Өзүнчө эл экенибизди далилдеген Абдыкерим Сыдыков. Эгемен Кыргызстандын пайдубалы

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөгөн мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыков, Турдалы Токбаев жана Ишеналы Арабаев. Архивдик сүрөт
Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөгөн мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыков, Турдалы Токбаев жана Ишеналы Арабаев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө токтом чыгып, кыргыз элинин нечен кылым мурда жоготкон мамлекеттүүлүгү кайра калыбына келтирилди. Бул тарыхый процессти ишке ашыргандардын бири мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыков болгон.
30 жылдан бери Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүн иликтеп, архивдик маалыматтарга таянып илимий эмгектерди жаратып келген тарыхчы Зайнидин Курмановдун пикири боюнча, Абдыкерим Сыдыков — Мустафа Кемел Ататүрк сыяктуу легендарлуу инсан. Жогорудагы тарыхый процесс тууралуу аны менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРБазарда соодага келген кыргыздар. 1923-жыл
Жизнь и быт кыргызов в XX веке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Базарда соодага келген кыргыздар. 1923-жыл
— Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыков ат көтөргүс эмгек кылган делет. Анын өмүрлүк жолу тууралуу да маалымат аз.
— Жакында эле Абдыкерим Сыдыков тууралуу көркөм тасма тартылып, бет ачары болду. Залдагы көрүүчүлөр абдан таң калышты. Кыргызстанда ушундай мамлекеттик ишмер бар беле деп сурагандар болду.
Сыдыков 1889-жылы азыркы Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-бабалары солто уруусунун манаптары жана атактуу Байтик баатырдын жакын туугандары эле. Чоң атасы Өзбек Бошкоев белгилүү аткаминер жана меценат болгон. Абдыкерим Сыдыков адегенде медреседе окуп, араб тилин үйрөнгөн. Андан кийин Верный шаарындагы (азыркы Алматы) гимназияга өтөт. Бул жерде атактуу советтик аскердик кол башчы Михаил Фрунзе жана казак калкынын белгилүү мамлекеттик ишмери, "алаш-ордочу" Мухамеджан Тынышпаев окуган. 1911-жылы Сыдыков гимназияны ийгиликтүү аяктап, Казань университетинин зооветеринария факультетине өтөт. Бирок ден соолугуна байланыштуу бүтпөй калат. Кыргызстанга кайткандан кийин Пишпек уездинин акиминин котормочусу жана жардамчысы болуп орношот. Ага Россия империясынын колледждик асессор жарандык наамы ыйгарылат. Бул наам орус армиясынын капитанына тете эле.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРОрто Азия республикаларынын улуттук чек арасын аныктоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү: Турдалы Токбаев (биринчи катарда солдон оңго), Ишеналы Арабаев жана Жусуп Абдрахманов. Ташкент, 1924-жыл
Научно-популярная книга Первый ученого Зайнидина Курманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Орто Азия республикаларынын улуттук чек арасын аныктоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү: Турдалы Токбаев (биринчи катарда солдон оңго), Ишеналы Арабаев жана Жусуп Абдрахманов. Ташкент, 1924-жыл
— Саясатка кандайча аралашып калган экен?
