далил. Ошол маалда республикада заманбап имараттар, шаар тибиндеги поселоктор, фонтандар, жолдор, завод- фабрикалар, жогорку окуу жайлар, музейлер жана үйлөр салына баштаган эле. Кыргызстанда радио жана телефон түйүндөрү пайда болгон. Мындан сырткары, коомдук транспорт жүрө баштаган. Эң башкысы — элдин аң-сезими, жашоосу өзгөргөн. Улуттун уңгусун түзгөн интеллигенция түптөлгөн.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКыргыздын алгачкы интеллегенциясы: Акын жана драматург Кубанычбек Маликов (1-катарда оң жактан биринчи) прозаик Мукай Элебаев (1-катарда оң жактан экинчи) “Ленинчил жаш” гезитинин жооптуу редактору, акын Жусуп Турусбеков (1-катарда оң жактан төртүнчү) “Правда” атындагы Бүткүл союздук журналистика институнун студенти Жоомарт Бөкөнбаев (2-катарда оң жактан биринчи). Москва, 1933-1935 жылдар
Кыргызская творческая интеллегенция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2024
Кыргыздын алгачкы интеллегенциясы: Акын жана драматург Кубанычбек Маликов (1-катарда оң жактан биринчи) прозаик Мукай Элебаев (1-катарда оң жактан экинчи) “Ленинчил жаш” гезитинин жооптуу редактору, акын Жусуп Турусбеков (1-катарда оң жактан төртүнчү) “Правда” атындагы Бүткүл союздук журналистика институнун студенти Жоомарт Бөкөнбаев (2-катарда оң жактан биринчи). Москва, 1933-1935 жылдар
— 1931-жылдагы ачкачылык Кыргызстанды кыйгап өтпөсө да кесепети коңшу өлкөдөгүдөй болгон эмес. Бул дагы жетекчиликтин жүргүзгөн саясатынан болсо керек.
— 1931-1933-жылдары коңшу Казакстанда коллективизация туура эмес жүрүп, ачкачылык башталат. Анын айынан миллиондогон адам башка советтик республикалардан, чет өлкөлөрдөн баш паанек издөөгө мажбур болот. 120 миңден ашык казак Кыргызстанга ооп келген. Жусуп Абдрахманов чет мамлекетке кетчү буудайды алып чыгып, жергиликтүү калкка жана качкын казактарга тараттырат. Кыргызстандын түштүк аймактарында да буудай жетпей ачкачылык башталган эле. Бул кадамы менен Абдрахманов элин жана бозгун казактарды ачкачылыктан сактап калган. Анын бир тууган казактарга көмөк көрсөтүү керек деген чакырыгын республиканын саясий жетекчилиги менен калк колдоп берген. Турар Рыскулов да ачкачылыктын кесепетин тарткан элге тез арада жардам берүү абзел деп эки ирет мамлекеттин жетекчилигине кат менен кайрылган. Бул эки каттан кийин зыян тарткан калкка өкмөттүн деңгээлинде көмөк көрсөтүлгөн.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРБүткүл Россиялык борбордук аткаруу комитетинин III- сессиясынын XII-чакырылышынын Кыргыз автоном облусунун (КАО) ордуна ордуна Кыргыз Автономиялык республика (КАССР) түзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз автоном облусундагы коммунисттер партиясынын комитетинин жооптуу катчысы (1-катарада сол жактан экинчи) Жайнак Саадаев, КАО аткаруу комитетинин төрагасы (1-катарда сол жактан үчүнчү) Абдыкадыр Орозбеков, КАО аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары ( 2-катарда оң жактан төртүнчү) Жусуп Абдрахманов, Москвада Кыргызстандын өкүлү ( 2-катарда оң жактан үчүнчү) Турдалы Токбаев. Москва, 1926-жыл
Комиссия по преобразованию Кыргызской автономной области в Автономную Республику - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2024
Бүткүл Россиялык борбордук аткаруу комитетинин III- сессиясынын XII-чакырылышынын Кыргыз автоном облусунун (КАО) ордуна ордуна Кыргыз Автономиялык республика (КАССР) түзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз автоном облусундагы коммунисттер партиясынын комитетинин жооптуу катчысы (1-катарада сол жактан экинчи) Жайнак Саадаев, КАО аткаруу комитетинин төрагасы (1-катарда сол жактан үчүнчү) Абдыкадыр Орозбеков, КАО аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары ( 2-катарда оң жактан төртүнчү) Жусуп Абдрахманов, Москвада Кыргызстандын өкүлү ( 2-катарда оң жактан үчүнчү) Турдалы Токбаев. Москва, 1926-жыл
Анткен менен бул чечими үчүн 1933-жылы Абдрахманов кызматтан алынган. Мындан сырткары, 1926-жылы Үркүндүн он жылдыгы жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү тууралуу эмгектеринде идеологиялык ката кетирген деген айып тагылып, партиядан чыгарылган. Ушундан кийин аны досу Владимир Шубриков Россияга суу чарба боюнча иштөөгө чакырат. Абдрахманов Оренбург жана Нижегороддо иштейт. Бул кызматка дайындалышына РСФСРдин төрагасынын орун басары Турар Рыскуловдун да салымы чоң болгон.
1936-жылы 5-декабрда Советтер Союзунун жаңы Конституциясы кабыл алынып (Турар Рыскулов авторлорунун бири болот), Кыргызстан менен Казакстан союздук республика макамын алышат. 12 жылдын ичинде Кыргыз автоном облусу союздук республикага чейин өскөн. Кыргызстандын СССРдин курамында өзүнчө республика болушуна Турар Рыскулов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Турдалы Токбаев, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана башка мамлекеттик ишмерлер төө көтөргүс эмгек кылышты. Тилекке каршы, 1938-жылы бул саясатчылардын бардыгы жалган жалаа менен атууга кетишкен. 18 жылдан кийин, 1956-жылы февралда, Советтер Союзунун XX съезди өткөн соң гана айыпталган мамлекеттик ишмерлер акталган.
Иманалы Айдарбеков баскан жол. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кантип түзүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
Иманалы Айдарбеков баскан жол. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кантип түзүлгөн?
Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөгөн мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыков, Турдалы Токбаев жана Ишеналы Арабаев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Өзүнчө эл экенибизди далилдеген Абдыкерим Сыдыков. Эгемен Кыргызстандын пайдубалы
Жаңылыктар түрмөгү
0