00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:57
1 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как обычные лекарства могут превратиться в наркотические смеси. Аптечная наркомания набирает обороты
12:08
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Суусамыр өрөөнүн каптаган бадал — Жайытты калыбына келтирүү иштери кандай жүрүүдө?
13:08
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Студенттерге жеңилдетилген кредит берүү — Билимдүүлөрдүн саны өсөбү же карызга белчеден баткандар көбөйөбү?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему Конституция важнее всего — беседа с судьей КС КР
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
УКМК акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер кеңири жайылганын айтып, аларга тыкыр текшерген соң гана балдарды жиберүү керектигин билдирди. "Салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары тарабынан ар кандай шектүү окуу борборлору жана лагерлер мыйзамсыз уюштурулуп, иштеп жатат. Буга байланыштуу УКМК ата-энелерге диний билим берүү мекемелерин тандоодо алгач аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун, тагыраагы, каттоосун, уруксат кагаздарын, лицензияларын жана окуу планын текшерип алууну сунуштайт", — деп жазылат маалыматта. Эске салсак, атайын кызмат өлкө аймагында мыйзамсыз иштеген медреселерди аныктап, жабууда.Кыргызстанда өз убагында каттоодон өтпөй калган диний уюмдар да катталып жатат.
Жарандардын төрт категориясы үйүндө социалдык кызматтарды алууга укуктуу. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертти.Маалыматка караганда, бул категорияларга жалгыз бой улгайган адамдар, майыптыгы бар адамдар, улгайган жубайлар же өзүн карай албаган майыптыгы бар адамдар, оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу үй-бүлөлөр кирет."Социалдык кызматкер аймактык башкармалыктын жетекчиси бекиткен өзүнүн жеке графиги боюнча жумасына эки ирет муктаждардын үйлөрүнө барып турат. Ар бир социалдык кызматкерге 8-12 адам бекитилет", — деп айтылат маалыматта. Учурда 920 социалдык кызматкер 9 073 адамга кызмат көрсөтүүдө.
Нарын шаарында жаңы спорт комплексин курууга 77,7 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу маалымат электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. Мамлекеттик курулуш комитетине караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы сатып алуучу тарап болуп саналат. Курулуштун аяктоо мөөнөтү жөнүндө конкреттүү маалымат жок. Каржылоо республикалык бюджеттен каралгандыктан тараптар бекиткен календарлык графикке ылайык жүргүзүлөт.Аткаруучунун арызынын кепилдик өлчөмү 7 пайыз, ал эми анын жарактуу мөөнөтү 90 күн.Буйрутманы аткаруучу объектинин курулушуна, санитардык, экологиялык нормалардын жана курулуштун техникалык коопсуздук нормаларынын сакталышына күнү-түнү видеокөзөмөлдү уюштурууга тийиш. Анын сунушу 60 күн бою күчүндө болот.
46 жаштагы россиялык Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Эске салсак, КФБ өткөн жылдын май айынан бери кыргыз курама командасын жетектеп келген Штефан Таркович менен келишимди узарткан эмес. Анын мөөнөтү 30-июнда аяктайт. "Жаңы машыктыруучу команданы ушул жылдын сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоонун 3-туруна даярдайт. Кыргыз футбол биримдиги менен башкы машыктыруучунун ортосундагы келишим 3-тур аяктаганга чейин бир жылдык мөөнөткө иштейт", — деди маалымат кызматы.Лисицын Кыргызстанда 4 жыл мурун иштей баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги астында өлкөнүн жаштар курамасы U-20 Азия кубогунун финалдык баскычына чыккан. Россиялык адис Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын да жетектеп, Азия чемпиондугуна тандоо оюндарына катышкан.Ошондой эле өткөн жылдын аягында борбор калаадагы "Дордойдун" машыктыруучусу болуп бир сезонго дайындалган. Андан кийин олимпиадалык курама команданын машыктыруучусу кызматын сактап калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0