— 1905-жылы казак интеллигенциясынын өкүлдөрү "Алаш" деп аталган улуттук кыймылды негиздеген. Анын башында Алихан Бөкөйханов, Миржакып Дуулатов, Ахмед Байтурсынов сыяктуу казак элинин чыгаан уулдары турган. Бул кыймыл Биринчи орус революциясынын таасири менен түптөлүп, казак элинин улуттук кызыкчылыгын коргоону максат кылган. Бара-бара Россиянын курамында Түркстан автономиясын курууга бел байлашат. "Ал автономияга бириккен калктар өзүн-өзү башкарат" деген негизги жобо болгон. Бул идеяны кыргыздын алгачкы интеллигенциясы абдан жактырат. Мындан сырткары, келечектеги автономиялык бирикменин саясий программасында "Түркстан өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн парламент көзөмөлдөйт", "бардык улуттарга тең укук берилет", "дин мамлекеттин ишине кийгилишпейт" деген сыяктуу так жоболор жазылган болчу. Адегенде "алашчылардын" катарына агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаев кошулган. 1913-1918-жылдары ал "Алаш" кыймылынын саясий органы "Казак" гезитинин редактору болгон. Февраль революциясынан кийин Абдыкерим Сыдыков Убактылуу өкмөттүн Пишпек уездиндеги аскердик комиссарынын жардамчысы болуп иштейт. Ошол учурда Ишеналы Арабаев менен таанышат. Бара-бара экөөнүн көз карашы дал келип, Арабаевдин таасири менен "Алаш" партиясынын катарына кошулуп, курултайларына катышат. Эң кызыгы, ошол эле убакта Сыдыков солчул эсерлер партиясынын мүчөсү болуп, өлкөдөгү саясий кыймылдарды түшүнүүгө умтулат. 1918-жылы большевиктер менен эсерлер бириккенде ал коммунисттерге кошулат. 1918-1920-жылдары Жети-Суу аймагындагы Түркстан Коммунисттик партиясынын мусулмандар бюросунун төрагасынын орун басары болуп иштейт. Андан кийин жогорудагы аймактын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. 1921-1922-жылдары Жети-Суу аймагынын аткаруу комитетинин төрагасынын милдетин убактылуу аткарып, ошол эле маалда кыргыздын көйкашкаларын бириктирет. Ал бул топту автономия куруу боюнча планды ишке ашырууга үндөп, ынандырат. Ал эми топтун башкы идеологу Арабаев эле.
Мурда кыргыздын башында бийлер, манаптар, баатырлар болуп келсе, Февраль революциясынан кийин медресе жана орус-тузем мектептеринде окуган Арабаев, Сыдыков, Айдарбеков сыяктуу жаштар саясатка аралашып, элдин кызыкчылыгын коргой баштады. Анын үстүнө алар Кыргызстандагы орус падышасы жана Убактылуу өкмөттүн администрациясында иштешкен. Муну менен кыргыздын тарыхында ири өзгөрүүлөр башталды.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКара-Кыргыз революциялык комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков (сол жактан биринчи) жана Кыргыз ССРнин прокурору И.Жоломанов (оң жактан биринчи). Ялта шаары, Крым жарым аралы. 1930-жыл
Основатели Кара-Кыргызской автономной области   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Кара-Кыргыз революциялык комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков (сол жактан биринчи) жана Кыргыз ССРнин прокурору И.Жоломанов (оң жактан биринчи). Ялта шаары, Крым жарым аралы. 1930-жыл
— Абдыкерим Сыдыковду "өз мезгилинин Манасы" деп да аташкан экен. Бекеринен болбосо керек?
— Советтик Россиянын лидери Владимир Ленин улуттар жөнүндө программасында россиялык Түркстанда Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан (азыркы Казакстан ) деген үч республика түзүү керек деп жазган. Алар Түркстанда кыргыз, кыпчак, каракалпак, тажик, сарт элдери жашаарын билген эмес. Лениндин багыты боюнча большевиктер 1920-жылы 26-августта казак элинин автономиясын түптөйт. Анын борбору Оренбург калаасы болот. Адегенде бул автономиянын расмий аталышы Кыргыз Советтик Автономиялуу Республикасы деп аталган. 