00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкекте саат 13:00! Эфирде жаңылыктар. Микрофондо Арууке Амирдинова! Кутмандуу күнүңүздөр менен!Кыргызстан менен Омандын футбол беттеши боюнча букмекерлер божомол кылыштыКытай өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча кескин билдирүү жасадыӨлкөдөгү боорду алмаштыруу боюнча алгачкы операция ийгиликтүү өттү алдыда кененирээкБишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду акысыз алмаштыруу боюнча алгачкы операция ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, операция 8-9 саатка созулуп, ага министр Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык дарыгерлердин тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да көрсөткүчтөрү туруктуу экени айтылды. "Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан", — деп белгиледи саламаттык сактоо министри. Учурда бейтаптардын абалы көзөмөлдө, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кошумчаланды.
Ысык-Көлдө Whatsаpp аркылуу фермерлерди массалык башаламандык уюштурууга чакыргандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар жол тосуп, сүт ташыган айдоочуларды барымтага алууга үндөгөн. "Эки жаран сүттүн мезгилдик арзандоосунан улам 1000ден ашык катышуучусу бар Whatsаpp-группада аудиобилдирүүлөрдү таратышкан. Соттук-лингвистикалык экспертиза тараган аудиолордо массалык башаламандык уюштурууга чакырык белгисин аныктаган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө", — деп жазылган маалыматта. Атайын кызмат жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана социалдык тармактарда тараган чагымчыл маалыматтарга алданбоого чакырды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын футболчулары менен беттеште фаворит болуп саналбайт, ошентсе да мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тууралуу букмекердик конторалардын божомолунан билүүгө болот. Эске салсак, Оманда 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо этабынын финалдык айлампасы өтөт. D тайпасында Кыргызстан, Оман, Малайзия жана Тайбэй болуп төрт команда бар. Улуттук курама команданын бүгүнкү каршылашы Оман тайпада 12 балл менен алдыда. Ал эми Кыргызстан 10 упай менен экинчи, Малайзия жети упай менен үчүнчүдө. Эске салсак, ар бир тайпадан эки мыкты команда дүйнө чемпиондугуна тандоонун 3-туруна өтүп, 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө автоматтык түрдө жолдомо алат.
Кытай андан Тайванды бөлүп кетүүгө жол бербейт. Бул туурасында Кытайдын Вашингтондогу элчилигинен билдиришкенин РИА Новости жазды. "Өзүнүн суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча Кытайдын чечкиндүүлүгү менен өзгөчө жөндөмүн эч ким көңүлдөн чыгарбашы керек", — деген агенттикке дипломатиялык миссиянын өкүлү. Элчиликтен АКШнын Тайванга курал сатуусу Кытайдын суверендүүлүгүнө, коопсуздук боюнча кызыкчылыктарына доо кетирип, Пекин менен Вашингтондун ортосундагы мамилени суук селки кылат.Дипломаттар Америка бийлигин "бирдиктүү Кытай" принциби менен биргелешкен үч коммюникенин жоболорун сактап, Тайванга курал сатуу менен аскерий жааттагы байланыштарды токтотууга чакырды. Аны менен кошо Тайвань кысыгында чыңалган абалдын жаралышына шарт түзбөшү керектигин айтты.Оман мөөнөтүнөн мурда чыккан. Ал эми Кыргызстан утса же тең чыкса жолдомо алат. Эгер утулуп калса, анда баары Малайзия менен Кытайдын Тайбэйинин ортосундагы беттештен көз каранды болмокчу , букмекерлер малайзиялыктар жеңет деген ишеничте.
Жаңылыктар түрмөгү
0