00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Түптө ийне жана жазы жалбырактуу бактардын 332 миң түп көчөтү тигилетМордовия Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирдиПрезидент Садыр Жапаров аялзатын Энелер күнү менен куттуктады алдыда кененирээкӨлкө башчысы кыргызстандык энелерди майрамы менен куттуктады. “Биз дүйнөнү энелерибиздин бешик ыры менен тааныйбыз. “Ыңаалап” жарык дүйнөгө келгенден тарта ак сүтүн арнап берип, түн уйкусун үч бөлүп үстүңө көпөлөктөй айланып, кара жанын карч уруп жүрүп торолткон энелерге жан курман! Кыргыз элинде тоо томкорор баатыр болсо дагы акыркы деминде эне деген ыйык ысымды оозанат”, - деди Жапаров. Президент жаштар эң алды энени терең урматтаган адамдык улуу сапатка ээ болушу керектигин кошумчалады. Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum" эл аралык экономикалык форумунун жүрүшүндө Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Мордовия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Касымалиев Кыргызстан Россиянын аймактары, анын ичинде Мордовия менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айткан. Здунов Мордовия Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин белгилеп, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана фармацевтика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.Жыйынтыгында тараптар сүйлөшүлгөн бардык маселелер боюнча диалогду улантуу жана тереңдетүү боюнча макулдашышкан.
Түп токой чарбасы Каркыра токоюнун Ак-Сай тилкесинде жашылдандыруу акциясын баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.ӨКМге караштуу Токой кызматы бул аймактагы 300 гектар аянтка бак-дарак тигерин белгиленди. Анда ийне жана жазы жалбырактуу бактардын 332 миң түп көчөттөрүн отургузуу пландалууда. "Токой кызматы " Жашыл Кыргызстан" акциясын ийгиликтүү өткөрүү үчүн Түп токой чарбасына бак тигүүгө жардам берүүгө Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 13 токой чарбасын жумушка тартты. Мындан сырткары, президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү, "Кумтөр голд компани", эл аралык уюмдар катышат", — деп айтылат министрликтин маалыматында. Ошондой эле бул жылы республика боюнча токой чарбалардагы 1,5 миң гектардан ашык аянтта бак-дарак отургузуларын кошумчалашты.
Өлкөнүн бардык аймактарында кечээ "Музей түнү" акциялары өттү. Алардын башкысы Улуттук Тарых музейинде болуп, бир эле учурда 50гө чукул иш-чара уюштурулду.Программада өтө кызыктуу кылып түзүлгөн, "Манас" эпосун айтуудан тарта улуттук кийимдердин көргөзмөлөрү, ар кыл мастер класстар өттү. Иш-чаранын бир бөлүгү орустун улуу акыны Александр Пушкинге арналды. Аны Бишкектеги "Русский дом" уюштурду. Программада "А.С. Пушкиндин сыйкырдуу жомоктору", "Александр Пушкиндин жомок дүйнөсү" деп аталган иллюстрациялар, викторина уюштурулуп, "Пушкин жана … Михайловское" мультфильми тартууланды.Эске салсак, быйыл Россия президенти Владимир Путин Александр Пушкиндин 225 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0