00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Кыргызстан отправляет 16 спортсменов на Олимпиаду в Париж. О видах спорта и состоянии атлетов
12:08
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулду — Эми ишкерлер салыктын кайсы түрүнө өтүшөт?
13:08
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын жашылча-жемиштеринин экспорту — ЕАЭБдин кайсы өлкөлөрүнө көбүрөөк жөнөтүлөт?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
Нужно рассказывать правду об истории тюрков — беседа с российскими тюркологами
14:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Экономиканы өргө жетелеген өндүрүш — “Кыргызиндустрия” кандай долбоорлорду ишке ашырууда?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Высокая закредитованность населения: причины и последствия
18:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Экономиканы өргө жетелеген өндүрүш — “Кыргызиндустрия” кандай долбоорлорду ишке ашырууда?
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Борбор Азияга жакындоо далалаты. Региондо Япониянын кадыры канчалык

© AFP / KAZUHIRO NOGIЯпониянын мамлекеттик желеги. Архивдик сүрөт
Япониянын мамлекеттик желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2024
Жазылуу
Вашингтондун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, Украинаны колдоо Японияга кандай таасир этет? Sputnik колумнисти өлкө саясатынын Борбор Азиядагы жана жалпы евразиялык айдыңдагы келечегине токтолгон.

Плюс форматы

Быйыл Астанада жогорку деңгээлдеги "Борбор Азия плюс Япония" диалогунун биринчи саммити өтөт. Иш-чара ар тараптуу аянтчанын 20 жылдыгына арналмакчы. Дал ушул аянтчанын алкагында Токио регионду кызматташуунун, өз ара түшүнүшүүнүн жалпы мейкиндиги катары кабылдаган иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга далалат кылган. Буга катар Япония бул платформадан Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясынын (АСЕАН) аналогун түзүү үчүн потенциал көрүп келген. Бирок 2004-жылы БА мамлекеттери регионалдык кооперациядан кыйла алыс эле, буга ички да, тышкы да тоскоолдуктар бар болчу. Ал эми Япония бул тоскоолдуктарды жоймок тургай, аны жоюуну ойлонгон да эмес. Токио ойлоп тапкан "БА плюс" форматы ушул сыяктуу бир топ демилгеге башат болуп, башка мамлекеттерди Борбор Азия өлкөлөрүн кызматташуунун түрдүү формасына аралаштырууга жол издеттирди. Ал эми Түштүк Корея, АКШ, Индия, Евробиримдик сыяктуу алыс жайгашкан өлкөлөр региондо өзүнүн кызматташчу платформаларын түптөп, "мен бармынга" өтүштү.

Бөтөн кызыкчылыкка бөк түшүп

Япониянын тышкы саясатына саресеп салгандар кээде билип туруп, кээде аңдабай эле бир маанилүү учурду көз жаздымда калтырып келишет.
1960-жылдардан тарта Япониянын тышкы саясатынын башкы приоритети Вашингтон менен мамиле болуп саналат. Токионун АКШ менен тыгыз байланышы — бул Япониянын өнөр жай жана саясий элитасынын стратегиялык тандоосу, булар багытын эбак аныктап алышкан, эч убакта өзгөртүшпөйт. Демек, Япония дегенде АКШны түшүнүү керек. Болбосо Япониянын Өзбекстан менен Кыргызстандагы жолдорду, аэропортторду оңдоого миллиондогон чыгым тартканын эмне деп түшүндүрөбүз. Мунун баары АКШнын Афганстандагы 2001-жылдан тарта өткөргөн операциясында колдонулду. Керек болсо "Япония плюс БА" диалогунун да Батыш үчүн мааниси чоң болчу, Борбор Азияга чектешпеген мамлекеттер менен кызматташуунун жаңы формаларына Россия менен Кытай кандай көз карашта экенин билүү керек эле. Анын үстүнө Япониянын тажрыйбасы Вашингтон үчүн пайдалуу болду. "Манастагы" аскердик база жабылгандан кийин америкалыктар өздөрү 2015-жылы "С5 плюс 1" аянтчасы түзүлгөнүн жар салышты.

Акчадан да артык

Буга чейин АКШнын орчундуу кызыкчылыктарын Япония акчалай гана камсыздап, Вашингтондун Ирак, Афганстандагы операцияларына финансылык колдоо көрсөтүп келген. Окинава аралындагы туруктуу деп эсептелген америкалык базалардын каржыланышы тууралуу сөз кылбай эле коелу. Дагы бир кызык учур — 2024-жылы Япониянын украин режимине көрсөтүлчү жардамы 12 миллиард доллар деп белгиленген. Мындан тышкары, япон ЖМКларынын маалыматы боюнча, 13-15-июнь күндөрү Италияда өтө турган "Чоң жетиликтин" саммитинде Украина менен 10 жылга созула турган коопсуздук келишимине кол коюлганы турат. Бул макулдашуу боюнча Токио Киевге аскердик жаатта колдоо көрсөтүп, курал жана жабдуу менен камсыздамакчы. Япония үчүн мунун кесепети Евразиянын аймагынан курчураак сезилиши толук ыктымал.
Япония менен АКШнын стратегиялык кызматташуусу уланып келе жаткан ушунча жылдан бери Токио биринчи жолу акчадан чоңураак, маанилүүрөөк нерсесин курмандыкка чалды. Украинаны жана Россияга каршы салынган санкцияларды колдоп Япония Россия менен тынчтык келишимин түзүп, Курил аралдарынын тиешелүүлүк маселесин чечүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду. Россия сүйлөшүү процессинен чыгып, эми кастарын тиккен Япония менен аймактык көйгөйлөрдү талкуулабайт.
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Тумандуу Альбиондун кооптуу планы. Кэмерон Борбор Азияны эмнеге кыдырды