1925-жылы июнда гана Казак автономиялуу бирикмеси деп расмий өзгөртүлгөн. Бирок бул тарыхый процесске большевиктер "алаш-ордочуларды" жакындаткан эмес. Ошол учурда Алматыдан көпчүлүк казак аткаминерлер Оренбургга көчөт. Жаңы түзүлгөн республиканын жетекчилеринин басымдуу бөлүгү кыргыздарды кошуп алууга далалат кылышат. "Кыргыздар казактардын бир уруусу, эч кандай айырмачылык жок" деп ынандырууга аракет кылышат. Кыргыз элинин боордош калкка сиңип кетүү коркунучу жаралган. Анын үстүнө падышалык администрация түзгөн Сыр-Дарыя, Фергана, Жети-Суу жана Самарканд облустарында кыргыздар улуттук азчылыкты түзгөн. Ошондо Абдыкерим Сыдыков көрөгөчтүк кылып Жети-Суу аймагындагы гезиттердин бирине элинин таламын талашып макала жазат. Ал материалда кытайлык тарыхчы Сыма Цянь жана россиялык чыгыш таануучу, академик Владимир Бартольддун илимий эмгектерине таянып кыргыздардын байыртадан бери мамлекеттүүлүгү болгонун тастыктайт. Кыргыздардын казак, өзбек жана түркмөн элдеринен айырмасын так көргөзөт. Демек, кыргыздар жогорудагы калктар сыяктуу автономиялуу макамга ээ болууга укугу бар деген корутунду чыгарат да, Тоолуу Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө демилге көтөрүп, уюштуруу комитетин жетектейт. Анын тобу сыдыковчулар деп аталат. Адегенде Кыргызстандын саясий элитасынын бул демилгесин Москва колдойт. Сыдыков жетектеген комитет Кара-Кыргыз облусунун административдик чек арасын аныктап жана башка орчундуу маселелерди чечкен. Ал эми сыдыковчулардын идеясына "Кошчу" уюмунун төрагасы Рахманкул Худайкулов менен анын тарапкери, Токмок шаарынын партиялык комитетинин жооптуу катчысы Дүйшеналы Бабахановдун тобу каршы чыккан. Алардын пикиринде, Кыргызстан Казакстанга кошулушу керек болчу. Бул эки каршылашкан топ бири-бири менен катуу тирешет. Бирок сыдыковчуларга атактуу казакстандык мамлекеттик ишмер Турар Рыскулов аябай жардам берген. Ал советтик саясий элитанын арасында абдан кадыр-барктуу эле.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРХIII бүткүл россиялык съезддин делегаттары: РСФСРдин Эл Комисарлар төрагасынын орун басары теги казак Турар Рыскулов (1-катарда оң жактан үчүнчү көз айнекчен) Кыргыз АССРнин аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (2-катарда биринчи топучан). Москва.1927-жыл
Делегаты всероссийского ХIII- сьезда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
ХIII бүткүл россиялык съезддин делегаттары: РСФСРдин Эл Комисарлар төрагасынын орун басары теги казак Турар Рыскулов (1-катарда оң жактан үчүнчү көз айнекчен) Кыргыз АССРнин аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (2-катарда биринчи топучан). Москва.1927-жыл
1922-жылы 4-июнда Сыдыков жана анын үзөңгүлөштөрү Пишпекте Тоолуу облустун Биринчи кеңешинин курултайын өткөзүшөт. Ага 425 депутат катышат. Ачылышында Абдыкерим Сыдыков курултайдын Кыргызстан үчүн зор маанисин белгилеп, ошентип эгемен Кыргызстандын пайдубалы түптөлгөн.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРХасан Булатов, Ысык-Көл райондук комммунисттик партиясынын катчысы. 1925-жыл
Секретарь Иссык-Кульской районной компартии Хасан Булатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Хасан Булатов, Ысык-Көл райондук комммунисттик партиясынын катчысы. 1925-жыл
Анткен менен Худайкуловдун тобу Сталинге кат жазып, натыйжада Абдыкерим Сыдыков кызматтан түшүп, куугунтукка кабылат. Тоолуу Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлүшү дагы эки жылга жылат. Сыдыковдун ордуна Ишеналы Айдарбеков келет. 1924-жылы 14-октябрда ал Россиянын курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөйт. 1936-жылы 5-декабрда бул кадамдын аркасы менен Кыргыз АССРи союздук республиканын макамын алат.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР“8-март” атындагы кыргыз улуттук мектебинин окуучулары Октябрь революциясынын күнүнө карата демонстрацияга катышууда. 1932-жыл. 7-ноябрь. Фрунзе
Ученики национальной школы имени “8-марта” на демонстрации посвященной к Октябрьской революции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
“8-март” атындагы кыргыз улуттук мектебинин окуучулары Октябрь революциясынын күнүнө карата демонстрацияга катышууда. 1932-жыл. 7-ноябрь. Фрунзе
Абдыкерим Сыдыков Манас сыяктуу туш тарапка чачылган кыргыздын башын бир туунун астында бириктирди. Тилекке каршы, 1938-жылы 18-февралда 49 жашында жалган жалаа менен атууга кеткен. Бүгүнкү күндө анын сөөгү кайда коюлганы да белгисиз. Кыргыз эли үчүн Абдыкерим Сыдыков Мустафа Кемел Ататүрк болду десек аша чаппайт элек.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун кыз келиндеринин биринчи курултайы. Пишпек. 1925-жыл. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Кара-Кыргыз автоном облусу. Кылымдардан соң калыбына келген кыргыз мамлекети
Жаңылыктар түрмөгү
0