https://sputnik.kg/20240713/1086971927.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өткөндө болгон окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору болгон. Бул тууралуу УКМК башчысы... 13.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-13T08:59+0600
2024-07-13T08:59+0600
2024-07-13T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0d/1086971795_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_efb330fd3386c7a89fbf80b1aa6375f6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өткөндө болгон окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору болгон. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылгандар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирген. Атайын кызматтын жетекчиси "7-каналга" маек курган. Ташиевдин айтымында, атайын кызмат шектүүлөрдү аракетин баштагандан тарта кайтарууга алган. "Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Курал, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип жасаса болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты, баарынын артынан түшүп, видеобайкоолорго жаздырып жүргөнбүз", — деген Ташиев. Ошондой эле ал булардын артында кандай күчтөр бар экени жана толук максаттары тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болорун кошумчалаган.
2024-жылдын май айында чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 253,3 миллион доллар которулганын Улуттук банктан кабарлашты.Каражаттын негизи бөлүгү — 236,8 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинде Россиядан 236,3 миллион доллар которулса, коңшу Казакстандан 200 миң доллар кирген.Өлкөгө келген акчанын калган бөлүгү алыскы чет өлкөлөрдөн которулган. Алардын арасынан АКШдан 6,3 миллион доллар, Түркиядан 1,5 миллион доллар түшкөн.Башкы банк май айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 32,4 миллион доллар чыкканын билдирди. Анын 26,7 миллиону КМШ өлкөлөрүнө, 5,7 миллион доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Өлкөлөр боюнча алганда, Россияга 25,8 миллион доллар которулса, Түркияга 5,4 миллион жиберилген.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болуп кирүүнү максат кылып жатканын айтты. Өлкө башчынын интервьюсун TRT Haber телеканалы түз алып көрсөткөнүн РИА Новости жазды."Максатыбыз — байкоочулуктан туруктуу мүчөлүккө өтүү. Түркия ШКУга туруктуу мүчө болуп кошулушу керек. Бул маселени акыркы саммитте Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүп, колдоп берүүлөрүн өтүндүм", — деген Эрдоган Вашингтондо өткөн маалымат жыйында.Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан 4-июнда өлкө БРИКСке да мүчө болууну көздөп жатканын билдирген. ТИМ жетекчиси анда Новгороддо өткөн БРИКС+ жолугушуусуна катышкан эле. Иш-чаранын соңу менен өткөн маалымат жыйында министр Анкара аталган уюмдун мааниси чоң экенине ынанганын айткан болчу.
Саламаттык сактоо министрлиги жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн жана майыптыктын башкы себеби болуп саналарын эскертип, аны кантип алдын алса болорун айтты.Маалыматка караганда, жүрөк-кан тамыр ооруларынын ичинен миокард инфаркты жана мээ инсульту өлүмгө кептей турчу илдеттер."Инфаркт менен инсульт жыл сайын жашарууда. Бул илдеттер 30 жаштагы, ал тургай 20 жаштагы кыргызстандыктардын өмүрүн алып жатат. Алар негизинен кан тамырлардын бүтөлүп, кандын жүрөккө же мээге өтүшүнө тоскоол болушунун натыйжасында пайда болот", — деп айтылат билдирмеде.Коркунучтуу дарттарды алдын алуу үчүн чылым чегүүдөн, спирт ичимдигинен баш тартып, туура тамактанып, ашыкча салмактан арылып көбүрөөк кыймылдаш керек.Кан басымдын жогорулашы, кант диабети жана гиперлипидемия сыяктуу тобокелдик факторлор да бул ооруларды шарттайт.
Өткөндө болгон окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору болгон. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылгандар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирген. Атайын кызматтын жетекчиси "7-каналга" маек курган. Ташиевдин айтымында, атайын кызмат шектүүлөрдү аракетин баштагандан тарта кайтарууга алган. "Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Курал, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип жасаса болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты, баарынын артынан түшүп, видеобайкоолорго жаздырып жүргөнбүз", — деген Ташиев. Ошондой эле ал булардын артында кандай күчтөр бар экени жана толук максаттары тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болорун кошумчалаган. 2024-жылдын май айында чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 253,3 миллион доллар которулганын Улуттук банктан кабарлашты.Каражаттын негизи бөлүгү — 236,8 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинде Россиядан 236,3 миллион доллар которулса, коңшу Казакстандан 200 миң доллар кирген.Өлкөгө келген акчанын калган бөлүгү алыскы чет өлкөлөрдөн которулган. Алардын арасынан АКШдан 6,3 миллион доллар, Түркиядан 1,5 миллион доллар түшкөн.Башкы банк май айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 32,4 миллион доллар чыкканын билдирди. Анын 26,7 миллиону КМШ өлкөлөрүнө, 5,7 миллион доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Өлкөлөр боюнча алганда, Россияга 25,8 миллион доллар которулса, Түркияга 5,4 миллион жиберилген.Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болуп кирүүнү максат кылып жатканын айтты. Өлкө башчынын интервьюсун TRT Haber телеканалы түз алып көрсөткөнүн РИА Новости жазды."Максатыбыз — байкоочулуктан туруктуу мүчөлүккө өтүү. Түркия ШКУга туруктуу мүчө болуп кошулушу керек. Бул маселени акыркы саммитте Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүп, колдоп берүүлөрүн өтүндүм", — деген Эрдоган Вашингтондо өткөн маалымат жыйында.Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан 4-июнда өлкө БРИКСке да мүчө болууну көздөп жатканын билдирген. ТИМ жетекчиси анда Новгороддо өткөн БРИКС+ жолугушуусуна катышкан эле. Иш-чаранын соңу менен өткөн маалымат жыйында министр Анкара аталган уюмдун мааниси чоң экенине ынанганын айткан болчу.Саламаттык сактоо министрлиги жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн жана майыптыктын башкы себеби болуп саналарын эскертип, аны кантип алдын алса болорун айтты.Маалыматка караганда, жүрөк-кан тамыр ооруларынын ичинен миокард инфаркты жана мээ инсульту өлүмгө кептей турчу илдеттер."Инфаркт менен инсульт жыл сайын жашарууда. Бул илдеттер 30 жаштагы, ал тургай 20 жаштагы кыргызстандыктардын өмүрүн алып жатат. Алар негизинен кан тамырлардын бүтөлүп, кандын жүрөккө же мээге өтүшүнө тоскоол болушунун натыйжасында пайда болот", — деп айтылат билдирмеде.Коркунучтуу дарттарды алдын алуу үчүн чылым чегүүдөн, спирт ичимдигинен баш тартып, туура тамактанып, ашыкча салмактан арылып көбүрөөк кыймылдаш керек.Кан басымдын жогорулашы, кант диабети жана гиперлипидемия сыяктуу тобокелдик факторлор да бул ооруларды шарттайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0d/1086971795_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3b8a31784ca2bb46c51d991b90890553.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио