00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
4 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Динамика изменения водных ресурсов в условиях климата Азии: мнение экспертов
12:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ала-Арчада жөө күлүктөр жарышат — максаттары жана талаптары
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө соңку болуп өткөн селдерден 180 млн сомго жакын чыгымга учурады. МЧСтин билдирүүсү
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как обеспечить безопасность в Евразии — беседа с аналитиком
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өспүрүмдөр психотроптук дарылардын жана баңги зат сатуунун курмандыгына айланууда
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Туяк
Легендарлуу генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун өмүр баяны
17:50
46 мин
Особый акцент
Как обеспечить безопасность в Евразии — беседа с аналитиком
18:07
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
"Error 404" тасмасы кантип тартылды?
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Өспүрүмдөр психотроптук дарылардын жана баңги зат сатуунун курмандыгына айланууда
23:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Селден жабыркагандарга өз алдынча акча чогултуунун кажети жок. Бул тууралуу минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун соцбаракчасындагы кайрылуусунда жазылган. Анын айтымында, мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар берилүүдө, шарттар түзүлгөн, кырдаал көзөмөлдө турат. "Мындай учурда мекенчилдик сезим ойгонуп, кыргыздын бириге калган жакшы касиети бар. Соцтармактар аркылуу азык-түлүк, каржылык жардамдарды чогултуу демилгесин көтөрүп, ар ким өз алдынча эсеп ачкандарды көрүп жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби: ар кимдин өз алдынча акча каражаттарды чогултуусунун кажети жок. Мындай учурдан алдамчылар да пайдаланып кетүүсү толук ыктымал", — деп жазылган кайрылууда. Ошондой эле ал адам күчү же техника менен кол кабыш кылуу ниети барлар Оштогу штабга кайрылса болорун кошумчалаган.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 262 миңден ашык кыргызстандык жалпы суммасы 13,6 миллиард сомду түзгөн микрокредиттерди алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Микрокредит алуучулардын эң көп саны Бишкек (50,2 миң), Ош (46,9 миң), Жалал-Абад (40,4 миң) жана Чүй (36,5 миң) облустарында жашайт. Микрокредиттер кандай максаттар үчүн берилген? керектөөчүлөрдүн керектөөлөрү — 49 пайыз; айыл чарбасы — 24 пайыз; соода — 12 пайыз; транспорт жана байланыш — 3 пайыз; курулушка — 3 пайыз; башкалар — 8 пайыз.
Якутск шаарында өткөн "Азия балдары" VIII эл аралык оюндарында кыргызстандык жаш спортчулар 20 медаль алышты. Бул тууралуу мелдештин сайтына жарыяланды. Эскерте кетсек, оюндар 7-июлда аяктайт. Кыргызстандыктар үч алтын, тогуз күмүш жана сегиз коло медаль тагынды. Жалпы командалык эсепте биздин команда 11-орунда. Эске салсак, биринчи медалды самбочу Шахнази Айбекова алып келген. Ал күмүш медалдын ээси болгон. Алтын медалдарды Эрмек Жаныбеков (таяк тартыш), Арууке Нурбекова жана Адинай Байскулова (экөө тең кыз-келиндер күрөшүндө) жеңип алышты. Мелдеш 26-июнда башталып, 7-июлда жыйынтыкталат. Аларга 26 өлкөдөн үч миң бала катышууда. Кыргызстандын атынан спорттун 22 түрү боюнча 187 спортчу ат салышууда.
Июль айынын биринчи жумасында Андрей Стениндин элесине арналган эл аралык фотоконкурстун веб-сайтынын орус жана англис версияларында онлайн добуш берүү башталды. Интернет-колдонуучулар эл аралык калыстар тобунун чечими менен кыска тизмеге кирген сүрөт же сериянын эң жакшысын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жеңүүчү ага берилген эң көп добуш менен аныкталат. Добуш берүү үчүн сынактын сайтынан сүйүктүү сүрөтүңүздү же сүрөттөрдүн сериясын тандап, алардын жанындагы баскычты басышыңыз керек. Соцтармактарда жеке профилиңиздин болушу талап кылынбайт. Добуш берүү 31-июль саат 23:59га (Москва убактысы боюнча) чейин жүргүзүлөт. Жеңүүчү августтун башында аныкталып, интернетте популярдуу болгон сүрөттүн автору дипломго ээ болот. Кыска тизмедеги талапкерлердин байгелүү орундары, ошондой эле гран-при жеңүүчүлөрү уюштуруу комитети тарабынан сентябрь айында веб-сайттын орус жана англис версияларында жарыяланат. Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө дүйнө боюнча роуд-шоу уюштуруу пландалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0