00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Салык органдарында бирдиктүү терезелердин ишинин сапатын баалоо боюнча онлайн-сервис ишке кирүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Билдирмеге караганда, бул — салык төлөөчүлөр үчүн тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында жасалган аракет. "Эми салык төлөөчүлөр кызматтардын сапаты боюнча пикир калтыра алышат. Ал үчүн салык органдарында жайгаштырылган QR-кодду сканерлеп, 5 баллдык көрсөткүч боюнча баалоо керек. Эгер оң бааңызды бере турган болсоңуз терезенин тейлөө номерин, салык органына барган күнүн жана убактысын көрсөтүү менен комментарий калтыра аласыз. Терс баа бере турсаңыз себептердин тизмесинен бир же бир нече вариантты тандайсыз. Маселен, кызматкерлердин компетентсиздиги же оройлугу, узакка тейлөө же кезек күтүү, кызматкерлердин телефонго алаксуусу жана башка факторлорду тандап басасыз", — деп жазылат кабарда.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору жаратылышка чыгуу жан дүйнөнү да, дене бойду да эс алдыруунун мыкты түрү экенин белгилеп, бирок мындайда коопсуздукту эске алуу зарылдыгын эскертти. Борбор эс алуучуларды бир катар эрежелерди сактоого чакырган. жаратылыш койнуна ачык кийимдерди кийип баруудан алыс болуңуз. Бутту, колду толук жапкан спорттук кийимдер ыңгайлуу келип, кенеден да сактайт; кумурсканын уюгу, аарынын уясы сыяктуу жайларды кылдат карап, алардан алыс болуу керек; эс алууга балдар менен барганда аларды кароосуз калтырбагыла. Өзгөчө суу жээгине барганда коопсуздукту катуу сактоо эскертилет; токойдогу түрдүү мөмө-чөмө, козу карындарды үзүп, терип жебегиле. Алар уулуу болуп калышы мүмкүн. көлмөдөгү сууну ичпегиле; уруксат берилбеген, сизге тааныш эмес болгон көлмөлөргө түшпөгүлө; алкоголду ашыкча ичпегиле.
Грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жузупбеков Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Спортчу Стамбулда болгон дүйнөлүк квалификациялык турнирге катышкан. Үзүр килемде 97 килограмм салмакта беттешип, кармашты 1/16 баскычынан баштаган. Алгач болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи күрөшүндө хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырган. Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште германиялык спортчуну 8:6 эсеби менен жеңген. Ушуну менен Олимпиада оюндарына лицензия алган кыргызстандыктардан саны 10 болду.
Бала начар уктап, түнт боло баштаса мектептен ыдык көрө баштаган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык психикалык борбордун адиси, психолог Людмила Новиченок Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, ыдык көрсөтүү психологиялык агрессиядан башталып, кибербуллингге чейин жетиши ыктымал. Буллинг — бул татаал жана олуттуу көрүнүш. Бала басмырлоонун , шылдыңдын курмандыгы болуп калганын өз убагында түшүнүү маанилүү. Көбү ата-энесине көйгөйүн айта бербейт, бирок жүрүм-турумунда өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Адис өспүрүмдөрдүн көйгөлөрүнүн көпчүлүгү убагында көңүл бурулбагандыктан келип чыгарын, майда-барат нерселерге да "эч нерсе болбойт" деп кайдыгер мамиле жасоого болбой турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0