Акыл-эске каршы саясат

Япониянын ар кыл программаларынын Борбор Азияда ишке ашуусу регион өлкөлөрү үчүн соода-экономикалык байланыштарды диверсификациялоого — дүйнөлүк рынокторго жакындоо үчүн транспорттук жана коммуникациялык жаңы маршруттарды түзүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүк катары каралып келген. Япония бул демилгени колдогону менен аны ишке ашыра алган жок, анткени Борбор Азиядагы транспорттук коммуникациянын баары же Россия, же Кытай менен байланышта. Стратегиялык жактан алганда Япония Борбор Азиянын транспорттук, соода-экономикалык жана башка регионалдык долбоорлоруна катышуу үчүн Россия жана Кытай менен мамиле жакшы болушу керектигин дайым түшүнүп келген.
Азыр Япониянын Россияга карата позициясы оң эмес, Кытайдын Тайвань аралынын айланасындагы кырдаалды улам курчутуп, Азия-Тынч океан аймагындагы курал-жарак жарышын күчөтүп келет. Мыйзам чегинде толук кандуу куралдуу күчтөргө ээ болууга тыюу салган Конституциясын кайра карап чыгуу планын (АКШнын кысымы менен) да унутпаш керек. Ал эми бул Азия-Тынч океан аймагындагы Россия менен Кытай үчүн олуттуу кооптуулук жаратчу көрүнүш. Бул өңүттөн алып караганда Япониянын евразиялык демилгелери күмөн жаратат. Албетте, Россия менен Кытай эки держава үчүн мааниси чоң Борбор Азияга Япониянын жылып киргенин кол куушуруп карап отура бербейт.
Чын-чынына келгенде Россия жана Кытай менен начар мамилесинен улам Япониянын Борбор Азияга эмне сунуштай алары кызык. Калыстыктан тая түшкөн Токиону региондун мамлекеттери кабыл алабы? Менимче, азыр Япония Россияны изоляциялап, аны менен кызматташууну чектөөгө умтулган жамааттык Батыштын бир мүчөсү сыяктуу. Анткен менен боло турган саммите Япония дипломатиянын тили менен ойкутуп-кайкытып отуруп, акыры оюн жеткирери турулуу.

Япониянын "евразиялык саясатынын" соңу

Япониянын ушу кезде "БА плюс Япония" форматында да, эки тараптуу мамилелердин алкагында да дипломатиялык тажрыйбасы мол. Анткен менен диалогдун өзү Токиого да, Борбор Азия мамлекеттерине да пайдалуу боло алган жок. Бул мезгил аралыгында Япония тышкы саясатынын приоритети болбогон (болушу да мүмкүн эмес) багытка көп убакыт жана каражат жумшады. Экономикалык көз караштан алып караганда, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын энергетикалык жана кен казуу тармагында анча-мынча компаниялары иштеп жатат, региондун өлкөлөрү менен соодасы анча жакшы эмес. Муну көңүлгө аларлык жыйынтык деп айтуу кыйын.
Жогорку деңгээлдеги "БА плюс Япония" саммити кескин өзгөрүүлөрдү алып келе албайт — Күн чыгыш өлкөсү регионго географиялык жактан да, саясий жактан да жакындап кетпейт, анын үстүнө Борбор Азиядагы экономикалык жана саясий процесстерге таасир этүү үчүн Россия жана Кытай менен атаандашууга Япониянын ниети жок, дарамети да чектелүү. Япония Борбор Азияга АКШнын каалоосу менен келди, ал эми Вашингтон үчүн Россияны обочолонтуу аракеттеринин салмагын арттыруу өтө маанилүү.
Тээ илгери Япониянын премьер-министри Рютаро Хасимото "евразиялык саясаттын" алкагында Россия, Кытай, Борбор Азия жана Түштүк Кавказ менен жакшы мамиледе болууну каалаган экен. Эгер АКШ болбогондо жалпыбыз үчүн бул абдан мыкты идея болмок. Андан да мурун япониялыктар Курилдеги жок дегенде эки арал (Хабомаи менен Шикотан) Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрдөн кийин берилет деген ниетте эле. Эми Россияга караштуу Курил аралдарын дүрбүдөн гана көрүп тура алгыдай болушту. Вашингтонго рахмат.
Жакынкы аралыкта Евразия дүйнөнүн эң эле интеграцияланган, өнүккөн региондорунун бирине айланат. Жаңы дүйнө тартибинин негизи болуп кала турган нормалар, эрежелер дал ушул жерде иштелип чыгууда. Жалпы евразиялык мейкиндикте эми "плюс" кыпчылган форматтар үчүн орун табылары күмөн.
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2024
Батышка теңтайлашып. Евразиянын жаңы жарандык коому алган багыт
Жаңылыктар түрмөгү
0