00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
1 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Лето, жара и отравления: санэпиднадзор закрывает точки общепита
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өкмөттүн жаңы токтому аза кызматтарынын ишмердүүлүгүн тартипке келтире алабы?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как получить кыргызское гражданство: сроки, документы, нюансы
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калктын ден соолугун чыңдоо үчүн тамекиге акциздик салыкты көбөйтүү каралууда
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыкты — эмнелер камтылды?
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
3D и лазеры против времени: археологи изучают тюркское наследие
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
Өкмөттүн жаңы токтому аза кызматтарынын ишмердүүлүгүн тартипке келтире алабы?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От купальника до буйка: гид по выживанию на Иссык-Куле летом
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Бакен Кыдыкееваны музасына айлантып, мыкты спектаклдерди жараткан Ажыгабыл Айдаркулов
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:06
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Чырпыктыдан дүйнөгө кеткен жол — калыстыкты, машыктыруучулукту катырган Рыскулбек Эгеев
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Конец «зелёной книге»? Депутаты ужесточают правила для застройщиков
20:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
Өкмөттүн жаңы токтому аза кызматтарынын ишмердүүлүгүн тартипке келтире алабы?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо максатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоору менен бир катар кодекстерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Маселен, Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуу ишкердикке тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы 338-берененин 1-пункту менен толукталууда. Ишкерликтерди мыйзамсыз текшерүүгө айыпты 10 миңден 15 миңге көбөйтүү сунушталууда. Мамлекет башчы ишкерлерди негизсиз камоодон коргоо үчүн электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы сыяктуу бөгөт чараларын колдонууну сунуштаган.
*Жогорку Кеңештин депутаттары студенттерге жеңилдетилген кредит берүүнү сунуштады. Мындай мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү депутаттар Аида Исатбек кызы, Дастан Бекешев жана Сеидбек Атамбаев демилгелеген. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде ЖОЖдо окуу кымбат болгондуктан көптөр үчүн окуунун бюджеттик формасына өтүү билим алуунун бирден-бир жолу болуп, бирок ага орундар чектелүү экени жазылган. Ал эми насыя алуу кымбаттыгы айтылган. Мындан улам студенттерге жеңилдетилген кредит берүү нормасы киргизилүүдө. Каражат кредит алуучунун окуусуна, жашоосуна, тамак-ашына, адабияттарды сатып алуусуна керектелери белгиленген. Өзгөчөлүгү — насыянын негизги суммасы окууну бүткөндөн кийин төлөнүшү зарыл.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сузак районундагы желекти өрттөгөн окуя боюнча комментарий берди. Муфтият жарандарды өлкөнүн мамлекеттик символдорун аздектеп, кадырлоого чакырды. Ошондой эле башкармалык кыргызстандыктарды чагымчылыкка алдырбоого үндөдү. Эскерте кетсек, Сузактын Бек-Абад айылындагы эки мектептин үстүндөгү желекти 30-майда белгисиз бирөөлөр өрттөп, ордуна арабчага окшош жазуусу бар ак чүпүрөктү илип кеткен. Ошондой эле желек айыл өкмөттүн имаратына дагы илинген. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
АКШ Грузияга чет элдик агенттер боюнча мыйзамдан улам визалык чектөөлөрдү токтоосуз киргизет. Бул туурасында Мамдепартаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер айтканын РИА НОВОСТИ жазды. Мамдепартаменттин өкүлү Кошмо Штаттар Тбилисинин демократиялык жолдон кыйгап өтүп, Грузиядагы жарандык коомчулукту кооптуулукка кептеп жатат деп түйшөлүп жатканын айткан. "Биздин мамилелерди кайра карап чыгууну баштадык жана Грузия өкмөтүнүн бул кадамдарына кандай жооп берүүнү да кароодобуз", — деген Миллер. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Грузия менен ар тараптуу кызматташууну карап чыгарын жана визалык чектөөлөрдү киргизерин айткан эле. Дүйшөмбү күнү Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили алардын президенти Саломе Зурабишвили чет элдик агенттер боюнча мыйзамга кол коюудан баш тарткандан кийин ал милдетти өзүнө алган. Эми аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги эки айда каржылоосунун 20 пайыздан ашыгы сырттан жасалган бейөкмөт уюмдар менен ЖМКлардын электрондук порталын түзөт. Алар 2023-жылдагы каржысын декларациялап жана каттоодон өтүшү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0