https://sputnik.kg/20240709/1086826737.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Сентябрдын соңунда Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, энергетика... 09.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-09T09:00+0600
2024-07-09T09:00+0600
2024-07-09T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/07/09/1086826605_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d455c525f8cd55b78f5f48d08fbcd10a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Сентябрдын соңунда Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында суткасына 500 тонна мунайды кайра иштеп чыгуучу заводдун курулушу менен таанышкан."Учурда 4 мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат. Инвестициянын жалпы суммасы – 91 миллион доллар. 51 адам иш менен камсыздалган. Завод ишке кирсе 150 жумуш орду түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.Учурда курулуш иштеринин 90 пайыздан ашыгы аткарылып, заводду сентябрдын этегинде ишке берүү мерчемделип жатканы белгиленген.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Ош облусунда селден жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накайдын жолугушуусунда айтылды. Ноокат, Кадамжай жана Баткен райондорунун тургундарына бузулган инфраструктураны калыбына келтирүү – каналдарды, көчөлөрдү, көпүрөлөрдү, бузулган үйлөрдү тазалоо, суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү боюнча иштердин ордуна азык-түлүк жана акчалай жардам берилет. Бул иштерге 3950 адам жашаган 790 үй-бүлө тартылат, катышуучуларга 72 тонна азык-түлүк жана 84 миң АКШ доллары бөлүштүрүлөт.
Чүй облусунда 16-20-июль күндөрү “Көчмөндөр жүрүшү” аталышындагы республикалык ат чабыш марафону өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Аралыгы 300 чакырымга созулган марафондо аттар күнүгө 75 чакырымды басып өтөт. Ат чабыш «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинен башталат. Негизги максат V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ат чабыш марафонуна катышуу үчүн аттарды тандоо, жаштарды улуттук ат спортуна кызыгуусун арттыруу болуп саналат.Ат чабыштын байге фонду 2 млн сомду түзөт, анын ичинен 1 млн сому биринчи орун үчүн. Мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар Казакстанда өтө турган 500 чакырымдык ат чабыш марафонуна жолдомо алышат. Жарышка катышуу үчүн каттоо 15-июлга чейин болот.
Украина боюнча анык бир стратегиясы жок болгондуктан Түндүк атлантикалык альянс ой келди чечимдерди кабыл алууда. Бул тууралуу Пентагондун мурунку кеңешчиси Теодор Постол Dialogue Works YouTube каналына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "НАТОдон кандайдыр бир стратегия байкаганым жок. Менимче, алар ары урунуп, бери урунуп эмне кылар айласын таппай турат", — деген Постол.Анын айтымында, НАТОнун алдыда боло турган саммити бир нече себептен улам оңой болбойт. Биринчиден, катышуучулар АКШ президенти Жо Байдендин кайсы бир маселелерде компетенттүү экенин, түшүнүүгө умтулат. Экинчиден, Франция президенти Эммануэль Макрон саммитке ыйгарым укуктары кыйла кыскарган президент катары барат. Үчүнчү себеп катары эксперт Олаф Шольцтун саясий ишмердүүлүгү олуттуу кабыл алынбай турганын белгилеген.
Сентябрдын соңунда Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында суткасына 500 тонна мунайды кайра иштеп чыгуучу заводдун курулушу менен таанышкан."Учурда 4 мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат. Инвестициянын жалпы суммасы – 91 миллион доллар. 51 адам иш менен камсыздалган. Завод ишке кирсе 150 жумуш орду түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.Учурда курулуш иштеринин 90 пайыздан ашыгы аткарылып, заводду сентябрдын этегинде ишке берүү мерчемделип жатканы белгиленген.БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Ош облусунда селден жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накайдын жолугушуусунда айтылды. Ноокат, Кадамжай жана Баткен райондорунун тургундарына бузулган инфраструктураны калыбына келтирүү – каналдарды, көчөлөрдү, көпүрөлөрдү, бузулган үйлөрдү тазалоо, суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү боюнча иштердин ордуна азык-түлүк жана акчалай жардам берилет. Бул иштерге 3950 адам жашаган 790 үй-бүлө тартылат, катышуучуларга 72 тонна азык-түлүк жана 84 миң АКШ доллары бөлүштүрүлөт.Чүй облусунда 16-20-июль күндөрү “Көчмөндөр жүрүшү” аталышындагы республикалык ат чабыш марафону өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Аралыгы 300 чакырымга созулган марафондо аттар күнүгө 75 чакырымды басып өтөт. Ат чабыш «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинен башталат. Негизги максат V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ат чабыш марафонуна катышуу үчүн аттарды тандоо, жаштарды улуттук ат спортуна кызыгуусун арттыруу болуп саналат.Ат чабыштын байге фонду 2 млн сомду түзөт, анын ичинен 1 млн сому биринчи орун үчүн. Мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар Казакстанда өтө турган 500 чакырымдык ат чабыш марафонуна жолдомо алышат. Жарышка катышуу үчүн каттоо 15-июлга чейин болот. Украина боюнча анык бир стратегиясы жок болгондуктан Түндүк атлантикалык альянс ой келди чечимдерди кабыл алууда. Бул тууралуу Пентагондун мурунку кеңешчиси Теодор Постол Dialogue Works YouTube каналына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "НАТОдон кандайдыр бир стратегия байкаганым жок. Менимче, алар ары урунуп, бери урунуп эмне кылар айласын таппай турат", — деген Постол.Анын айтымында, НАТОнун алдыда боло турган саммити бир нече себептен улам оңой болбойт. Биринчиден, катышуучулар АКШ президенти Жо Байдендин кайсы бир маселелерде компетенттүү экенин, түшүнүүгө умтулат. Экинчиден, Франция президенти Эммануэль Макрон саммитке ыйгарым укуктары кыйла кыскарган президент катары барат. Үчүнчү себеп катары эксперт Олаф Шольцтун саясий ишмердүүлүгү олуттуу кабыл алынбай турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/09/1086826605_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_17b1885fd3a164ccb9da4d2a900453a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио