00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында өз аймагындагы иштерди дээрлик соңуна чыгарды. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын маалымат кызматы билдирди. Ишканадан билдиришкендей, жолдорду төшөө, чуңкурларды казуу жана фундаменттерге бетон куюу иштери толугу менен аяктады."Азыр энергетиктер зымдарды тартууда. Иш 76 пайызга бүттү", — деди ишкана. CASA-1000 Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларын бириктирет. Бул электр энергиясын сатууга мүмкүндүк берет.
Россетинин башкы директору Андрей Рюмин менен "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын жетекчиси Алтынбек Рысбеков Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында кызматташуу келишимин ишке ашыруу жана биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Тараптар россиялык окуу борборлорунда КУЭТ кызматкерлери үчүн билим берүү программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган."Россетинин" өкүлдөрү ата мекендик бизнес-процесстерди автоматташтыруу системаларын, анын ичинде RS-20 технологиялык башкаруу платформасына негизделген системаларды колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү."Биздин кызматкерлерди россиялык борборлордо окутуу адистердин квалификациясын жогорулатууга жана компаниянын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет", — деди Рысбеков. "Россети" менен КУЭТ 2022-жылы инфраструктураны куруу жана жаңылоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстандын энергетикалык системаларын өнүктүрүү боюнча кызматташууну караган узак мөөнөттүү стратегиялык келишимге кол койгон.
Депутат Айсулуу Мамашова өлкөдө тили кеч чыккан балдар көбөйүп, адистердин таңсыктыгы чоң көйгөйгө айланганын билдирди. "Азыр дээрлик ар бир экинчи үй-бүлөдө 3-4 жашында сүйлөй албай жаткан балдар бар. Ата-энелер эмне кыларын билбей жатышат. Интернетте түрдүү оорулар тууралуу маалымат көп. Энелер адистердин жоктугунан улам өз алдынча диагноз коюп, бүдөмүк абалда жүрүшөт. Аймактарда болсо бала өзү сүйлөп кетет деп күтүп жүргөндөр, дарыгер издеп Бишкекке көчүп келген энелер көп", — деп билдирди депутат. Эл өкүлү жеке логопеддик борборлордо 40 мүнөттүк сабактын баасы 700 сомдон 2 миң сомго чейин экенин, 10 күндүк курс 60 миң сомду чапчый турганын айтып кейиди. Мындан улам ал өкмөттөн бул маселеге көңүл буруп, ар бир облуска мамлекеттик логопеддик борборлорду ачууну сунуштады.
Грузиянын АКШ менен мамилесин кайра карап чыгуу керек. Анткени мындай абалда кызматташуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Тбилисинин мэри Каха Каладзе билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье жазды. Ал АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллердин билдирүүсүнө жооп берген. Буга чейин Миллер чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын айынан Грузия "олуттуу саясий кесепеттерге" тактап айтканда потенциалдуу санкциялар, визалык чектөөлөр жана каржылык жардамды кайра карап чыгууларга дуушар болорун эскерткен. "Грузия бирөөнүн вассалы эмес, башканын кызыкчылыгы үчүн Украинанын тагдырын кайталабайт. Биз бул өлкөнү коргойбуз жана тынчтыкты сактоону каалайбыз", — деди Каладзе. РИА Новости жазгандай, Миллер буга чейин брифинг учурунда Грузиянын ондогон жарандарына АКШга кирүүсүнө чектөө киргизилерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0